Пример HTML-страницы

Москва районунда жергиликтүү кулпунай 400 сомдон сатыкка чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда борбордук базарда кулпунай 400-450 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондогу борбордук базар Беловодск айылында жайгашкан.

«Жыл бою соода-сатык менен алектенем. Кышында жүгөрү сатсам, жайында кулпунай, малина жана башка сатам. Учурда түштүк тараптан алынып келген «клери» сортундагы кулпунайды 450 сомдон сатып жатам. Ал эми жергиликтүү Петровка, Садовой жана Сокулуктан алынып келген кулпунай 400 сомдон сатыкка чыкты. Өзүм кыргыз кызымын. Корей улутундагы жигитке турмушка чыккам. Үй-бүлө күтүп, Беловодск айылында жашап жатабыз», — дейт Гүлсара Ли.

Базарда жергиликтүү бадыраң 120 сом, помидор, бадыраң жана башка жашылчалардын көчөттөрүнүн даанасы 2-3 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE