Пример HTML-страницы

Turmush: 6 кой жоголгонун уккан келин ооруканада каза болгон: Дарыгердин баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush65 жаштагы Кайрынса Дыйканбаева 40 жылдан бери элдин ден соолугуна кам көргөн дарыгер болуп иштеп келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ал облустук кургак учукка каршы күрөшүү диспансеринде эмгектенгенине быйыл 40 жыл болду.

«Өзүм Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Калмак-Кырчын айылынан болом. Ата-энем кой багып, чабан болгондуктан биз бир туугандарыбыз менен чоң ата, чоң эненин колунда чоңойдук. Бала кезде чоң энемдин буттарын уашалап жатып «чоңойсом, доктур болом, эне сизди өзүм дарылайм» деп айта берчүмүн. 1976-жылы 10-классты аяктап, Фрунзеге жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн чоң атам менен бардым. Ал кезде менин медицина адистигине тапшыруума чоң атамдар каршы болушчу. Бирок ал кишиге калп айтып, айыл чарба институтуна тапшырдым деп, жездем менен бирге медициналык институтка барып сынак тапшырып, студент болуп калдым. 1982-жылы окуу жайды аяктап, 2 жыл Бишкекте ординатурамды өтөдүм.

Турмушка чыгып, балалуу болуп калгандыктан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 1984-жылы Жалал-Абадка көчүп келип, ошол жылдан бери облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда иштеп келе жатам. Жөнөкөй дарыгерден тарта директордун уюштуруу иштери боюнча кийин дарылоо иштери боюнча орун басары кызматтарында иштедим. Акыркы жылдары статистика жана мониторинг бөлүмүндө иштеп жүрөм», — деди ал.

Кургак учукка кабылган жарандардын түрдүү тагдырлары анын да жүрөгүнөн өтөт. Анын баамында аялдар ооруп калганда жолдошу, кайын журту жүз буруп кеткен учурлар көп эле кездешет. Ал эми аялдар жолдошу ооруп калган болсо ал сакайганча бул жайдан тынымсыз кабар алуудан тажашпайт.

«Биздин бейтапканага жаткан оорулуулар узак мөөнөткө дарылангандыктан кээде алар менен жакын болуп, мээримиң да түшүп калат. Бир жолу бизге 20 жаштагы кыз келди. Ал кургак учукка кабылып өпкөсүнүн көп бөлүгү жабыркап калыптыр. 6 айлык боюнда да бар эле. Кайын журту ооруканага таштаган бойдон бир да кабар алышкан жок. Жолдошу да кабар албай жүз буруп кеткен. Кош бойлуу келинди жакындарынан кабар алган жан болбоду. Чындыгында ал кызга абдан оор болду. Өз энеси болсо Казакстанга кетип паспортун алдырып коюп, мекенине келе албай жүргөн учуру экен. Аны угуп, сүйлөшүп, моралдык жактан да жардам берип жүрүп, экөөбүз эне баладай жакын болуп калдык. Келин көз жарды, баланы балдар бөлүмүнө калтырып, аны кайра өзүбүзгө алып кеттик. Көз жарганда да кайын журтунан кабар болбоду. Төрөгөндөн 4 ай өткөндөн кийин келин дарыланып, ден соолугу жакшы болуп чыгып кетти. Бизде байланыш үзүлүп калды. Арадан 4-5 жыл өткөндөн кийин бир кош бойлуу келин 3-4 жаштагы баланы жетелеген жолдошу экөө учурашып калды. Көрсө менин баягы кызым экен. Кийинчерээк жолдошу менен жарашып, жашап жатыптыр, экинчи перзентин күтүп жатышкан экен», — деди ал.

Мурда дарылоо процедурасы эң узак болуп, саламаттыгына байланыштуу көп жатып калган учурлар болчу. Анын эсинде калганы аларга кайрылган бир эркек бейтап 720 күн дарыланып. анан сакайып үйүнө чыккан. Ал эң узак дарыланган бейтап катары эсинде калган.

Бейтаптардын жакындарына аларга дайым тынчтык керектигин, үйдөгү көйгөйлөрдү айтпай турууну эскертишет. Бул дарыланууга өтө чоң таасирин берет Муну узак мөөнөттү дарылануудан үйүнө чыгарылганы жаткан жарандын жан берген окуясы тастыктайт.

«Дагы бир окуя менин эсимен кетпейт. Муну кайгыруу менен эстейм. Бизге Сузактын тоолуу аймагынан орто жаштагы аял келип дарыланып калды. Чынында анда да дарылануу узак мөөнөткө созулган. Бейтаптын өпкөсүндөгү кургак учуктун таякчаларынын баары жоголуп, жакшы болуп калган. Ишемби күнү анын үйүнө чыкса болорун талкуулаганбыз. Ошентсе да дүйшөмбү күнү дагы бир анализ тапшыртып, үйүнө чыгартабыз деп жатканбыз. Дүйшөмбү күнү ишке келсем, ал түндө каза болуп калыптыр. Көрсө дем алыш күнү үйүнөн жакындары келип, кабар алып, анан жайлоого кеткен койлорунун алтоосу дайынсыз болуп жатканын айтып коюшуптур. Баягы бейтап таң атканга чейин жоголгон койлорду ойлоп, кан басымы көтөрүлүп, инфаркт болуп каза болуп калыптыр.

Биз бейтаптардын жакындарына катуу дайындайбыз. Анткени бейтап сакаюнун ордуна тескирисинче кыжаалат болуп абалы начарлап кетет», — деди ал.

Бейтаптар менен иштешүү ак халатчандарга оңойго турбайт. Бир мезгилде өмүрүнө коркунуч жаралган учурга да кабылган.

«1990-жылдар болсо керек эле. Ошол жылдары жаштар наркотикалык каражаттарды пайдаланып, көзөмөлдөн чыгып кеткен учур болгон. Ал кезде биздин диспансердин коргондору да жапыс эле. Бейтапканага жашы улуу аял илдетке кабылып жаткырылып калды. Тилекке каршы анын эки көзү тең көрбөйт экен. Аны карап жатуу үчүн кызы да кошо жаткырылды. Анын кызы чачы узун келишкен сулуу кыз эле. Бир күнү кеч киргенде эле биздин бөлүмдө ызы-чуу болуп калды. Чуркап барсам кеч киргенде дубалдан бир киши кирип, баягы кыздын чачынан сүйрөп эшикке алып чыгып, аны барымтага алып, анда иштеген кызматкерлерден «мага наркотик бергиле, антпесе бул кызды өлтүрөм» деп чачынан тартып жулкулдатып жатыптыр. Кызматкерлер эмне кыларын билбей милиция чакырышыптыр. Алар келгенче мен чуркап бара калып эле кызды анын колунан чыгаруу үчүн баягы кишиге асылып, бети-башып чапчып кирдим. Кызды коё бергенде кыз качты. Ал эми тиги киши мага тап бере калды. Аңгыча милиция келип, баягы киши качып кетти. Ошол бойдон дайыны чыккан жок.

Айрым учурда биздин бейтапканага да аракечтикке же наркотик колдонуп жүрүп кургак учукка кабылып жатып калган бейтаптар да келет. Андай кезде да баш тартпай бейтапты дарылаганга туура келет.

2009-жыл болсо керек, кечке жуук жумуш убактым бүтүп иш бөлмөмө кирип кийимимди алмыштырып жаткам. Бир кезде коридордо ызы-чуу болуп жатканын угуп калдым. Чыксам бир бейтап экинчисин бычак көтөрүп, «арак таап бер» деп кубалап жүрүптүр. Чыга калып эле, качып жүргөн бейтапты менин иш бөлмөмө кир деп киргизип, аны сыртынан кулптап өзүм тиги кишинин алдына чыгып «эмне болду, мага айт, бычак сайсаң мага сай» дедим. Ал да мага бычагын шилтеп өз талабын айтып келе жатат. Өрт коопсуздугу үчүн кошумча эшиктен сыртка качып чыктым. Ал бычагын көтөрүп менин артыман келе жатат. Кесиптештерим карап турат, бирок жардам бере албайт. Аңгыча башкы дарыгерибиз келип калып, анын түртүп жыгытып мени куткарып калган. Кийин бул окуя боюнча милицияга арыз жазып, аны милиция алып кеткен. Кээде жумушта ушундай өмүргө кооптуулук жараткан окуялар болбой койбойт. Азыр кудайга шүгүр андай окуялар жок», — деди дарыгер.

Кайрынса Дыйканбаева 5 баланын жана 16 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE