Пример HTML-страницы

Чүйдөгү талаалар кочкул кызыл түскө боёду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун аймагында кызгалдак талаалары гүлдөдү.

«Кызгалдактар талаада, жол боюнда жана тоо боорлорунда гүлдөйт. Чүй облусунун тургундары салттуу түрдө алардын сулуулугуна суктануу үчүн барышат.

Кызгалдак — өз алдынча өсүүчү жапайы гүл. Окумуштуулар кызгалдактын жүздөн ашык түрүн аныкташкан. Кыргызстанда анын 70тен ашык түрү бар. Бул гүл абдан назик келип, үзгөндөн кийин бат эле соолуп калат.

Бул гүл баңгизаттарын камтыбайт, бирок ал уулуу өсүмдүк. Ошондуктан аны айыл чарба малдары жебейт», — дейт биолог Ирина Стежко.

Кызгалдак гүлдөө мезгилиндеги кооздугу менен байыртадан бери көптөгөн элди таң калтырып келет. Маселен, байыркы Грецияда апийим жер энени чагылдырган, бардык тирүү жандыктарды төрөп, өлгөндөрдү кабыл алган дыйканчылыктын кудайы Деметранын символдорунун бири болгон. Ал эми азыркы Англияда кызгалдак Биринчи дүйнөлүк согуштун бардык курмандыктарын эскерүү символу болуп саналат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE