Пример HTML-страницы

Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2-май күнү Сузакт районунда окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү катары Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.Б. суралып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (кармоонун негиздери) негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кечээ, 4-майда Жалал-Абад шаардык сотунда айдоочу Ж.Б.нын баш коргоо чарасы каралып, ага карата үй камагында кармоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

——————————————————————-

2-майда Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жерге-Тал айылында ондогон балдарды унаа сүзүп кеткен.

Маалым болгондой, кырсык саат 13:30 чамасында «Манас» эпосунан үзүндү айтуу саамалыгы өтүп жаткан учурда болгон. Токтоп турган «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, окуучуларды аралап кеткен. Жабыр тарткандардын саны 35 адамга жетти. Окуучулар ооруканага жеткирилген.

Саат 14:00 Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номуруна милициянын старшинасы Т.Айдарбеков кабар берип, Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын«Манас» айтуу аземи болуп жаткан учурда Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган тургуну Б.Ж. өзүнүн башкаруусундагы «Хендай Портер» автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан унаасы жылып кетип, «Манас» айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткенин кабарлаган.

Текшерүү учурунда «Хендай Портер» автоунаасынын айдоочусу — 1976-жылы туулган Б.Ж. өз көрсөтмөсүндө аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо-сынакка катышып жаткан балдарга бекер бал муздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын, ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна «кайсы жерге жеткирип берейин?» деп суроо үчүн унаасын токтотуп, жерге түшүп, телефон менен чалып жаткан учурда унаа ылдыйга жүрүп кеткенин байкабай калып, өзү артынан кууп токтотконго жетишпей калганын билдирген.

Саат 22:00 чамасында Жалал-Абад ОИИБ куучуларды сүзүп кеткен «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу кармалганын кабарлаган. Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Саат 22:30 Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов окуучулардын экөөнө операция жасалганын билдирген. Жалал-Абад облустук ооруканасы унаа сүзүп кеткен 11 бала дарыланып жатканын, алардын ичинен 5 бала жандандыруу бөлүмүндө, абалдары оор экенин маалымдаган.

3-май саат 9:00 Жалал-Абад облустук ооруканасында жаткан балдардан кабар алуу үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева келген. Анда облустук ооруканада 12 бала жаткан болсо, анын ичинен 5 бала жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.,

3-май саат 10:00 Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган кырсыктан жабыркаган 20 адам дарыланып жатканын билдирген. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына 12 бала жеткирилген. Алардын арасынан 5 баланын абалы оор деп бааланып, реанимацияда жатканы айтылган. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак ооруканасында — 3, Октябрь аймактык клиникалык ооруканасында — 4 бала дарыланууда. Башка жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланган.

3-май саат 13:00 УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кырсыктан жабыркап, ооруканада жаткан окуучулардан кабар алган. К.Ташиев Бишкекке которо тургандар болсо, бүгүн учак уюштуруп, алып кетүү керектигин билдирген. Ал президенттин фондунан жаракат алган балдардын ар бирине президенттин фондунан 200 миң сом, ал эми жеңил жаракат алган балдардын бардыгына 50 миң сомдон акча бөлүнүп берилгенин айткан.

3-май саат 16:00 билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан убактылуу четтетилгенин кабарлады.

  • Бул кызматтын жетекчиси — Сариев Сопубек Камалович.

3-май саат 15:30 президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыр тарткан балдар атайын учак менен Бишкекке жеткирилген болгону кабарланган. Оор абалдагы балдар жакындары менен бирге Бишкектеги шаардык балдар клиникалык ооруканасына алынып келинери айтылган.

3-май саат 17:00 Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов ооруканага жаткырылган балдардын ичинен 10 окуучу учак менен бүгүн Бишкекке которуларын айткан.

  • Аталган окуядан улам кайрылгандардын саны 35ке жеткен.

3-май саат 17:30 Бишкекке 10 окуучунун үчөөсүнүн 2ден, калган 7 окуучунун бирден жакындары коштоп кеткен. 30га жакын учак билеттери сатылып алынган. Саламаттыкты сактоо министри балдар жана алардын жакындары менен учуп кеткен.

3-май саат 21:30 10 бала атайын учак менен Бишкек шаарына жеткирилгени белгилүү болгон.

3-май саат 23:00 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооурканага келип, балдардан кабар алган.10 окуучунун ичинен 4 бала жандандыруу бөлүмүнө, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган

4-май саат 11:00 Сузактагы кырсыкта жабыркаган 2015-жылы туулган Ю.А.га операция жасалды. Анын баш сөөгү сынган. Операцияга башка адистер менен бирге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы катышты.

4-май саат 15:00 президент Садыр Жапаров кырсыкта жабыркаган балдардан кабар алды. Мамлекет башчысы дарыгерлер, балдардын ата-энелери жана коштоп келген туугандары менен баарлашты. Балдардын саламаттыгына кам көрүүгө эң мыкты дарыгерлерди тартууну, зарыл дары-дармектер менен толук камсыздоону тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE