Пример HTML-страницы

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу качан башталары белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу 2024-жылдын июнь айында башталат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун экспертизасынын жыйынтыгы бүгүн, 7-майда чыгып, жакын арада долбоор жарыяланат.

«Курулуш июнь айында башталат. Өтмөктүн курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, тендер жакынкы күндөрү өтөт», — деди Пайзиев.

—————————————————-

Turmush басылмасы 2024-жылдын февраль айынын башында Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адис Мирлан Өмүралиевге шилтеме берүү менен тиешелүү адистер долбоордун аймагына дал келген объект ээлерине өз аракеттери менен бузуу иштери боюнча жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, кээ бир объекттердин ээлери өз аракети менен бузуу иштерин баштаганын жазган.

«Алгачкы долбоорго ылайык, бузулууга тийиш делген 13 объект аныкталган. 13 объекттин экөөнүн ээлери өз каражаты менен бузушту. Ал эми бул долбоорго дагы кошумча, алымчалар болот. Азырынча долбоор толук түрдө даярдала элек», — деген Өмүралиев.

Буга чейин Turmush Ы.Монуев көчөсүнүн «Кыргыз көчү» аркасынын босогосунан А.Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыгын оңдоп-түзөө, Ы.Монуев, А.Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жүрүүчү жолду курууга даярдык көрүлүп жатканын жазган.

Долбоордо Аскар Шакиров көчөсүнөн Алимжанов көчөсүнө жүрүүчү унаалар айлампадан айланып, түрдүү багыттарга кетери көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE