Пример HTML-страницы

Башкаларды Англияга ишке жөнөтүү үчүн акча алууга шектелген аял качып бара жатканда кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАнглияга ишке жөнөтөм деп алдамчылык кылууга шектелген адам аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук милициясына 1983-жылы туулган С.Ы. кайрылган. Ал чет өлкөгө жакшы маяналуу ишке жөнөтүү шылтоосу менен анын жана башка адамдардын ишенимине кирип, материалдык чыгымга учураткан адамга чара көрүп берүүнү суранган. С.Ы. жазган арызында Т.Ч. аттуу аял 2024-жылдын февраль айынан баштап аны чет өлкөгө ишке жөнөтөрүн айтып, алдоо жолу менен ишенимине киргенин «Англияга жакшы маяналуу жумушка жөнөтөм. 6 ай ичинде жакшы акчага иштеп келесиңер» деп жумуш ордуларынын сүрөттөрүн көрсөткөнүн билдирген.

Ал жабырлануучу С.Ы. аркылуу Кадамжай районунан жалпы 47 кишини чогултуп, «виза ачып берем» деп, ар биринен 1400 доллардан акча алган. Бирок аларга виза ачып бербестен, ар кандай шылтоолорду айтып, изин жашырып жүргөн. Жабырлануучулар жогорудагы алдамчылык аракеттен болжол менен 66 миң 800 доллар чыгымга учурашкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү аял Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3-май күнү чек арадагы «Акжол» өткөрмө посту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан качып бара жаткан жеринен кармалган. Ал Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул аялдын аракетинен жабыр тарткан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE