Пример HTML-страницы

Анимациялык сүрөттөрдү тарткан 18 жаштагы Сезим Карымшакованын эмгектери

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Сезим Карымшакова. Ал акыркы 3 жылдан бери адамдын портреттерин анимациялык стилинде тартуу менен алектенип жатат.

Карымшакова Сезим Эрмековна 2005-жылы 26-ноябрда туулган. Кичинесинен сүрөт тартып келет.

«Азыр жаштар анимация жанрына абдан кызыгышат. Андыктан аны тартууну үйрөтчү дегендер көп болот. Мектепте окуп жүргөн кезде эле каалоочуларга үйрөтүп келгем. Негизи балдарды окутууга жөндөмүн болгондуктан педагогика боюнча билим алып жатам. Өзүм 15 жашымда Япон өлкөсү тарткан аниме тасмаларды көргөндөн баштап сүрөт тарта баштадым», — дейт ал.

Сезим келечекте анимация аркылуу балдарга кызыктуу чыгармаларды тартууну кыялданат.

«Келечекте мыкты сүрөтчү болгум келет. Ар бир сүрөтчүнүн өзүнүн өзгөчөлүгү болот эмеспи. Мен дагы өлкөдө сүрөттүн бул түрүн өздөштүрсөм дейм. Анткени учурда Кыргызстанда анимация анча өнүккөн эмес. Ал эми аларды кыймылга келтирип, чыгармалардын каармандары болушу үчүн учурда компьютер менен тартууну өздөштүрүүгө аракет кылып жатам», — деди ал.

Жаш таланттын айтымында, бир сүрөттү тартууга 10-15 мүнөт гана убакыт сарпталат. Бирок аларды ар кандай түстөргө боё үчүн көп убакыт кетет. Айрым учурда кызыгуу, эргүү келип, 5 саатка чейин созулат. Сүрөт тартуу үчүн калем сап, келем, өчүргүч гана керек. Башкысы эргүү жана эмгек гана талап кылынат.

«Адамдарды тартып жатканда эргүү келет. Анын көзү, жылмаюсу аркылуу ички жан дүйнөсүн, ошол кезде жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын чагылдыргым келет», — дейт ал.

Сезим атактуу Леонардо да Винчи, Пикассонун эмгектерин баалап, алар сыяктуу түбөлүктүү чыгармаларды жаратууну тилек кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE