Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 22-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 22-БОЛУМ

Ойгонсом көз алдымдан, уктасам түшүмдөн кетпедиң го. Кийин үйүнө барып, суукта тоңуп, ары–бери басып, колумду үйлөп жылытып, кеңгуруча секирип далай үшүктөн калдым. Ал назик колу менен колумду аяр кармаганда, ток ургандай кайра ысып чыкчу. Бир аз үйүнүн тегерегинде серүүндөп кайра кайтчымын. Сүйүүмдү кышта тапкан үчүнбү айтор кышты жакшы көрөм. Ал деле мага кайдыгер эмес эле. Кечиксем кабагы түйүлө, коркутуп, сүйөөрүн даана билгизип койчу. Эми эмне болду билбейм. Бешенеси тырышып, сустаят да турат. Эч ким жакпайт. Апам да таза аңдып алды аны. Эмне кылсам, артынан барып алып келсем аялсаак деп апам жаман көрөт го. Барбасам аларды бир күндө эле сагынып кеттим. Бир жума эптеп чыдайын, апам өзү айтсын деп ойлонот.

 

Мыскал баласына кичинесиндегидей кылып жакшы тамак бышырып берчү болду. Анысы болсо тултуюп ичпейт. Жакшы жемпир да алып келип берди, көңүлүн улагысы келип. Аны да кийбей койду. Баласынын кабагы ачылбай, ачка-ток жүргөнүнө жүрөгү ооруйт. Бирдемсе сураса, көңүлсүз күңкүлдөйт. Өзүн жемелейт. Небересин сагынат. Баласын ичинен тилдейин десем жалгызсың, тилдебейин десем байкушсуң деп армандап алат. Кыйын болгондо да Мыскалга кыйын болду. Эринен ажыраганы бир тең болсо, келин баласы да минтип күнөөлөп кошул-ташыл кайгысы артты. Деги иши оңолбос болду, кургурдун. Ансыз да ичмекейи ичинен болуп кусадан куурап жүргөндө. Эринен да булардыкы жаман экен. Жетимсиреп түндөй түнөрүп унчукпаган баласына боору ооруйт. Ойлуу жүрүп кырсыкка кабылбаса болду деп коркот. Бирөө-жарым келиниң кайда деп сурап ийбесин деп тышка да чыкпай калды. “Чыныгы байлык байлыктын көп болушунда эмес, көңүлдүн ток болушунда”— деп куранда айтылганы чын экен. Белек да түн бир оокумда келет. Таң эрте кетет. Аны арак ичип жүрөбү деп энеси шектүү карайт. Ал: балам үчүн намысты коюп, эртең барып келинди алып келейин. Балам атасы өлгөндө да мынча жаман болгон эмес. “Бокту чукуган сайын сасыйт” дегендей, жаман жагын эле көрө бербей, эми жалаң сеники туура деп, бийликти буларга берип, башымды чүмкөп жата берейин, мага десе өтүгүн башына кийип алышсын деп ойлоп жүрдү.

 

Айсулуу болсо төркүнүнө батпай, бир бөлмөдөн чыкпай калды. Үйгө бирөө-жарым келсе эле баласын көтөрө качып бекинип калат. Алардын эмне айтаары белгилүү да. Белекти тескеген эч ким жок, кыздар менен сейилдеп жүрөбү деген оңтойсуз ойлор ага тынчтык бербечүдөй. Ичи тарып, ошол кыздардын бетин тытып алгысы келип кетет. Анан эмне мында келгенине өзү да түшүнбөйт. Самын түгөнүптүр. Кечкиге эмне жейбиз. Үй жыйнайын. Оюнчукту эмне сындырдың деген Алымкандардын үйүндөгү күнүмдүк ар бир сөздөрүн өзүнө алып чүнчүй түштү. А турмак эркелеп эркин өсүп жаткан баласын да: Ага тийбе, буга тийбе. Үнүңдү чыгарба, акырын деп какмалап жатып, жүдөтүп ийди. Атасынан уялат. Ушунча адам менен жумуш түгөнбөгөн жер тамда Маянын жаркылдап жүргөнүн көрүп, андан уялат. Өзүн салыштырат. Булардын баласын көтөрүп, барктаган деле эч ким жок. Белек, үйү, көзүнөн учуп жатты. Бирок намысты кантет. Урушкандарын эки күндөн кийин эле унутуп калган. “Төркүнгө да төрөдөй кыз батат“— дегени чын экен. Эми кудай буйруп сүйгөнүм келип алып кетсе экинчи келбейм. Чачыман сүйрөп алып келсе да кайра андан мурун жетип барам. Ошол үй менин кенен, эркин жүргөн өз үйүм экен. Куда-а-й алтынымды жибитип, жибере көр. Ой буларда деле казан-аяк кагышат тура. Маянын кулагы анча мынчаны укпай, көзү да көрбөй коёт турбайбы. Кайыненесин аяйт экен, жемелесе кайра ошондой жиндимин апа деп кайра ырсалактайт. Кемел да жумуштан келатып үч шокалад алат экен. Апасына, аялына, баласына. Биз кайненеме шоколад, балмуздак, сок, пирожный дегендерди эч бербейбиз. Картаңдар андайларды жебейт деп ойлопбуз го. Уят. Меники тим эле, мунун жанында бейиш тура. Кой, ырбап кете электе, куру намысты коюп, кечинде Белек келгенде бир шылтоо таап үйгө барайын. “Туугандын таарынычы Торконун жыртыш таратканынча” деп апам көп айтчу эле. Тууганы эмес алардын бүлөсүмүн да. Барсам, калгыла деп бир ооз айтышаар. Ээк, айтпаса да калам! деп чечип койду. Ойлонсун деп Алымкан апасы да эч алардын турмушу тууралуу кеп козгобой койгон. Кечинде Айсулуу баласын көтөрүп, эч кийимин албай Белектикине барды. Эшикти кайыненеси ачып:

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE