Пример HTML-страницы

Чүйдүн Кегети капчыгайына коюлган пост жана таштандылар жергиликтүүлөрдү нааразы кылууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй районундагы Кегети капчыгайына коюлган пост жергиликтүүлөрдү нааразы кылууда.

Күбөлөрдүн айтымында, туристтер көп каттаган жайларда, өткөрмө посттун жанында таштандылар жатат.

«Кегети капчыгайына бара жаткан жолдо өткөрмө посттор коюлган. Азыр жердин баарына ушундай посттор коюлуп жатат. Бир гана Ысык-Көл облусунун губернатору каршы чыкты. Посттон түшкөн акча борбордук аппаратка кетип жатат. Болгону бул жакка даараткан анан таштанды челек салынды. Акча өз орду менен кетпей атат. Эс алган жерлерге таштанды челекти көп салыш керек болчу. Азыр эми таштандыларды жүктөп келип, ушул посттун жанындагы таштанды челекке таштап жатышат.

Посттон түшкөн акчага мыкты дааратканар курулуш керек. Ар бир жерде сапаттуу таштанды челектер орнотулуп, кооптуу жерлердеги таштарды кулатып, суу жеп кеткен көпүрөнү калыбына келтириш керек. Акча өз орду менен жумшалыш керек», — деди жергиликтүү тургундар.

Ал эми Султан Ибраимов айыл өкмөтү бул аймактар токой чарбанын жери экенин маалымдады.

«Видеодо айтылган аймактар бүт баары токой чарбасына тийиштүү жерлер экен. Посттон түшкөн акчалар да токой чарбага кетет. Ошондой эле даараткана жана таштанды, тазалык маселелери дагы токой чарбанын милдетинде», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми токой чарба кызматы маалымат боюнча айтылгандарды тактап жатышканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE