Пример HTML-страницы

ГҮЛДӨЙ СООЛУГАН ТАГДЫР

https://kyrgyzcha.site/?p=55866&preview=true Кызыктуу окуялар.

——-«ГҮЛДӨЙ СООЛУГАН ТАГДЫР…»——-

 

Гүлдөй көркөм, анан ошонун желекчелериндей үлпүлдөк назик болгон Алиман,ошол жылы жогорку окуу жайдын биринде, экинчи курста окуп жаткан.

Сымбаттуу жүзү менен жигиттердин жүрөгүн козгоп коюп,алардын махабаттарына жооп издеп коюуну дагы азырынча ойлобогон секелек мүнөздөнгөн бул кыздын, келечекте жетем деген жакшы ой-максаттары өтө көп эле.

Ошол себеп,жигит менен жакын мамиле куруп башын ооруткусу келбеген.

Анан , бир күнү , ушуга чейин эрки күчтүү, ыймандуу кызды дос кызы -Дилдеш азгырып баштады:

-Алиман, ушинтип өмүр бою сабак окуп жүрүп эле карып кетейин дейсиңби,ыя?

-Жоок ай!-дейт кыткылыктай күлгөн ал,-Эмнеге анча кайгырдың экен менин келечегиме,айтчы, Диля?-деди бакырайган сүйкүмдүү көздөрүн сүзө тигиле карай,уурутундагы жылмаюсун жазбай.

-Эми…Тиги…

Кыскасы,бүгүн бир жакка барып келбейлиби,ыя?.

Үңкүйүп сабак окуп үйгө отургандан көрөкчө, көңүл ачсак болбойбу эмне?

-Каякка?-деп кызыккандай бурула карап калды,колундагы китебинин кырын тиштегилей жооп күтүп.

-Дос балдар менен бир жакка!Эк,табышмактатпай эле назданбайынчы ээ,Алимашка…

Түнкү клубка…-деп Дилдеш тырмагын тазаламыш болуп отуруп калды.

-Аа,жок,мен баралбайм,таарынба!…-деген Алиман китептерин текчеге жыйнап ирээттеп,кирлерин чогултуп баштады жөн отурбай жууп салайын деп.

Бул эки кыз өздөрү окуган окуу жайдын жатаканасында,бир бөлмөдө эки жылдан бери чогуу жашашат.Экөөнүн мүнөздөрү эки бөлөк. Дилдеш ачык айрым. Жигиттер менен көп конокторго барып,акчалуулар менен мамиле куруп алат дагы, сабактарын акча менен бүтүрүп алат. Ал эми Алиман болсо адептүү, түз жүргөн,сабактарын жакшы окуган кыз.Жигиттер менен сүйлөшмөк турсун,күндүз сыртта жөнү жок көчө таптап, шаар кыдырып баса элек.

Мына ушундай баёо кызды өзүнүн катарына кошкусу келген дос кызы, акыры көндүрүп, ошол кечте түнкү клубка чала тааныш жигиттердин коштоосунда алып келди .

Ошентип тегерек столго отурушкандан кийин жакшылап таанышымыш этишти,анан бийлешти.

Кийин ,кайрадан столго кайтып келип отурушкандан кийин эки жигиттин бири шыпылдап ордунан тура калып,

-Кыздар, эмне ичебиз? Заказды кандайынан берем, айта салгыла! -дей жалмаңдап, жырткыч көз карашы менен Алимандын чырайлуу жүзү менен сымбаттуу дене мүчөсүнө уурдана карап ала койгонго жетишти.

-Мен кола эле ичем… -деди Алиман жигитке уялыңкы карай,аста сүйлөп.

-Мага болсо виски ! -деген Дилдеш кытмыр күлө, жигитинин кучагына жабыша, башын анын ийинине жөлөй, көздөрүн сүзө, манжаларында кыпчылган тамекиден соруп,түтүнүн бурулдата чыгарып, өзүн тиги дос кызынан өйдө экенин көрсөткөндөй болду.

Дүңкүлдөгөн кулак жарган музыканын коштоосунда соосу дагы,масы да, бузулганы менен кошо бузулбаганы да бирге бийлеп жүрүшөт.Алардын арасында жапжаш,али эне сүтү оозунан кете элек кыздарды дагы көрүүгө болот эле…

Мына ошентип, арадан бат эле эки сааттай өтүп кетиптир.

Эсине эми келгендей кол саатын шашкалактап карай салган Алиман:

-Дилдеш, кетүүгө убакыт келди! Жатакана жабылып калат, кеттик,бол!-деди бакырайган көздөрүн алаңдата.

Жанында жанаша отурган жалмаңдаган жигит аны тынчыткандай, тим эле сабырдуу адамга айлана калып, баёо кызга ишенимдүү көрүнө:

-Алиман, эч кам санаба!Туура айтасың! Силерди узатып коёлу. Бирок, бир стакандан кола ичип алалы, ээ?-деп фужерлерге кола куюп, колдоруна карматты дагы,кыздарга каалоо-тилек айтып жатып ,негедир жанында отурган дос баласына көз кысып койду.

Аз мүнөттөрдүн ичинде айлананы боз туман каптагандай… Жер айлан-көчөк…Тегерегиндеги адамдар чоюлуп-кичирейип, өзүнчө эле башка бир чөлкөмгө кирип кеткендей сезим Алиманды курчап алды…

Эсин жыя албай, колдору менен буттары шалдырап, негедир башкара албай баратат…

Эки жигит аны көтөрүп бир бөлмөгө алып киришкендей болду…

-Мага…тий-бе…гиии-лееее,мен кызмыыыын!…-деген сөз оозунан кыйынчылык менен тили бурала араң чыкты…

Бирок,бул суранычты кулактарынын сыртынан кетирген эки акмак болсо,ыплас ойлорун ишке ашырып, таң атканча кызды кордоп жыргашып,каалагандарын жасашты…

Анан,кийинип алышып каткыра күлүшө, ал бөлмөгө кордолгон Алиманды таштап баса беришти…

Ошентип,он гүлүнүн бүрү бүтүн соолуй, таңга жуук көзүн ачып,эсине келген Алиман, түндөгү тагдыры талкаланган окуя эсине элес-булас келип турганы менен эмне болуп эсин жоготконун түшүнө албай, башы маң…

Болгону,кола ичип жатканын билет, андан ары көздөрү тумандап,бир жерге токтото албай айланып,денеси калкып учкандай,музыканын дүңкүлдөк добушу алыстан-алыстан жаңырып чыгып жаткандай болгон…

Бүтүн денеси сайгылашып ооруп калыптыр.

Жаткан ордунан араң башын көтөрүп, ар кайсы жакта ирээтсиз чачылып жаткан кийимдерин чогултуп, башын мыжый бир аз отурду.

-Ушуну көрмөкмүн…Ата-энемдин ишеничин актай албай калдым…Алардын жүзүн эми кайсы бетим менен карамакчымын ,оо,мен шордуу!…-деп ызалуу шыбырай ,түндөгү эки айбандан ары болгон эки жигитке наалат айтып, боздоп жашын төгүп алды, арманын ичине ката албай…

-Бүттү…Болду…Эми менин кимге керегим бар?…

Жанагы эки жигиттин карындашынын,эжесинин,кыздарынын тагдырларын меникиндей кылып бирөө бузгусу бардыр,акыры!…

Сыздаган үнүм кудайдын кулагына угулуп калса экен!…

Каргыш тийгирлер канчалаган кыздардын тагдырларын бузушкан булар ?…

Узабай калышсын!…-деп тамагы буулуга өксүй шыбырай,он талаа болуп аккан жашын колу менен аарчый,саксайган чачтарын тарабай эле тоголоктоп туруп чач кыпчыткычы менен кыпчытып, кийимдерин кийинип жатты…

Боз-ала болуп жүзүнөн нуру кача,башын жерге салган бойдон жатаканасына келди.

Бөлмөсүндөгү керебетке сулк боюн таштай үшкүрүнө,бирде эчкирип ыйлай,бирде жымжырт боло үнүн чыгарбай, жаздыкты кучактап соолуп жата берди…

Бир убакта эч нерсе болбогондой түрү менен Дилдеш бөлмөгө кирип келип, Алиманга:

-Качан келдиң эле ?-деп суроо салып коюп,кыңылдай ырдай күзгүгө каранып,көзү-кашын боёнуп калды.

Анын мындай кайдыгер мамилесине ызалана түшүп,ага жаман көзү менен караган Алиман, бакырып ыйлап жиберди, түндөгү элес-булас каргашалуу окуяны саймедиреп айта.

Таң калыштуу көз караш менен караган дос кызы, билмексен болгон аңкоо мүнөзүнө салып:

-Аа,койчу!? Чын элеби!?…

Бирок…мен билген жокмун эч нерсени…-деп тим болду…

Жаштык-маңыроолук дегендей, бул окуяны эч кимге айта албай,жым-жым боюнча кала берди да ошондо. Антпегенде кантет эле,анан?Бирөө билсе же ата-энеси угуп калса, эл караган жүздөрү жер караган боюнча, өмүр бою сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуп жүрүп өтүшөт эле да,кызын каарып…

Мына ушундай жашыруунун аягы менен өздөрүн «эркек» сезген аңгилер көбөйүп, жасаган адепсиз «иштерине» манчыркап,дегирсинип басып жүрүшпөйбү арабызда, акмактар десе!…

Ошентип,Алиман эки күн эч нерсеге көңүлү келбей төшөктө жатты. Окуусуна дагы барган жок. Дилдешке дагы сүйлөбөдү…

Арадан убакыттар өтүп,бир күнү жүрөгү айнып кусуп эле, башы айланып, эч нерсеге табити тартпай калды.

Дары ичсе дагы өзүнө келе албагандыктан,бейтапканадагы дарыгерлерге кайрылса, УЗИ ни сунушташты. Ага барып текшерилсе, эки айлык боюңда бар экен деген тастыктама чыгарып беришти.

Көзү караңгылай коридордогу отургучта жалдырап бир топко отурганы менен көзүнө жаш алып буркурап ыйлабады. Болгону,оюнда өлүшүм керек деген гана жаман ниеттер айланчыктап алды ошол маалда…

Жадыраган жаз айынын жамгырынан кийинки салкын жана таза абасына деле көңүлү бурулбаган Алиман, ийинине асынган китеп кабын араң көтөрө,буттарын сүйрөй, жер менен жер болгон башын өйдө көтөрө албай, жан дүйнөсү жанчылып келе жатат…

Каршысынан Дилдеш аңтаңдап чыга калды бир нерседен шектенгенсип,тирмейе тиктеген көздөрүн ирмебестен кыздын кубара-татара тарткан жүзүнө кадай.

«Мм…Түшүнүктүү!…»-деп ичинен ойлонгонун сыртка чыгарбастан, Алиманга айттырбай эле оюн окуп ала койгондой,

-Бас жүрү,менин бир тааныш гинекологум бар. Ошого сүйлөшүп берем!- деп, жеңден тартып, дегдеңдетип алып жөнөдү.

Ал дарыгер, мындай аңгилердин курмандыгы болгон жаш кыздар менен көп «иштешкен» «дасыккан» неме окшойт,көп акча сурады барышканда эле,бардыгын ойдогудай жасап берем деп.

Эптеп эле боюндагы нерсени алып салса экен деген жаш кыз, ал акчаны ар кимден карыздап сурап жүрүп таап келип, гинекологдун колуна тапшыра салды,

-Эжеке, мынаңыз…

Тезирээк кутултуңузчу, башыма түшкөн бул баляадан!…-деп жалооруй жалтактай анын жүзүнө тике карай албай…

Ошентип, кутулуп жаны тынды…

Андан бери убакыттар зымырык куштай сызып өтүп жатканы менен ата-энесинин бул жөнүндө кабары жок. А бирок,Алиман үчүн жашоо -маңызсыз,кызыксыз бир нерсеге айланып калган…

Өткөн жумада ичи түйүлүп ооруй бергендиктен,УЗИ ге түшсө жатын түтүкчөлөрүн тез арада операция жолу менен алып салуу керектигин эскертишти.

«Мына сага…дагы бир чоң сыноого такалдым…»-деген Алимандын оюна эми өлүм гана орноп алды…

«Демек…келечекте наристе жытын жыттабай калат экенмин да?…Керек болсо,турмушка дагы чыкпайм да…Кимдин тагдырын талкаламак элем ээ,бейкүнөө адамды тукумсуз калтырып…

Эххх…Жашоого болгон жакшы тилектерим менен ой-максаттарымдын шамы ушинтип жалп өчөбү ,аттиң дүйнө…

Эми жашоонун мага эмне кереги бар?…

Жанымды кыйып салсам ушундай жүрөгүмдү эзген ызадан кутулаар берем?…»-деген жаман ойлор Алиманды өлүмгө азгырып тургандай абалга жетелеп баратты…

. . .

Жанагы каргыш тийген,тагдырын талкалаган жигиттерге наалат айтып жана жалпы Кыргыз Элибиздин эркек аттууларына кайрылуусун жазуумду суранган эле, окурмандарга жарыя кылып.

«Саламатсызбы,Жаңыл эже!

Менин бул башымдан өткөн каргашалуу тагдырымды сизге айтып,сырымды чыгарма кылып жаздырып, окурмандарыңыз менен бөлүшөйүн деген элем…

Жаш кыздар ушундай жеңил ойлуу эркектердин курмандыгы болуп,тагдырлары талкаланганы аз келгенсип,эне болуу бакытынан ажырап жатышат…

Уялып турам,эже,башымдан өткөн өкүнүчтүү окуяны саймедиреп жазып жатканыма…

Менин өзүмдүн тагдырым жөнүндө айтып бергенимдин себеби,мага окшогон баёо кыздарга сабак болсун дегеним эле.

Сиздин ар күнү окурмандарыңыз менен сыр чечишип,алар жөнүндө болгон тагдырларын жазаарыңызды билгендигимден,сизге кат жөнөттүм эле…

Менин бул тагдырымды душманыма дагы каалабас элем,Жаңыл эже…

Мурда мен,элге пайда келүүчү ар иште активдүү кыз болсом, азыр көзүм сокур,кулагым керең,тилим сүйлөбөс дудукка айлангам…

Келечекте элдин керегине жараган кыз болом деп илим-билимге басым жасаар элем…

Ал эми азыр келечегиме көзүм жетпей калган, тагдырым аңги «эркектерге» тебеленген бир шордуумун,эжеке…

Мындан ары бул жалган жашоодо жашагым келбей калды…

Ал эми өзүн «эркек» сезген аңги «эркектерге» айтаарым,

-Эч качан кыздардын тагдырына балта чаппагыла! Бул жашоонун кайра башыңа тийээр кайрымы бар экенин эсиңерден чыгарбагыла! Эртеңки күнү эжеңердин,карындашыңардын,

кызыңардын, туугандарыңардын башына келээрин унутпагыла! …»-деп менин өздүгүмө кат жолдоп кеткен Алиман аттуу (аты өзгөртүлдү.авт.)кыздын суранычын аткарып, окурмандарым үчүн чакан баян жаздым эле.

Окуп көрүп,ой-пикирлериңиздерди ,кеп-кеңештериңиздерди калтырып кетиңиздер,ардактуу окурмандарым. Балким, жаман ойлорунан арылып, жашоого болгон кызыгуусу ойгоноор беле,бул кыздын…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE