Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада 3 жаштагы баланын сөөгү суудан табылган. Милиция текшерүү жүргүзүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда 3 жаштагы баланын өлүмү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Тurmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, окуя 2024-жылдын 4-майында Ылай-Талаа айылында болгон. 3 жаштагы наристенин сөөгү суудан табылган.

«4-май күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ылай-Талаа айыл аймагында 2001-жылы туулган Т.С. аттуу наристе каза болгондугу тууралуу маалымат катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө наристе үйүнүн жанында жаш балдар менен ойноп жатып, кокустан сууга түшүп, агып кеткени маалым болгон», — деп айтылат маалыматта.

Наристенин ата-энеси жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Учурда окуя боюнча текшерүү уланууда.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Суу дарыясына түшүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE