Пример HTML-страницы

Чүй облусунда мыйзамсыз курулган объекттердин ээлерине жана соода жүргүзгөндөргө айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунда жол жээгине мыйзамсыз курулган объекттердин ээлерине жана соода жүргүзгөндөргө айып пул салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү органдар тарабынан Бишкек—Алмата—Ташкент жолунун 232-чакырымынан 238-чакырымына чейин жол жээгиндеги курулуштарды, башаламан соода-сатыктарды иретке келтирүү жана унаа тыгындарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өттү.

Анын жүрүшүндө жол жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жана курулуш курган жарандар аныкталып, аларга Укук буузулар жөнүндө кодексинин 179-беренисине (автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) ылайык 3000 сомдон айып пул салынып, протоколдор түзүлдү.

Учурда соодагерлерге түшүндүрүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE