Пример HTML-страницы

Күтүүсүз бурулуш 3-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

Күтүүсүз бурулуш…3-бөлүм

 

Ата-энеме, курбу кыздарыма баарын айтып берейин деп ойлодум. Бирок, анын мага кутуусуздон кылган сюрприздери копко тан калтырчу. Дароо чалдым ага.

-Мен сени кечинде эле чалат деп кутком,-деди.

-Ооба,кечинде чалмакмын, уктап калсан керек деп ойлодум,-дедим белегин кеч кабыл алганымды жашырып.

-Жактыбы?

-Билбейм.

-Кандайча?

-Мен эмне ойлошумду да билбей калдым.

-Тушунбодум.

-Сен мага суйлошкон кызындай эмес, досундай мамиле кыласын. Анан кутуусуздон бул сюрприздер. ..

-Созсуз эле расмий жарыялашыбыз керек эмес го.

-Ооба, бирок,-деп созумду улаганча ,

-Кечинде бош болсон кезигеличи, -деди созумду улантуумду кутпой.

-Макул

-Кечинде уйундон алып кетем анда.

-Макул.

Курбу кызым жанымда «Сен макулдан башка соз билесинби?» ,-деди

-Билбейм.

-Ошол эле созду билесинби?-деди таарынычы тарабаган тейде.

-Жок эмнеден башташымды, эмне жонундо ойлошумду билбейм. Оюмду жыйнап алайынчы. Баарын айтып берем.

 

Алардан жашырганымдын себеби баары ачык айкын эмес болчу. Ал мага жактыргандай мамиле кылганы менен «Мен сени суйом» деп айтчу эмес. Тушунуксуз тунгуюк сыяктуу. Аларга айтып алсам, эртенки куну «Эмне учун биз менен таанышканы келбейт?» ,-деп айтышат да. А мен аны тааныштырам деп андан мурун сунуш киргизмек белем. Айтор, ушул ойлор менен кеч да кирди. Ал келип тынч бир кафеге алып барды.Эмнеден соз баштаарымды билбей тайсалдап турдум. Кыз болуп жаралгандын кемчилиги ушул тура. Канчалык феминист болуп , эркектер менен тен тайлашам деген менен ,кыз-жигиттин жеке мамилесине келгенде бийлик баары бир эркек тарапта болот экен. Мамилени ал башкарып, ал чыгарган чечим менен уланат тура. Кыз болгонум учун «Мен сени суйом. Акыры бул мамилебиз уйлонууго алып барат. Сен да макул болсон бири бирибизди жакындан тааныйлы, жакындарым менен тааныштырайын» ,-деп айта албай жаттым.

-Эмне мынча ойлуусун?,-деди жылмайып.

-Билбейм.

-Сага дагы бир сюрпризим бар.

-Туфлинин экинчисин кийгизесинби? -,деп алып кайра туура эмес суйлоп алганым учун ынгайсыз болуп кеттим.

Ал каткырып кулуп :»Ал кун да алыс эместир. Бирок,экинчисин кийгизээрден мурда экообуз бири-бирибизди ото жакшы тааныш учун бир жумага бир жакка барсак болобу?»,- деди.

-Каякка?,дедим тан калыштуу тиктеп.

-Мисалы Дубайга, деп козун кысып койду.

-Бул жакта эле тааный берсек болбойбу?

-Мен озгочо болуусун каалап жатам.

-А менин каалоолорум эске алынбайбы?

-Дубайга барууну каалабайсынбы?

-Жок,-дедим жиним келгенин жашырууга аракет кылып. Дубай десе эле дароо макул болуп кете калгандай мен акылсыз эмесмин го. Айтор кылыктары учун чындыгында жиним келди. Ата-энемди тааныса бир жон, уруксат сурап алып кетмек . Мен аларга тааныбаган бироо менен кайдагы бир Дубайга бир жумага барганы жатам деп айтмак белем.

 

«Ага ата-энемден уруксат сурайм, уруксатты суроодон мурун сен алар менен таанышышын керек»,-деп тушундуруп отургум келбеди. Ал озу тушунсо болмок. Биз Европада жашаган жаштар эмеспиз го оюбузга келгенди кыла берген. Бирок ал оз башынча жашаганга конгону боюнча мени да ошондой деп ойлогон чыгаар.

— Эмнеге? деди тан калып.

-Мага менин оюмду сурабай туруп даярдалган сюрприздер жакпайт, айрыкча ушул сыяктуу.

-Мен бирок эки кишилик жолдомо алып койгом да,-деди жай гана.

Куйбогон жерим кул болду. Сюрприздер корсо жалан эле кубантпайт тура адамдарды. Жининди келтире турчу да сюрприздер болот экен да.

-Жок, мен бара албайм, кечирип кой,-дедим бул ирет жиним келгенин билдирип.

-Тушунуктуу. Сен мага жакындоону каалабай жатасын,-деди.

-Созсуз эле алыс бир чет олкодо жакындаш керек эмес го.

-Мен сени кубанат деп ойлогом.

-Кубанган жокмун.

-Мен тушунчумду тушундум. Сен балким зээрикпейин деп жургондурсун мени менен. Менин ойлорум андай эмес,-деди.

Жогорку билимдуу интеллигент адам ушундай нерсеге келгенде таптакыр акылсыз суйлоп жатканы озгочо ачууландырды. Актанып,жалынып тушундурууну каалабадым.

-Мен уйго кетем,-дедим дароо эле.

-Макул, каалаганындай болсун,-деди. Мен ордумдан туруп эшикти коздой бет алдым. Ал бир аз куттуруп чыкты. Ун-созсуз уйго жеткирди да, адаттагыдай машинадан тушо калып эшик ачпай «Жакшы эс ал»,деди суз гана. Мен суйлобой тушуп,уйго кирип кеттим. Экообуздун алгачкы катуу суйлошубуз, таарынычыбыз ушундай болду.

 

Ызаланып ыйлагым келип, бир жактан жиним келип кабагымды туйуп кирип бардым уйго. Курбу кыздарым олуттуу суйлошууго даярданып отурушуптур уктабай.

-Эмне болду?,-деди маанайым жаман экенин билип.

Ыйлап баштадым турган жеримде. Келип экоосу кучактап калды. Кире бериште бут кийимимди да чечпей копко турдум коз жашымды тыя албай.

-Мен жон эле умуттонуп журот окшойм кыздар,-деп соз баштадым. Ал такыр башка дуйнонун адамы. Кээде тушунбой да кетем. Мен суйгон адам акылдуу,билимдуу, джентельмен болсо дечу элем. Анда мен айткан критерийлердин баары бар,бирок, кээде тушунуксуз кылыктарын тушуно албай койдум. Мага же суйоорун айтпайт же мындай сюрприздерди жасабай койбойт. Айтор кызыктай абалдамын. Ушунча убакыт энсеген кыялдарым орундалбайт окшойт.

Алар унчукпай угуп отурушту да бироосу соз баштады:

-Сен эмне эле кичине нерсени чон койгойго айландырып жатасын? Ата-энем менен тааныш алгач деп айтсан болмок.

-Мен чон эле адамга ошол нерсени тушундуройунбу?

-Ал эми жашоо образы ошондой болгону учун куноолуу эмес го.

-Ал мени сени суйом деп ушул убакка чейин айтпаганы учун да куноолуу эмеспи?

-Ал создун баркын кетирбей , кыймыл-аракети менен корсотуп жатат го.

-Жок мен мындай жоруктар менен жашай албайм. Балким,эртен свадьбаны уюштуруп анан уйго ак койнок жонотоор, тоюбузга келип кал деп.

-Анан эмне кылайын дейсин?

-Суйлошпой коем го. Менин да озумо жараша пландарым бар. Бул жылы окуумду бутсом чет олкого магистратура учун кетээримди билесин. Кеч боло электе токтотуп коеюн.

Токтотуп коеюн деп журокко буйрук бергенге болобу. 1 жума ал да, мен да чалбадым. Чалаар деп куттум. Сагынычымдан саргайып уйдон чыкпай жаттым. Тамак жегенге, достор менен конул ачууга, ата-энемдин жанына барууга конулум чаппады. Колумда телефон, смс жазып баратып ,кайра очуруп коем. Айтор, ойлонуп отуруп чалууну чечтим. «Сиз чалган абоненттин аппараты очурулгон» деген ун жанырып жатты кулагыма. Оюма ар турдуу нерсе келди. Балким ал да мен сыяктуу чечим чыгарып номерин алмаштырган чыгаар же жон гана очуп калгандыр. Султанга чалдым эч нерсени билмексен болуп.

-Кандай?

-Оо жакшы. Кайда журосун корунбой?

-Корунуп эле журом. Жолукпай жатпайбызбы.

-Ооба. Ромеон келсе жолугаарбыз.

-Келсе? Ал каякка кетти эле?

-Мээрим менен Дубайга кеткендей капа кылыпсын го.

Башыман ылдый ысык суу куюп жибергендей болду. Суйлоорго соз таппай туруп калдым.

-Кечир,деди Султан озун куноолуу сезип. Баары бир эртеби-кечпи чындыкты билмексин да.

-Рахмат,-дедим жай гана озумду кармап. Дагы эки ооз соз суйлосом ыйлап баштамакмын.

-Жолугалы бир куну. Сен кайгырба,-деп койду трубканы.

Мен мени бир секунд ойлонбой кетип калган адам учун озумду кыйнап жатамбы ? Мен мындай мамилеге татыктуу эмесмин. Ал учун окунгон мунотторумду кайрып алып башка бир нерсе учун короткум келди,мисалы конул ачууга.

 

Артымдан чуркап жургон группалаш балага чалдым.Демейде аны карап да койчу эмес элем.

-Жолугалычы

-Тынччылыкпы?

-Анан тынч эмес убакта чалмак белем сага

-Жок, тан калып жатам

-Тан калба , менин уйумдон алып кетчи кечинде

-Макул,деди башка суроо сурабай.

Кечинде келди бир букет гул менен. Ал мен суйгон адамдан айырмаланып менин жактырган гулумду алып келиптир. Бирок ага деле конул бурбадым.

-Каякка баралы?-деди толкунданганын жашырбай.

-Клубка

Ал мени тан калып карап турду.

-Сен клубдарга барбайсын да.

-Баары алгачкыдан башталат.Сени менен алгачкы жолу клубка барсам болбойбу?

-Болот,-деди конулдонбой.

-Анда кеттик.

Машинасын айдап жоноду тан калган тейде.

 

Тартынып кирдим. Анча-мынча жарыкты эске албаганда карангы. Менден башка бардыгы эле «как рыба в воде», тартынбай эле журушот кыска койноктору менен. Мен укмуш уйдон чыкпаган кызмын деп айткым келбейт озумду. Бирок, мындай жерлер мен учун эмес деп такыр барган эмес элем. Барный стойкага келип турдук.

-Сен алкгольсуз коктейль ич,-деди группалашым мени карап.

-Мен алкогольсуз коктейлди кафеде деле ичип алмакмын,-дедим.

-Макул, анда эмне ичесин?

-Билбейм. Сен жакшыраак билсен керек.

-Ал барменге карап бизге 2 виски кола. Виски азыраак болсун,-деди

-Эмнеге азыраак?,-дедим аны карап.

-Сени тушундум мен. Омурундо биринчи жолу мындай кадамга барып жатсан,журогундо ошончолук чон кайгы бар. Бирок, сени кыстап сурабайм. Кааласан озун айтып бересин. Жон гана сенин жанында болом,-деди.

-Сураныч суроо бербе.

Ангыча ичимдик да даяр болду. Анча тартынып турсам да эч нерсени ойлонбой тюбикти алып эле ичип баштадым. Анчалык ачуусу сезилбеди. Бирок бир аздан кийин ичим ысып, жузум албырып, башым айланып баштады.

-Кучтуурок эле алчы эми,-дедим аны карап.

-Эмикиси болбойт. Чыгалы бул жактан. Сен которо албайсын.

-Котором

-Сураныч мени кыйнабачы

-Мени да кыйнабачы суранам.

Качан заказ бергенин билбейм,дагы 2 бокал сунду бармен. Бул ирет башкача даам экен. Ичип эле: «Жур бийлейбиз» ,-дедим озумду коно тушкондой сезип. Ал конулдонбой турса да менин анын айтканына макул болбошумду билди окшойт. Унуткандай болгонум менен ичим ысып демим кысылып жатты. «Мен отура турайынчы.Озумду жаман сезип баштадым» ,-дедим. Мени кучактап эшикке алып чыкты. Муздак шамал жузумду сылаган сайын озумду жоготуп бараттым. Андан кийинкиси эсимде жок. Козумду ачсам машинада отурупмун. Тан атып келе жатыптыр. Башым айланып, озумду ото жаман сезип жаттым. Группалашым рульга башын коюп уктап калыптыр. Оозум кургап, ачуу даам дагы деле кетпей турду. Бир топко кучумду топтой албай отурдум. Ал да ойгонуп кетти.

-Жакшысынбы?

-Мага суу берчи.

-Азыр,-деп арткы жактан суу алып берди.

Омурумдо алгачкы жолу суу ичип жаткандай баарын ичип койдум.

-Мени кечирип койчу ,-дедим.

-Эмнеге кечирим сурайсын. Сенин кадырынды билбей кеткендер сенден кечирим сурасын.

-Менин кадырымды ким билбей кетиптир?

-Кечинде бир аз айтымыш болдун.

-Менин эсимде жок.

-Алгачкы жана акыркы жолу болсун бул кылыгын. Экинчи жолу менден мындай нерсе сурансан да макул болбойм,-деди катуу айтып.

-Экинчи жолкусу болбойт,-дедим ишеничтуу.

 

Тан атып кун тийе баштаганда озумдун чарчаганымды сездим. Ичимдик ичип бийлоо конулду ачпашын ошондо тушундум. Мени бир кофейняга алып барды. Тынбай эле муздак суу ичким келип жатты. Ал жерден кыстап жатып бир нерсе жедирди да уйго алып келип таштап кетти. Курбу кыздарым тушунгондой суроо да беришпеди. Болмомо кирип жатып алдым. Уктап кеткен экенмин, атам чалды.Адаттагыдай шандуу ун менен:

-Тура элексинби,кызым? Жаш баладай эркелеп ыйлагым келип турса да озумду кармап:

-Кеч жаттым эле.

-Дипломный жазып жатасынбы тунучундо?

Уялып кеттим. Атакемдин ишенич арткан кызы тундо кандай гана жерге барбады.

-Жазып жатам,ата. Бирок, кечинде жазбадым.

-Мен ошону сурайын деп чалганым. Бизге да келбей койдун.

-Ата эки-уч кун ичинде созсуз барып келем.

-Макул, кутобуз.

-Макул атоуу.

Трубканы кое салып ыйлай баштадым. Мен кандай адамга айланып баратам. Бутуруучу курс болсом, ата-энем мага эн чон ишеничин артып отурса, кызыл диплом менен аяктап алардын сыймыгы болсом деп кыялданчу эмес белем. Токтоно албай копко ыйладым.

 

Суйуусу курусун. Азап берип кыйнаган суйуусу курусун. Аялдык бакыт деп коюшат дагы. Мен уй булолуу болуп башка бир адамдын азабын тартканча окуумду ийгиликтуу аяктап, карьерамды гана максат кылам деп ойлонуп отурдум ваннада. Чыгып эле коптон бери жыйыштырып койгон дипломныйды улантуу учун компьютерге отурдум.

-Кандайсын?- деди курбу кызым мен отурган болмонун эшигин ачып.

-Жакшы,эн жакшы

-Эмне жегин келип жатат? Менин тамагым жакпайт десен, пицца заказ берели.

-Эмне тамак жасадын?

-Жасай элекмин. Сен эмне жегин келсе ошону жасап берем.

-Анда убара болбо. Пицца жейли.

-Макул азыр чалып, заказ берип коем,-деп чыгып кетти.

Ушундай унсуз тушунуп, унсуз кубанткан курбу кыздарым бар экендиги учун кубанып алып диплом жазууга кириштим.

 

2 кундон кийин ата-энеме бардым. Жаны жылды алар менен тоспогонум аз келгенсип, жаны жылдан бери бара элек экенмин. Атам мен барсам эле жаш баладай кубанып бактылуу боло берет. Апам деле кубанып турса да мага билдирбегенге аракет кылып, таарынгындай суйлоду:

-Сен жактырган майрамдык оливьени уч кун сактадым. Акыры келбеген сон тогуп салдык.

-Апа, каникул болсо деле эс албай жатабыз бутуруучу курс болгон учун.

-Сессияларынды кандай тапшырдын?

Зачеткамды алып чыгып сундум. Атам «Баары 5 да. кызым 5 тен башка баа албайт»,-деди мага карап козун кысып. Апам ар дайым кубанса да, мени ото эркелеп кетпесин дейби , айтор балансты сактоо учун атасы экообуз тен эркелетпейли деп ойлойт окшойт. Чай ичип отуруп , апамдын таарынычы да тарады. Мага каткан таттууларын салып берип узатып калышты. «Менин бактысыз болушка акым жок»,-деп ойлондум жолдо келе жатып. Ата-энем аман-эсен жанымда, мени колдоочу досторум, курбуларым бар, престиждуу окуу-жайда билим алам, жегеним алдымда, жебегеним аркамда,алты саным аман. Мен эмне учун бактысыз болушум керек? Мени бактысыз кылууга эч кимдин акысы жок.

 

Олбогон жанга жаз келет демекчи аны менен суйлошпогондон туптуура 58 кун откондо жаз мезгили кирип келди. Карлар ээрип , кун бир топ ысып калган. Мен озумду окуу менен алаксытып, китепканадан чыкпай калганым учун жаздын алгачкы кунундо сейилдегим келди. Группалаш кыздар менен жолугуп, бир паркта отурдук. Ангыча телефонум чырылдады, тааныш номер. Аны телефонумдан очуруп салсам деле номерин жатка билем да. Эч нерсе болбогондой алдым:

-Алло,

-Кандайсын?

-Сонун да,озун кандай журосун?-дедим унумду шандуу чыгарып.

-Жаман.

-Эмнеге?Тынч элесинби?

-Жок, кезигеличи.

-Жок ай, биз деген виртуалдуу тааныштарданбыз да. Интернет жазып тура бер,каршы эмесмин.

-Суранам.

-Менин убактым жок. Дипломныйымды жазып бутурушум керек.

-Чогуу жазалы.

-Мага эч кимдин жардамы керек эмес. Группалаштарым чакырып калды атымды айтып.

-Макул, жакшы тур,-деп трубканы коюп койдум.

«Экообуз жазганда ийгиликтуу болчу эмес беле. Бир жолку докладды эстейсинби? » деген смс келди. «Мен анда калп айткам.Эч кандай доклад окуган эмесмин» деп жооп жаздым.Ошол боюнча смс келбеди. Шандуу отуруп, алгачкы балмуздакты жеп тарадык уйлорубузго. Эшиктин алдына келе жатып ключту албаганымды эстеп курбу кызыма чалдым.

-Уйдосунбу?

-Бир аздан кийин барып калам,эмне болду?

-Эшикте калдым, ключум жок.

-Бир аз куто турчу, бара жатам.

-Макул, отура турайын,деп трубканы кое бергенде анын машинасын кордум короодон.

Артыма карап качайын дегенче чуркап жетип келди. Мурункудай эмес жудогондой болуп калыптыр.

-Аа сен келдин беле?,-дедим билмексен болуп.

-Качпачы суранам.

-Качпай эле,бироо чыкырып калганынан кайра кетип жаткам,-дедим ишеничтуу.

-Анда мен жеткирип коеюнчу.

-Жок мен жетип алам озум. Сен убара болбо.

 

(уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE