Пример HTML-страницы

Кытайда төрөлүп, Россияда билим алган орус тилчи Чүйгө ыктыярчыларды тартып, 4 тилди өздөштүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushБүбүкан Жусупова 47 жылдан бери балдарга билим берип келет. Ал Россияда орус тилчи кесибине ээ болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин Воронцовка мектеп-интернатында иштеп баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1953-жылы Кытайдын Кулжо (Кульджа — Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун курамына кирген Иле-Казак автономиялуу облусунун административдик борбору) шаарында жарыкка келген. Ал бул жерге атасы кантип барып калганын айтып берди.

«Кытайдагы жашообузду элес-булас эле билем. Анткени ал жактан 4 жашымда Кыргызстанга кайтып келгенбиз. Атам репрессияга кабылган киши. Ал кезде кыргыздын каймактарын жок кылуу сяасаты жүрүп жаткан мезгил. Темир торго түшкөн атамды бир орус киши куткарып калыптыр. Ал атама келип: «Бүгүн сени атканы жатышат. Менин нөөмөтүм келди, сени бошотом, кач» деген экен. Ошол жөнөкөй орус аскердин жардамы менен качып, атам Кытай тарапка оогон экен. Кыргызстанда биринчи аялы калыптыр. Мен Кытайда үйлөнгөн экинчи аялынан төрөлдүм. Өзүм 7 бир туугандын үчүнчүсүмүн. «Кара кыргыздар» деген чыгармада «Кыргыз болуш Сыдык Текеске барып, кайра болуш болуп шайланды» деген сүйлөм бар. Ошол менин атам. Ал аябай акылман, даанышман киши болгон экен. Көп акыл-насааттарды ыр менен жамактап айтчу. Көрсө Арстанбектин, Калыгулдун осуяттарын, ырларын жатка билчү экен. Кийин китептерди окуп, бала кезде атамдан уккан сөздөрдү кезиктирдим. Атам 1985-жылы каза болсо, апам 2022-жылы көз жумду.

Мен Россиянын Курск шаарында филология факультетинде билим алып, орус тилчи кесибине ээ болгом. Чүйгө келип, Воронцовка мектеп-интернатында орус балдарга сабак берип баштадым. Кийин заман өзгөрдү, кыргыз тилине талап боло баштады. Анан кыргыз тилинен сабак бере баштадым. Ал ортодо Воронцовка мектеп-интернаты лицей болуп өзгөрдү. 1998-жылы бул лицей Чүй облустук интернат тибиндеги мектеп болду. Ушул жерде 47 жыл иштедим. Бул мектептен Эркин Рыскулбеков, Урмат Борченов деген жигиттер окуган. Мектепте директор болуп да көп жыл эмгектендим. Эми жаштарга өткөрүп берүү ниетим бар. Азыр тарбия жөнүндө, кыргыздын нарктуулугу тууралуу китептерди жазып жатам. Жалпы беш китептин авторумун», — деди ал.

Ардактуу мугалим кыргыз, орус, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Анын айтымында, англис, япон жана корей тилдерин өздөштүрүүдө.

«Биз көптөгөн уюмдар менен иш алып барып, чет элдик ыктыярчы мугалимдер менен иштештик. Биз англис тилин тереңдетип окутуп баштаганбыз. «Тынчтык корпус» менен иштешип, Америкадан ыктыярчыларды кабыл алдык. Америкадан баш-аягы 4 мугалим келди. Бул мугалимдердин жардамы менен окуучуларыбыз англис тилин аябай жакшы өздөштүрүштү. Мектебибиздин китепканасында атайын англис тил бурчун уюштуруп, ар кандай гранттарга, сынактарга катышып, 15 миң доллардан ашуун каражатка 1300 китеп чогулттук. Бизге келген ыктыярчылар дагы доннор таап, бизге китептерди салышты. Ошентип мамлекеттен бир сом акча коротпой, китепканабызды англис тилиндеги китептерге байыттык.

2012-жылдары корей тилин дагы коштук. Аны сабак катары эмес, ийрим катары киргиздик. Анан япон тилин коштук. Япониядан да 3 ыктыярчы келип, ар бири 2 жылдан иштеп кетишти. Биринчи келген ыктыярчы Хиро деген бала болчу. Жеке өзү кыргызча үйрөнүп, биз менен кыргызча сүйлөшүп, Японияда жөнүндө, окуучулары, окуу методдору тууралуу айтып берчү. Биздин балдар Япониянын балдары менен телекөпүрө аркылуу сүйлөшүп, пикир алмашышты. Бири-бирибизге белектерибизди берип, сүрөттөрдү салып жүрдүк.

Экинчи ыктыярчыбыз Хироя деген бала. Дене тарбия сабагынан берген мугалим экен. Балдарды футболго тартып, анын натыйжасында биздин окуучулар футболдон жакшы ийгиликке жетишти. Өзү кыргызчаны абдан жакшы үйрөндү, кыргызча макалдарды айтчу. Кыргыздын тамактарын жакшы көрчү. Койдун башын мүлжүгөндү үйрөндү. Кыргыздын тилине, каада-салтына кызыкчу. Өлкөсүнө кеткенден кийин да биз менен бир топко чейин байланышып жүрдү. Анан бир япон кызы келди. Япониянын түштүк тарабынан экен. Ал кыз кыргызча сүйлөчү. Кыргыз кыздай көрүнчү. Баарынан кызыгы жылкынын этин жакшы көрчү. Ким жылкы сойсо, этинен алдырып, берип жүрдүк. Чийки сыяктуу кылып жеген тамактары бар экен. Ошентип жасап жеп жүрдү.

Корей ыктыярчылар менен да иш алып бардык. Корейлердин уюму тарабынан бир кабинет жасалып, керектүү эмеректер, сыналгы, компьютер, такталар менен ичин толтуруп беришти. Бир кышта корей окуу жайынан 30 студент, 2 мугалим, 1 профессор келип, биздин окуучулар менен кышкы лагерь уюштуруп, жакшы эс алып кетишти. Тажрыйба алмашуунун чоң пайдасы бар экен. Андан мурун түрктөр менен да иштешкенбиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE