Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кан жыттанган бакыт 3 бөлүм 

 

 

Аэропорттон чыккан машина туз эле шаарга карап зуулдап жоноду. Борбор калаанын кочолорун ушунчалык сагыныптыр. Нурпери терезени тушуруп колун чыгарды. 10 жыл. Откон бул жылдар ичинде эми гана кайра келип олтурат. Коп нерсе озгоргондой, шаарга жаны имараттар тушуп, кочолорго жарыктар коюлуп тун ичинде да шаар жапжарык болуп турат. Чон дарбазанын алдына келген машина сигнал берди, дарбаза ачылып ичкери кирип токтогон машинадан тушкон Бекжанды бул жактан дайындап жургон кызматчысы тосуп алды. Уй эки кабат болуп салынып айланасы бийик дубал менен курчалыптыр. Уй алдында кичинекей кооздолуп салынган фонтан, айланысы жашыл газон,уйдун арт жагында чакан бакча бар экен. Мыкты табит менен курулган уй. Бекжан аялынын ийинене колун коюп:

-Уй жактыбы жаным, жур ичкери кирели,- деди да алдыга жол баштап кирди.

-Сонун, — деп жылмайып артынан ээрчип кирди Нурпери.

Сырттан караган адамга идеалдуу уй-було. Нурпери дуйнодогу эн бактылуу аял. Козун карап суйгон жолдошу, уул — кызы бар. Бардар турмушта жашап, колунда кызматчылар. Бирок, бирок озун эч бактылуу сезе албай койду. Конулундо дайым кыжаалатчылык жашап, жада калса тынч деле уктай албай келет. Тушуно бирде жоопкерчиликтен коркуп таштай качкан кызы ыйлап кирсе. Бирде озун капа болуп, ызаа-таарыныч толгон коздору менен караган Алмаз кирет. Баш тартып кеткен наристесинин алдындагы куноосун кантип кандай жол менен жууп салаарын билбейт. Андан кийин торогон кызына, уулуна деле жетиштуу конул болуп остурбоду. Анткени колуна алса же буларды эркелетсе эле озун куноолу сезип, биринчи кызына бере албаган мээримди кийинки балдарына да ыраа корбой, ал кызы ала албаган мээримди башка бироого берууга акысы жоктой ичинен озун жеп жемелеп гана жашап журот.

Бекжан уй-булоосу менен шаарга кочуп келген сон бир жумадан сон жумушуна чыкты. Бул жакта дайындап кеткен, эски жумуштарын текшерип кабинетте олтурган. Ангыча эшик тыкылдап сырттан Султаналы Борубаевич жигиттери менен кирип келди.

-Уруксатпы мырза?

Султаналыны коргон Бекжан ордунан туруп басып келип кучакташып корушту.

-Келиниз Султаналы Борубаевич! — деген Бекжан колу менен чон болмонун торундо жайгашкан жумшак диванды коргозуп жол баштады. Экоо олтурганда Султаналы жигиттерине баш ийкеп койду эле, эки жан сакчысы сыртка чыгып кетишти. Бул дегени сыртта куткуло дегени эле. Бекжан катчы кызга кофе айттырды да. Султаналыга мандайлаш бутун кайчылаштыра олтурду.

-Кандайсын анан жакшы жайгашып алдынарбы? Уйун конулдогудой бутуптурбу?

-Рахмат Султаналы Борубаевич, мен куткондон да жогорку денгээлде. Айрыкча келинчегиме аябай жакты.

-Кубанычтамын сага жакканына. Биротоло келдин го эми?

-Ооба буйруса биротоло кочуп келдик. Иштерибиз эмне болуп жатат байке? -деген Бекжан кофеден ууртап Султаналыга карады.

-Журуп жатат баары ойдогудай, бирок сенин озундун ордун башка да Бекжан. Сен дайындаган адамдар менен чек ара бир аз маселе болуп жатат. Мурункудай чон олчомдо товар откорбой калдым, — деди Султаналы.

-Мурункудай кайра иштешебиз деп ойлойм. Бекжан Борубаевичти карап жылмайып койду.

— Анын устуно кайра эле оз жумушума келбедимби. Демек чек ара маселесин оз мойнума алам.

-Баракелде?! Сенин ушул сапатынды баалайм да Бекжан.

Султанады кубанганын жашырган жок. Анткени Бекжан кеткенден бери башка олкого товар чыгаруусу бир кыйла солгундай тушкон. Мурда иштешип жургон Баратов менен да мамилеси бузулуп турган чагы. Ал эми шаарга кайра Бекжанды баш прокурор болуп келиши Султаналыга коктон издегени жерден табылгандай кубантты.

-Бекжан, менде ой пайда болду. Бугун кечкиге бир жерге уй-булообуз менен чогулуп таанышып дегендей олтурсак дегем. Анын устуно таанышып да алышат, уй-булоолук карым-катнашта болобуз.

-Кошулам созунузго, сиздерди уйго чакырайын деп жаткам, уй-булоом менен тааныштырганы. Эртен кечки тамака келсениздер.

-Болду иним! Калган созду анда кененирээк эртен кенешебиз.

Ордуларынан козголуп Бекжан Султаналыны эшик оозуна чейин узатып келди.

Эртеси Нурпери уйдо конокторду тосконго даярдык коруп журду. Адатта оз болмосунон чыкпай, качан гана коноктор келгенде тушкон кожойкеси бугун озу ашканада жардамдашып жургонун коруп кызматкерлери бир эсе тан калып коюшту. Столдун жасалгаланган идиш, сервировкадан, жер жемиштерден бери конул коюп озу тандап койдуртту. Негедир конулу ачылып жайдары болуп, суйлогон адамга кулуп жооп берип жаткан апасын коруп балдары да тан калбай койгон жок. Ар дайым жузу муздак болуп, уйрулуп тушуп эч качан эркелетпеген апасы бугун кызы Жылдызды мандайынан ооп ойготту. Нурпери учун бул кун озгочо сезилип, журогунун туркурун бир башкача кубаныч ээлеп турду.

Кечке жуук Сулатаналы уй-булоосу менен коноко даярданып жатышты. Уйдун алдындагы токтоп турган машинанын жанында Али эшикти ачып кутуп турду. Бугун жон гана коноко барышкандыктан айдоочу болуп Али барат эле. Алгач эле кызы Ханайым чыкты. Алмаз ушул кызды коргондо журогун озгочо сезим аралап отот. Башкача мээрим же тартылуу сыяктуу жылуулук денесин каптап отуп жылмайып коет. Кыздын эрке тартынбаган бае мунозу, кимдидир эсине салып ойлоно калат. Султаналы менен жубайы Жибек да чыгышып, Али машинаны жургузуп короодон чыгып кетишти. Артынан дагы бир машинада эки жан сакчысы ээрчип баратты. Жол катар Ханайым атасына эркелеп, кыткылыктап шандуу. Кузгудон карап койду Али. Чакырган адамдын уйу шаардын анча алыс эмес чакан жердеги жалан чиновник, мансаптуу адамдар жашаган конушта экен. Хансарайдай болуп катарынан салынган уйлорду аралап отуп баратып Али ойлоно кетти. «Бул жерде карапайым жон адам жашабасы анык. Жок эле дегенде парламенттеги депутат же министрлер. Же болбосо алардын дос-туугандары. Жогорку жакта олтурушуп элдин акысына мынтип кооп уй салып, анан олкону онуктуруу керектигин тынбай сайраган депутат министрлердин жашоо шарты! Кудум жомок! Мына эмне учун баары жан талашып бийлике умтулат?! Корсо алдында мынандай жомок жашоо турган туура. Мындай бейиш жашоодо баарынын эле жашагысы келет да.»-деп ойлонуп келгиче белгиленген дареке келип калышты. Айланасы бийик дубал менен курчалып, мыктап салынган эки кабатту аппак уй. Ичкери киргенде эле козго урунуп жаркырап куйгон прожекторлор уйду ансайын кооз корсотуп турат.» Бул деле Султаналыдан кем адам эмес экени корунуп турат» — деди ичинде Али. Машинаны токтотуп эшикти ачып колдорун алдыга коюп туруп калды Али. Уй тараптан бою орточо узундукта ак жуздуу адам тосуп чыкты. Андан ары жагында узун койнок кийип, шынга бойлуу келиндин эки баласын эки жагына коюп турган карааны корунду. Алинин журогу негедир башкача согуп дукулдоп кетти. Ошол жака кадамы тартып, баргысы келди. Алыстан эле корунгон аялдын карааны ушунчалык журогуно жакындай сезилип кокурогу кымгуут тушуп тызылдап кетти. «Бул эмнеси, тообо?! Ушундай да болот бекен?» — деп оз ичинен озуно тан калып турду. Ызылдап кирип баратышкан адамдардын ичинде озуно эн жакын, озунун эн кымбат адамдары, бул дуйнодо жашап жатканына себепчи болгон, алга суроп келген, ушунча жылдан бери издеген аялы жана кызы экенин билген да жок. Ичкериде конокторду тосуп алган Нурпери да Ханайымды коргондо башкача боло тушту. Кудум озунун кичине убагын кузгудон коргондой сезимге кабылды. Коздору жымындап, жылуу сезилди. Бир убактарда тагдырдын жазмышы же балким Алинин кетирген куноосунон улам чачырап кеткен бул уй-булоо бугун мынтип кайра эле тагдырдын оюну менен бир жерге чогулуп калышты. Муну эч ким, сыртта турган Али да, ичкериде бири оз кызы экенин билбей чачынан сылаган, жанында тороп эле таштап качкан апасы олтурганын билбеген кызы да бул чындыкты билишкен жок.

 

 

Баары корушуп, Бекжан уй-булоосу менен тааныштырды. Залдагы усту туркун тамактар менен жасалган чон столго келип олтурушту баары. Нурпери козу менен Ханайымды карап алып жатканын озу да билбей калып жатты. Улам кулгондо жузуно пайда боло калган уячаларын коруп, озунун жузуно колун тийгизип койду. Анткени Нурпериде да кудум ушундай уячалар бар болчу. Тамактанып жатканда Ханайымдын он кол менен кыйналып жатканын сезди. Озу да сол кол болгонго кыздын ынгайсыз болгонун дароо байкады. Мончоктой болгон коздору да тааныштай. Нурпери озун башкача сезип, ушул кичинекей кызга улам тартыла берди. Жакындан таанышкысы, суйлошкусу келип турду. Кантсе да эне журогу сезет окшобойбу? Тамактанып болушкан сон балдар биринчи кабаттагы чоон айнектери бар атайы балдар ойноочу болмого келишти. Жылдыз менен Арген Ханайымга оздорунун оюнчук, буюмдарын берип ынтымактуу болуп кетишти. Жогорку кабатта чондор оздорунчо суйлошуп олтурушту. Озу бул жерде олтурганы менен Нурпери оюнун баары биринчи кабатта эле. Негедир ошол жака тушкусу келип, тыбырчылап жанындагы жолдошу суйлогон создун да укпай калды.

-Нурпери- Бекжан аялынын колун кармады.

Нурпери чочуп кетти.

-Баары жакшыбы жаным? — тынчсыздана акырын сурады. Себеби аялынын колу титиреп жаткан болчу. Ал дайым толкунданганда ушундай колдору титирейт эле.

-Ооба, баары жакшы. Мен балдардан кабар алып келейин.

Шаша ордунан туруп биринчи кабатка тушуп кетти. Колуна жемиштен жасалган суусундук которуп балдары олтураган болмого баш бакты. Ханайымды тиктеп турду. Ар кандай карандаш, боекторду кармап алып сол колу менен сурот тартып олтуруптур. Жанына басып келип олтурду.

-Сурот тартканды жакшы коросунбу? Уну ушунчалык мээримдуу чыкты.

-Ооба аябай. Ханайым кулуп койду.

-Кел сага жардамдашам. Экообуз тартабыз.

Нурпери кызыга жанына олтурду.

-Мен да сендей убагымда коп сурот тартчумун.

-Анан кийин суротчу болдунузбу?

Озун карап турган бул коздорду коруп журогу солк этти. Мончоктой тегерек капкара коздор! Каерде коргон эле бул каректерди эстей албай койду. Эстегиси деле келбеди. Анткени ушул муноттордо озун бактылуу сезип, журогу болуп корбогондой тынчтыкка чомулуп турду.

-Жоок, кийин тартпай калдым, — деди Нурпери акырын. Отмушун унутканда сурот тартууну да унуткан болчу. Алмаз экоо сурот тартып жарышып ойношчу. Аргасыз эстеп кетти «Кайра тартпайм» — деп соз берген эле. Бирок азыр Ханайымды карап негедир тарткысы келди.

-Уйдон жалгыз озуммун, мамам да сурот тарта албайт. А баса бизге жаны айдоочу келген Али байке. Ошол экообуз бакчада тартабыз, ал жакшы тартат, мага уйротуп жатат, — деди мактана кыз божурап.

Эне кыздын эн алгачкы жолугуусу болчу бул. Озуно куюп койгондой окшоштуктар турса да Нурперинин оюна да келбейт болчу бул кыз озунун кызы экендиги.

Сыртта турган Али негедир ичкериге тартыла берди. Баягы алыстан коргон узун койнок кийген караанды жанынан коргусу келди. Озуно озу тан кала «тообо» — деп алды. Кандайдыр бир куч, же сыйкыр буттарын алга суйроп уй жака жетелей берди. Кудум азыр кирип барса баалуу нерсе таап алчудай же журогу кубана турган бакыт корчудой тартылды. Канчалык кирип баргысы келип турса да, «мумкун эмес» — деген эрежеге кармалып тушалып тургандай. Бир кездери саткын командасынан улам камалып кеткен ата, жалгыз калгандан коркуп жоопкерчиликтен качкан эне, алардын момосу болуп калган кыз, бул бир уй-булоо бир жерге чогулуп турганын Жараткандан башка эч ким билбейт эле. Акыры «эмне болсо болсун» — деп ишенимдуу кадам таштап уй жака бара жатты. Улам уйго жакындаган сайын денесин майда калтырак басып, бир башкача сурдоп жатты. Уйго жетип бирок кирбей, жалан айнек менен тосулган биринчи кабаттагы болмодо балдардын олтурганын корду. Парданы суруп койгонго ичиндегилер кадимкидей корунуп турат. Ханайымды корду. Кыткылыктап сурот тартып олтурган экен. Али жылмайып алды. Ушул наристенин кулгонуно эле бактылуу болуп кетчу. Бир убакта жанагы узун койнокчон аял кыздын чачынан сылап жанына олтурду. Кантип?! Али бироо башка чаап жибергендей тенселе тушту. Ушунчалык да окшош болобу? Жоок?! Окшош эмей эле даана озу?! Нурпери да! Арадан мин жылдар отсо да Али бул коздорду, бул жузду эч качан унутпас! Бир аз эле озгоро тушкону болбосо кудум ошондогудай, жапжаш, супсулуу. Ханайымдын колун кармап сурот тартып жатыптыр. Алгач ирет экоо таанышканда да ушинтип сурот тартып жаткан жеринен коргон эле. Али кубанып кетти. «Нурпери? !» — деп шыбырап алды. Азыр жетип кирип кучактагысы келип эми чуркайын деп барып токтоду. Ал озун азыр кайжерде турганын унуткан сыяктуу. Айлананы карап эми гана эсине келе тушту. «Болушу мумкун эмес?! Нурпери ушул уйдун кожоюнунун жубайы! Кантип? Кантип мени унутуп кетти? Кантип берген антын чанып кетти? Баласычы, ичиндеги баласы кайда? Эмне кылды экен? Же тиги балдардын арасында журобу? Жоок алар кичине да. Ханайым!» Али Нурпери менен Ханайымдын окшош болуп олтургандарын карап турду. Экоонун кулгону, жада калса сол кол менен тартып жатканы да коендой опокшош. Алинин башы жарылып кетчудой чымырап чыкты. Артка кетенчиктеп барып , шашыла машинага келип олтура калды. Азыр гана коргону ону же тушу экенин тушунбой башы катты. «Эгер ал чын эле Нурпери болсо, анда баласы кайда? Ханайым кызы болуусу мумкун эмес! Жоо-жоок! Ал Султаналы Борубаевичтин жалгыз кызы эмеспи? Нурпери кантип бул жерде болуп калды?» айтор эч нерсеге акылы жетпей турду. Баары чаташып кеткен сыяктуу.

Ичкериде Нурпери менен Ханайым бат эле тил табышып ынтымактуу болуп кетишти. Нурперинин кызы аларды козунун кыйыгы менен карап турду. Апасын эч качан мынчалык жайдары коргон эмес болчу. Кулсо аябай сулуу болуп кетет экен. Бир убакта Ханайым олтурган жеринде Нурперини кучактап алды. Келин алгач чоочуп кетсе, кичинекей колдору менен озун кучактап турган бул кызга ичи эзиле тушту. Колдору менен чачын сылап бооруна кысты. Азыр ушул таптагы, Нурпери туюп жаткан бул сезимди соз менен жеткире алгыс! Журогу эч качан мынчалык тынч болбогон экен. Кызын, уулун бооруна алганда да мындай балкыган эмес, тескерисинче жараасы ачыштырып ооруган. Ал эми азыр ошол жараага даары сепкендей жагымдуу боло тушту коодону. Коздорун жумуп жибергенин озу да билбей калды. Жылдыз апасы озун эч качан мындай мээрим менен бооруна кыспаганын эстеди. Колундагы буюмун ыргыта болмодон чыгып кетти. «Тарс»- эткен ундон озуно келе тушкон Нурпери Ханайымды кое берди. Ары жакта озун тан калган коздор менен тиктеп турган уулу Аргенди коруп ынгайсыз боло Жылдыздын артынан чыкты. Болмосуно кирип тултуюп олтураган Жылдыз апасы киргенде ары карап алды.

-Жылдызым менин!

Нурпери кызынын чачын сылап жумшак суйлоду. Апасынын ушул эле созуно, ушул эле мээримине суусап жургон кыз Нурперинин кучагына бой таштады.

-Сени кызганып кетпедимби?

Ый аралаш суйлогон кызын мурдунан чымчып койду.

-Тентегим менин! Мен сенин апанмын да.

-Жалгыз менин апамсын, сени эч кимге бербейм!

Кызы катуу кучактап алды. Нурпери селт эте тушту да, акырын гана:

-Ооба кызым жалгыз сенин апанмын, — деди ишенимсиз.

Сыртка тамеки чеккени чыккан Султаналы менен Бекжан бакча тарапка отушту. Али ошол тарапта уйду арт жагынан акмалап, Нурперинин караанын издеп жургон, алардын басып келе жаткан дабышын уга коюп чакан дарактын артына ото калды.

-Бекжан, уй-булообуз менен тааныштырып жакшы кылдык. Балдар да ээрикпей ойноп калышты, — деди тамекисин куйгузуп жатып Султаналы.

-Ооба байке, чын айтасыз. Менин келинчегиме да женем жаккан ондуу. Эми ээрикпей калат. Акыркы кундору Нурпери такыр эле уйдон чыккыс болуп баратты эле, — деп Бекжандын суйлогонун Али угуп турду. Диктофонун чыгарып алардын суйлошуулорун жаздыра баштады.

-Султаналы Борубаевич, товарыныз даяр болуп калдыбы? Ушул апта жонотуп алсак ынгайлуу болуп турат.

-Сен ал жагын бутуруп берсен эле биз даяр. Бул жолу товар сатып аламын. Жигиттер акча менен барышат, Таджикистандан келген товар менен алмаштыруу керек. Сен ошол откоруп жатканда козомол кылып берсен.

-Болду байке, ал маселе эмес да.

Бекжан ишенимдуу каткырып койду.

Тамекисин жерге таштаган Султаналы

-Биз чыгалы баатыр, сыйынды кордук. Эртен эрте мененкиге жолугуу бар.

-Журунуз байке, калганын дагы чалышып кенешебиз.

Бекжан алдыга жол корсотту. Алар уйго бурулганда Али шашыла машина тарапка отуп кетти. Анчыга Султаналы кызын которуп Жибек экоо чыгышты. Ханайым уктап калган экен. Машинаны арт жака буруп кутуп турду Али. Эшик оозунан гана коштошуп Нурпери калып кетти. Али козунун кыйыгы менен карап койгонго жетишти. Машинага чейин узатып келген Бекжанды маани берип карап, жузун эстоого аракет кылды. Тааныш корунгону менен такыр эсине келбеди кайдан коргону. Машина бурулуп короодон чыгып кетти.

Нурперинин азыр эле гулдоп турган ааламынын гулу кубулуп бозоро тушкондой. Эн эле баалуу, аялуу нерсесин тарттырып, жоготуп алгандай дуйносу чакчалекей тушо айласыз калды. Кокурогундогу жылуулукту бироо жула качкандай ээнсиреп, муздак шамал делбире уруп денеси чыйрыга тушту. Кайра эле ошол кунарсыз жашоосу каптап маанайы чого тошогуно баш койду. Ощундогу болгон кубанычы Ханайым менен кетип калгандай шалдырайт. Кайра жле ошол кызды коргусу, кучагына кысып олтургусу келип кетти. Болгону мынчалык тартылуу, мынчалык энсоо эмнеге экенин тушунбой жатты.

 

 

 

***

Али озуно дагы эле толук келбегендей. Оз козу менен коргонун акылы синире албай, журогу менен туйганын мээсине жеткире албай убара. «Эмне кылуу керек? Кандай жол тутса болот? Нурпери менен корушуу керек? Оз оозунан угуш керек болгон чындыкты! » — деген ойлор тынбай башында айланып жатты. Ангыча телефонго келген чалуу оюн бузуп жиберди. Баратов уйуно чакырды. Ансыз да не кылаар айласын таппай атканда Баратовтун чакырганы маселесин женилдеткендей туюлду. Кантип жетип келгенин деле билбейт. Кирип эле:

-Мен аны кордум! — дей салды.

Баратов иштин чоо-жайын болжоп тушунду. Анткени Алинин ону бозоруп, колдору титиреп жаткан болчу.

-Олтурчу, бир аз деминди бас, — деди токтоо Баратов.

-Кантип? Мен кантип тынч олтура алам? Мен аны жылдар бою кутподумбу? Издебедимби? Ал болсо бир чириген байга тийип алып, мени жон гана унутуп салыптыр! Мени макул, бирок анын ичинде менин балам калган болчу, ал кайда калды? Мени мына ушул суроо туйшолтту!

Алинин коздорунон жаалы чачырап, ушул азыр алдына Бекжанды салып берсе жанчып койгонго даяр турду.

-Баланды да табабыз Али. А сен билесинби анын жолдошу ким экенин?

-Ким? — деп озун суроолуу карап турган Алиге жылмайып койду да, тамекисин алып чыгып куйгузду. «Олтур» — деп башы менен ишаарат кыла мандайындагы олтургучту коргозду. Али унчукпай олтуруп жооп кутуп турду. Баратов шашпай тамекисин тартып, анын тутунун кокко карай ырахат менен уйлоп алды да Алиге карай:

-Бекжан Акимович! Бул ысымды эстейсинби? — деди.

Али канчалык аракет кылганы менен оюна эч нерсе келбеди.

-Жоок!

-Анда угуп тур. Бекжан Акимович азыркы учурда шаардык прократуранын баш прокурору. Ал эми 10 жыл мурун дал сенин ишинди алып барган жаш прокурор жигит!

-Кантип?

Али эми гана Бекжандын жузун эстеди. Ооба ошол сот залында, озун болушунча каралап, соттон Алиге дагы кобуроок жыл беруусун отунуп сураган жигитти эми эстеди. Ал ошол убакта оз созундо «Мыйзамга каршы товар ташып жатканы аз келгенсип, биздин бир кызматкерди ок атышуу учурунда олтурду, анын балдары жетим калды! Адилетту чечим чыгарып беруунузду суранабыз» — деп какшаган эле. «Корсооо, иштин баары бул жакта турбайбы? Ал менин аялыма коз артып мени болгон кучу менен турмого тыгууга аракет жасаган экен да!» Алинин кыжыры кайнап, муштуму туйуло тушту.

-Мен сени олтуром! — деди.

-Озунду карма! Бул сен ойлогончолук женил иш эмес эгер билсен. Бекжанды план менен жоготобуз. Анын устуно сени ошол убакта узак убака абакта кармагандарынын себеби да дал ушул Бекжан.

-Нурпери кантип ушул жолго барды. Мен аны тааный албай турам. Же мен жакшы билбейт белем аялымды? Эн негизгиси баламды табуум керек. Эгер алдырып салбаган болсо эле, — деди Али уну каргылданып.

-Сен ал жагын ойлобо, мен озум териштируу иштерин алып барам. Созсуз табабыз баланды. Бизге азыр план керек. Бекжанды дал Султаналынын колу менен жок кылуубуз керек. Анан Султаналыны жолумдан алып кою оной эле иш. Ошондо мен да, сен да оз максаттарыбызга жетебиз.

Али Баратовтун создорун эп корду. Анткени ал азыр куч менен эч нерсени чече албасын тушунуп турду. Эн негизгиси баласы жонундо билуу керек. «Оо кудай балам аман болсун! Кайда болсо да сактай кор! Жубайымдан ажырап калдым, эми ошол жалгыз канымдан жаралаган балам аман болсун!» -деп жалбарып жиберди.

-Али, азыр эми сен Султаналынын ишенимине кируун керек. Ал сени озу менен кошо бардык иштерине ээрчитип барганга чейин кируун керек. Ошондо гана сокку берип баштайбыз. — деди Баратов.

Али жана озу диктофонго жаздырып алган Бекжан менен Султаналынын создорун Баратовго угузду.

-Баракелде! Чон ишке жарадын. Менде план бар, — деп жылмайды Баратов.

Эми Алиге баары бир болчу. Ал озу бир убакта Бекжан салган капкандан чыгуу учун, Бекжан тартып алган бакытын кайтарып алуу учун баарына даяр эле. Керек болсо кан тогууго да даяр турду. Баратов кудум ушундай болуусун куткон. Анткени экоонун душманы бир.

 

 

 

***

Али ошол кундон баштап Султаналыны изилдегенге толугу менен киришти. Анын кайда барып кимдер менен жолугушту жана жолугушуулары эмне жонундо болгонун токпой чачпай Баратовко кабарлап жатты. Анын оюн ошол учурдан тартып Нурпери жана белгисиз баласы ээлеп алды.

Баратовтун планы менен алар Султаналы товар откоргон куну ошол жерден акчаны же товарды алып качуу эле. Баратов болгон мыкты жигиттерин даярдап, тапшырма берди. Алар буйрукту гана кутуп турушту. Бир куну бакчада Али Ханайым менен сурот тартып олтурган.

-Али байке, карасан мен туну мына бул суротту тарттым, озум.

Ханайым тарткан суротторун мактанып корсотуп жатты. Али бул кыздын жанында олтурса, ушул наристе менен ойносо кадимкидей дили тазарып, азыр эле ойлорун каптап турган кара булуттар сурулуп конулуно кун ачылгандай жаркый тушот.

-Сенин колун конуп баратат э?

Ханайым тарткан суротторду колуна алып коруп жатты. Бир убакта алардын жанына Султаналы басып келди. Кызы менен Алинин ушунчалык жакын болуп кеткени алгач коркутуп жатса, убакыт отуп Алинин кызына эч кандай терс таасири жок экенин коруп тим койгон. Себеби Ханайым да бул айдоочусуна конуп калган, дайым издеп «Али байке менен сурот тартам, Али байке мектептен алып кетсин» — деп турат.

-Кана менин ханыша кызым эмнелерди тартты?

-Атакее, карасан мен уйронуп калдым.

Али шефинин келгенин коро ордунан тура калды эле Султаналы колу менен «олтура бер»- дегендей жансап койду. Эми гана кызынын жанына олтурганда телефонуна чалуу келди.

-Да, угуп жатам.

Телефонду которгон Султаналы бурк этти.

Али озу кыз менен суйлошуп жатканы менен болгон ою Султаналынын создорундо эле.

-Ооба бугун кечинде жолго чыккыла. Эртен тундосу алып келишет, чек арадан алмашасынар.

Султаналы суйлоп жатып, ордунан туруп бир аз ары карай басты.

-Чек арадагы айыл четиндеги бак менен барасынар. Макул, дагы байланышып кабарынарды берип тургула.

Султаналы телефонду очуруп, дагы кимлир бироого чалып жатты.

-Алло, Бекжан. Мен жигиттер менен суйлоштум. Бугун кечинде жолго чыгышса, эртен тундосу дайымкы чек арадагы айылдын багынан кезигишет.

Али баардык созун кунт кое укту да, Султаналы ичкери кирип кетери менен Баратовко чалып кабар берди. Баратов ушуну эле кутуп турган эле. Дайындап жургон беш жигитти дароо эле Али айткан чек ара аймагына жиберди.

Кун кечтеп, айлана куугум тартып баратты. Султаналынын 4 жигити, белгиленген жерге жетерде машинаны жол жээгиндеги бакка киргизе токтотушту да андан ары карай оздору жоо кетишти. Анткени машина менен чек арага баруу кооптуу болчу. Жигиттердин шамдагай басып, шыпылдап бараткандарына караганда бул биринчи жолкусу эместей. Чакан токой сыяктуу калын бакты карангыда билгендей жолдон адашпай бара жатышты. Ортодогу жигит кара чакан дипломат которуп алган. Алдында бироо, артында экоо дабыш алдырбай келе жатышты. Мына чек арага детип келишти, келишим боюнча чек аранын ары бетинде дагы 4 жигит кудум оздорундой болуп чакан дипломат которуп кутуп турушуптур. Так эле ушул жерде обочораак туруп Баратовтун жигиттери, орган кызматкерлеринин кийимин кийип кутуп турушкан эле. Эми гана жетип товарды алмашаарда, кайдан экени белгисиз 5 орган кызматкерлери келе калышты. Султаналынын жигиттери ок чыгарып, заматта калын бактын жаны тарсылдак ундорго толуп, айлананы кок тутун ээлеп чыкты. Таджикистандан келген жигиттер кайра артка качууга улгуруп калышты. Ал эми бул жактагылардан жанагы колуна дипломат кармаган жигит дайынсыз жоголду да, калган бироо ор жаракат алды. Буларга кол салган орган кызматкерлери кандай пайда кудум ошондой заматта жок болушту. Уч жигит болуп откон окуяга толук тушунбой, чын эле органдан кармаштыбы же башка кримдуйно окулдору уюштурган оюнбу билбей калышты. Эн окунучтуусу жана коркунучтуу кабар, товарды да ала алышпай, акчаны да жоготуп жибергендери болду. Жаракат алган жигитти экоо эки жагынан жолоп, артка машинаны токтоткон жерине кайтып келишти. Келип эле машинаны от алдырып артка айдап зуулдап жоношту. «Алгач бул аймактан алыстап алуу керек, андан кийин гана шефке чалып болгон иштен кабардар кылуу зарыл» — деп ойлоп келе жатты ролдогу жигит. Ал эми Баратовтун жигиттери бири да жаракат албай, жанагы колго тушкон жигиттин колу-бутун, оозун байлап машинанын арт жагына жуктоп оздору Баратовко чалып кабар беришти да, атайын даярдап кийген орган кызматкерлеринин кийимин башка кийимге которушуп, жай баракат машинаны от алдырып жоноп кетишти. Баратов оз кабинетинде олтурганда жигиттери чалып «баары жайында» — деген кабар айтышты. Мыйыгынан жылмая колундагы ичимдигин ичти да «эми башталды менин оюнум Борубаевич» — деп койду.

Али Султаналыны жумушунан алып келе жаткан болчу. Султаналынын телефонуна чалуу келип, шашпай алган шефинин ону озгоро бакырып алды.

-Тееез алдыма жетип келгелее?! — деп телефонду ыргыта салды. Кузгудон шефинин онун коруп эле Али оздорунун иши ойдогудай бутконун билди.

 

 

***

Нурпери ошол уйуно Ханайым келип кеткен кундон тарта озгоруло тушту. Басса турса оюнан ошол кыз кетпей кайра жолуккусу келе берди. Эмне шылтоо айтып, кантип жолугуунун амалын издеп таба албай убара. Бир жагынан озуно-озу тан кала «бул эмнеси ыя? Ушундай да болчу беле, оз канымдан жаралган кызым турганда башка бироонун баласына не мынча жармашып жатам?» — деп танданып журду. Баары бир эне журогун алдап кое албайт экен. Сезимдердин эн улуусу, жана кучтуусу эненин балага болгон суйуусу болсо керек. Колуна алып ууз сутун бербесе да, толгоонун азабын тартып, сай соогу сыздап, жарык дуйного алып келген перзенти. Кантсе да канынан жаралган кызы. Ошондуктан Ханбийкеге тартылуусу кучоп, кызды эстегенде кадимкидей кокурогу зыркырап кетет. Акыры Жибеке конгуроо чалып коноко бара жатканын айтып жолго чыкты. Жол катар коодонун жагымдуу кубаныч ээлеп бактылуу баратты. Жолдон магазинге кирип Ханайымга суроттуу китеп, жана ар кандай боек, карандаштын турлорун сатып алды. Борубаевичтин хан сарайынын алдына келип токтогон машина бир аз турган сон, чон темирден ар кандай гулдор тушурулгон калдайган дарбаза ачылды да машина ичкериге кирип токтоду. Нурпери тушуп уйду коруп суктанып алды. Чын эле ото кооз салынган экен. Алдынан Жибек тосуп алды.

-Кел Нурпери, кандай олтурасынар?

Жаркырап чыккан Жибек менен жузунон суйуп корушушту.

-Жакшы эже, уйдо ээригип сиз менен суйлошуп олтурайын деп келгем.

-Ырас келбединби, озум да сага чалып коноко чакырсамбы деп аткам.

Жибек Нурперинин колундагы баштыктарын алып уй тарапка бара жатышты. Нупери козу менен Ханайымды издеп, бирок суроого батына албай баратты. Айланага кылдаттык менен коз жугуртуп жатып кызды коро калды. Мына тээтигинде, бактын тубундо бироо менен сурот тартып олтуруптур.

-Нурпери эжееее?!

Ханайым Нурперини алыстан коро чуркап кетти. Жанында олтурган Али селт эте башын которду. Уй тарапта Нурпери кучак жайып турган экен. Кыз жетип эле мойнунан кучактап алды. Алыстан коз салып карап турган Али оюна келген ойдон озу коркуп кетти. «Жоок, болушу мумкун эмес?! Ханайым менин кызым эмес!» журогу туюп жатса да акылы кагып салды. Анткени бул такыр мумкун эмес иш да.

Жибек кызын Нурперини кучактап алганын коруп ичи элжиреп кетти.

-Капа болбо, кызым ушундай меймандос, — деди тамашалай.

-Жоок, баары жакшы мен да Ханайымды сагынбадымбы.

Нурпери кыздын колдорун бекем кармап алды. Ала келген белектерин кызга корсотту.

Ханайым кубанып коздору жайнап кетти.

-Рахмаат сизге. Тигинде биз Али байке менен сурот тартып жатабыз, — деп колу менен Али олтурган бакча тарапты коргозду.

-Журунуз мен тарткан суротторуму коргозом, — деп колдон тартты эле,Жибек :

-Кызым журу алгач уйго кирели, коноко чай берели анан сыртка чыгабыз, — деп уй жака жол баштады.

Нурпери менен Ханайым жетелешип уйго кирип кетишти. Али журогу дукулдоп кеткен болчу, «азыр Нурпери келип калса эмне кылам?» — деп.

Нурпери кыздын жанына келип кайра журогу тынч алганын сезди. Кудум отконкудой жагымдуу сезим аралап, Жибек менен эмес Ханайым менен коп убакыт откорду. Кыз менен сурот тартышты. Ханайым колунан жетелеп, оз болмосун корсотту. Чачын оруп берди кыздын. Кун кечтеп калганда гана уйуно кетууго камынды. Озуно койсо Ханайым менен журо бергиси келди. Анткени коп жылдар бою айыкпас дартынын дабаасы, эчен жылдан бери кокурок тушундагы оору ушул кыздын жанында жоголуп кетет эле. Дуйносу балкып, озу издеп, самап жургон тынчтык журогун каптап ошол комуп салып, бирок ичинен курттай жеген азабы токтогондой сезилчу. Нурпери кетууго кам уруп сыртка чыкканда Али жаны гана Султаналынын тапшырмасы менен уйдон чыгып кетти. Жигиттерди караган Жибек:

-Али кеткен го, башка жигиттер сени жеткирип коет, — деп башка айдоочуга баш ийкеп буйрук берди. Дароо ал жигит машинаны от алдырып даяр боло калды. Уйдун алдында Ханайым менен копко кучакташып коштошту. Жибектин жузунон суйуп:

-Жакшы олтурунуздар эже, меймандостугунузга рахмат. Сиздерде да коноко барыныздар, — деп машинага олтурду.

Артка кайтып келе жатып дагы ошондой жоготуп алууга окшогон оор сезимге кабылды. Кудум 10 жыл мурун кызын таштап кеткенде кокурогу кандай ачышса азыр да ошондой ачуу ооруу сыздатып жиберди да, Нурпери оор онтоп алды.

Уландысы бар :

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE