Пример HTML-страницы

Таластагы жайлоого Ала-Букадан алынып келинген жылан жийделер отургузулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна жылан жийделер отургузулду. Бул тууралуу эколог Гамал Соронкулов билдирди.

Анын айтымында, анын көчөттөрү Ала-Букадан алынып келинген.

«Жылан жийде (Зизифус (унаби), жожоба, кытай курма) деген аталышы бар бадал өсүмдүктүн көчөттөрүн Ала-Буканын Көк-Ташынан Бакай-Ата районундагы Кара-Коюн жайлоосуна алып келдик. Аларды Кара-Коюн үңкүрүнүн айланасына отургуздук. Жаңы жерде өсүп-өнүп кетсин деген ниет кылдык», — деди ал.

  • Зизифус (унаби) — кытай жийдеси медицинада, косметологияда жана кулинарияда пайдалуу өсүмдүк. Анын даамы курмага окшоп кетет. Анын жемишин дарычылык үчүн жешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE