Пример HTML-страницы

Чүйдөгү айылда «Камаз» бир нече унааны сүзүп кетти. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ 4-май күнү «Манас» аэрропортуна жакын жерде унаа жолунда кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалымака караганда, Мраморное айылындагы жолдо иш-чара өтүп жаткан. Саат 15:30 чамасында жолунда жүк ташуучу «Камаз» үлгүсүндөгү унаа күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып жолдун жээгинде турган жеңил унааларды сүзүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча анын тормозу кармабай калган. Кырсыктан улам метиралдык чыгымдар келтирилген.

«Хонда Аккорд» жана «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгу унаалар Сокулук районун айып короо жайына токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE