Пример HTML-страницы

Матраимовдордун Оштогу «Amanat Residence», «Имарат Стиль» жана «Ихластагы» мүлктөрү сатыкка коюлду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бир катар объектилерди аукционго койду.

Буга чейин аталган объекттер Камчы Көлбаевге (Камчы Асанбек), Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райимбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө, мурунку вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин муруку депутаты Аскарбек Шадиевге жана ишкер Борис Сандын үй-бүлөсүнө таандык болгон.

Аталган объеттердин арасында уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө мамлекеттик менчигине өткөндөр да бар.

Аукцион тууралуу маалымат бүгүн, 7-майда жарыяланды. Аукционго коюлган айрым объекттер Ош шаарында жайгашкан. Буга чейин УКМК аталган объекттер Матраимовдун үй-бүлөсүнөн конфискацияланганын билдирген.

— «Имарат стиль» турак жай комплекси. «IMPERIAL» турак жай комплексинин Ош шаарындагы А.Масалиев проспектиси №98 дарегинде курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдөгү турак эмес жайы. Аянты 1400 чарчы метр.

Баштапкы баасы — 149 825 000 сом [Улуттук банктагы учурдагы курс боюнча 1 млн 689 миң 606.37 доллар]. Электрондук аукциондогу кадам — 100 000 сом.

— Ош шаарынын Төлөйкөн кичи району №3Б дарегинде жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын жалпы аянты 5085 чарчы метр болгон турак эмес жайы.

Баштапкы баасы — 682 550 000 сом [Улуттук банктагы учурдагы курс боюнча 7 млн 697 миң 252.31 доллар]. Электрондук аукциондогу кадам —100 000 сом.

— «Amanat Residence» турак жай комплексинин коммерциялык жайлар менен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү аянты 2300,71 чарчы метр болгон турак эмес жайы. Объект Ош шаарынын С.Ибраимов көчөсү №11-1 дарегинде жайгашкан.

Баштапкы баасы — 251 433 092 сом [Улуттук банктагы учурдагы курс боюнча 2 млн 835 миң 461.06 доллар]. Электрондук аукциондогу кадам —100 000 сом.

«Amanat Residence» турак жай комплексин «Аманат Сити» жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, компаниянын жетекчиси — Аширов Айбек Оросбаевич, түзүүчүлөрү — Маматов Мирланбек Үсөнович, Тыныбеков Бектур Миталипович, Макешов Мухамед Кубанычбекович жана Шерматов Асылбек Эсенгелдиевич.

Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу. Компания 2019-жылы 10-сентябрда каттоодон, 2023-жылдын 20-сентябрында кайра каттоодон өткөн.

Аукционго башка объекттер да коюлду.

Буга чейин Turmush Райимбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн Кара-Суудагы 26 мүлкү камакка алынганын жазган. Алардын арасында эң чоң мечиттердин бири бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE