Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы 2 айылда милициянын участкалык пункттары ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районундагы 2 айылда милициянын участкалык пункттары ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин демилгеси менен район аймагындагы тургундардын коопсуздугун сактоо жана аларга ыңгайлуу шарт түзүү ошондой эле милиция кызматкерлеринин иштерин жеңилдетүү максатында Майдан айыл аймагынын Майдан айылындагы №39 жана Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылындагы №48 административдик аймактарына милициянын участкалык пункттары ачылды. Ачылуу аземине Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукенов, Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңыдан курулган милициянын участкалык пункттарына жергиликтүү бийлик жакындан жардам берип, иш бөлмө, эс алуучу жана жуунучу жайлары менен курулган заманбап тибиндеги 2 имаратта керектүү бардык кеңсе жабдыктары менен жабдылып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн баштады.

Курулушка жардам берген жарандарга ИИМнин жана Баткен ОИИБдин сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE