Пример HTML-страницы

Кызылча эске тутууну жакшыртат 

https://kyrgyzcha.site/?p=57448&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кызылча эске тутууну жакшыртат

 

А, В1, В2, В6, В12, С, РР витаминдери, кант, кислоталар бар жана курамынан йод, калий, кальций, натрий, марганец, жез, темир сыяктуу баалуу заттарды өзүнө камтыган пайдалуу жана элдик медицинада кеңири колдонулуучу кызылчанын дагы кандай пайдалуу жактары бар?

 

Кызылчаны суйуп жеген адамдардын жалпы портретине назар салсак.

Ал акылдуу: Себеби кызылчада йод көп. Ал эми бул жемишсиз эске тутууну жакшыртуу, ой-жүгүртүүнү жогорулатуу мүмкүн эмес.

Бети кызыл. Себеби кызылча темирдин сиңүүсүнө таасир этет. Ошондуктан кызылчаны жактыргандардын бет келбетинин бозоргонун байкабайсыз.

 

Анын чачы коюу. Кызылчаны жакшы көрүп жеген адамдардын чачы бат өсүп, коюуланып жылтырап турат. Бул нерсеге кызылча кабыгынын астында көп өлчөмдөгү В витамини таасир этет.

 

Ал сымбатту. Кызылча курамында азот алмашуусун тездетип, ашыкча суюктукту чыгарып, кошумча салмактан арылтууга таасирин тийгизе турган өзгөчө заттар кездешет.

Кызылча кандай ооруга жардам берет?

Кан басым. Кызылча ширини кан басымды төмөндөтөт. Анын курамында көп өлчөмдө кездеше турган кальций бар болгондуктан, кызылча жүрөк ооруларынан зардап чеккендерге табылгыс дары эсептелет.

 

Ич катуу. Кызылчадан жасалган даамдарды ич жүргүзө турган курал катары пайдаланса болот. Бирок кызылча ширинин пайдаланганда абайлаңыз! Натыйжасы сиз күткөндөн да артык болушу мүмкүн.

 

Баш жазуу. Коюу кызыл жемиши боор кызматын жакшыртып, аны уулу заттардан коргоп, организмдеги зыяндуу заттарды чыгарат.

Ашказандын оорусу. Кызылча ашказандагы ашыкча заттардын майдалап, сиңиүгө жардам берет.

 

Сасык тумоо. Кызылча ооруга каршы күрөшүүгө жардам берет. Сасык тумоо болгон учурда кызылча ширинин мурунга тамызса жана тамак ооруганда тамакты чайкоого колдонсо болот..

 

Эгер сизде төмөндөгү аталган ооруулар болсо, кызылчаны көп колдонбогонуңуз абзел.

Кан диабети- ал кандагы глюкоза кан көлөмүн көбөйтөт.

Бөйрөгүндө, өтүндө таш пайда болгонун билген болсо- кызылча курамында бул ооруларды каршы көрсөтө турган кычкыл зат бар

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE