Пример HTML-страницы

Оштогу «алтын базардагы» окуяны видеого тартып, милицияга кабар беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарындагы алтын сатылган базардагы окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 6-май күнү саат 17:00дөр чамасында Ош шаарындагы алтын сатылган базарга өспүрүм кыз 3-4 жаштагы кызды сиңдим деп жетелеп келген. Ал кыздын сөйкөсүн сатуу үчүн аны алып келгени айтылган. Күбөлөр окуяны видеого тартып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына маалымдашкан.

Ал эми Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, кыздар бөлүмгө жеткирилип, тактоо иштери жүргүзүлгөн. Кичинекей кыз Кара-Суу районунун Мады айылынын жашоочусу экени аныкталды. Бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE