Пример HTML-страницы

Түндө нөшөрлүү жаандан кийин Оштогу тургундар чака, бөтөлкөлөрдү алып, көчөгө чыгышты. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында үч күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кайрадан таза суу көйгөйү жаралды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 23-апрелге караган түнү калаанын айрым аймактарда таза суу берүү токтотулган. Эртең менен кайрадан таза суу берилип баштады. Бирок суунун басымы азайып, суу ылайланган абалда берилүүдө.

Таза суу берүү токтотулгандан кийин «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасы жер-жерлерге суу ташуучу унаа менен таза суу жеткирип жатышты. Жашоочулар чака, желим бөтөлкөлөрүн алып, түнү көчөлөргө чыгышты.

Аталган ишкананын маалыматы боюнча, 23-апрелге караган түнү шаар боюнча 12 суу ташуучу унаа суу токтогон жерлерге суу жеткирди.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел нормадан көп жүрүп, мүмкүн болбогон жерлерден дагы сел агып түшүп, авариялык кырдаалдар көп болгонун билдирди.

«Эки күн болгон кырдаалга байланыштуу суу шаар боюнча өчүрүлгөн жок. Кошумча резервуар скважиналар аркылуу шаарга суу жеткирилип турду. Сел катуу болгондуктан авариялык кырдаалдар көп болду. Ошонун натыйжасында басым азайып кетип, көп жерлерде 2-3-кабатка чейин чыгып, андан үстүңкү кабаттарга басым жетпей калган учурлар болду. Бул кырдаалды «Ош шаар суу канал» ишканасы жойгонго аракет кылып жатты. Алай 1, Алай 2, Жапалак, Туран, ХБК, Түштүк-Чыгыш тарапта селден катуу авариялар болду. Ак-Тилек, Черемушка, Курманжан датка көчөлөрүндө суу токтотулган жок», — деп айтылат маалыматта.

Адистердин айтымында, эгерде Ак-Буура дарыясына сел түшүп, ичүүчү суу ылайланып суу токтотулса, резервуарга топтолгон суу шаарды 48 саатка гана камсыздап турууга жетет.

—————————————————

2023-жылдын 31-августунда Ош шаарында жаңы суу топтоочу жай (водозабор) ишке киргизилген. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Ош шаарындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 4 жаңы резервуар курулган, ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда таза суу топтолот.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, суу топтоочу жайды расмий түрдө ишке киргизүүнүн алдында жабдуулар сыноодон өткөрүлүп, резервуарлар дезинфекцияланды. Азыркы учурда Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилди. Долбоордун баасы 194 млн сомду түзөт.

Ош шаарында жаан-чачын убагында тургундар бир нече күн таза суу колдоно албай келген. Анткени шаар калкынын 80%ы Ак-Буура дарыясынан агып келген сууну пайдаланчу. Жамгыр, кар жааган убакта Озгур суу тазалоочу станциясына агып кирген суу ылайланып, сууну тундуруп, тазалап, жашоочуларга берүү үчүн бир нече күн убакыт кетчү.

Turmush басылмасынын кабарчысы объектиге барып, таза суу маселеси кантип чечилгенин жеринен көрүп келген.

«Ош шаар суу канал» муниципалдык мекемеси бир нече жыл бою суунун булганышын Озгур станциясынын үстүндөгү Кызыл-Кыштак жылгасындагы ылайланган суу менен байланыштырып келди. Жаан-чачын убагында аталган жылганын жогорку жагындагы шагыл жана топурак казган ишканалар топуракты жылганын ичиндеги сайдын жээгине төгүп, андан агып түшкөн суу аталган топуракка аралашып, ылай болуп калат.

Бул маселени чечүү үчүн бир канча долбоорлор түзүлүп, бирок түрдүү себептерден улам ишке ашпай келген. Аталган ишкананын башчысынын орун басары Талант Байкишиев таза сууну шаарга үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн кандай иштер жасалганы боюнча кенен айтып берген.

Алар:

— бул маселени чечүү үчүн алгач Кызыл-Кыштак жылгасынан түшкөн селди убактылуу кармоочу тосмолор казылган;

— Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде жайгашкан Төлөйкөн каналынан таза суу тартуу үчүн диаметри 1000 миллиметрди, узундугу 400 метрди түзгөн түтүк тартылып, шаарга берилүүчү суу тармагына кошулган;

— мурдатан иштебей турган 6 скважина оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

— жаңы 6 скважина казылып, таза суу системасына кошулду;

— жалпы көлөмү 24 миң метр куб болгон (6 миң метр кубдук көлөмдөгү 4 суу кампа) жаңы таза суу кампасы курулду. Шаарга таза суу берүү мүмкүнчүлүгү токтогон убакта аталган суу кампадан шаарга 24 саат бою суу берип турса болот. Бул суу кампалар скважиналар аркылуу үзгүлтүксүз толтурулуп турат.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында жаандан кийин таза суу берүү убактылуу токтотулганын жазып келген.

Жаандан кийин Ак-Буура суусу ылайланып, анын кесепетинен жашоочуларга таза суу берүү үзгүлтүккө учурап келген.

Сүрөт жана видео 2023-жылдын 17-февралында тартылган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE