Пример HTML-страницы

Ноокенде цемент ташып бара жаткан фура кырсыкка кабылып, 2 адам ооруканага жеткирилди (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-майда Ноокендин Масы айыл аймагында фура менен «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа кагышып, 2 адам оорууканага жеткирилди. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка караанда, кырсык саат 10:30дар чамасында болгон.

«Оштон Бишкек багытын көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу «Вольво» менен Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, оор жүк ташуучу унаа жүктөп бара жаткан цемент чачылды. Кырсыктын кесепетинен 2 адам тез жардам унаасы менен бейтапканага жеткирилди», — деди алар.

Ал эми Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалыматты ырастап, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ноокен жалпы дарыгердик практикалык борбору унаа кырсыктан 2 унаанын айдоочулары жеткирилгенин, жеңил унаанын айдоочусу жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатканын кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE