Пример HTML-страницы

Видео — Камера алдында ойногон Бишкектин бакчасындагы жылан

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарындагы Ботаникалык багында жаратылыш сүйүүчү Кызыл китепке кирген сойлоочуга жолукту.

«Мен басып баратып, чоң жыланды байкадым. Сойлоп жүрүүчү чытырман бадалдын арасында жашынып жүргөн. Жыландын уулуу эмес экенин баамдап, аны видеого тартып баштадым. Жылан камерадан 7 сантиметр алыстыкта турганына карабай, мени тынч карап турду. Ошентип, экөөбүз өз жолубуз менен кеттик», — дейт табият сүйүүчү Тимур Набиулин.

«Бул жылан Кореядан Украинага чейин, анын ичинде бүткүл Борбордук Азияда кездешет. Абдан кыймылдуу жылан, денесинин узундугу бир жарым метрге жетет. Ал дарактардын жана бадалдардын бутактарына жакшы чыгат. Жылан уулуу эмес жана адам үчүн коркунуч туудурбайт. Ал канаттуулар, алардын балапандары, бакалар жана кемирүүчүлөр менен азыктанат. Жыландын орточо өмүрү 10 жыл. Ал колго оңой үйрөнөт жана туткунда жашай алат. Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE