Пример HTML-страницы

Баткен шаарында чет тилде жазылган көрнөк-жарнактар боюнча рейд өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарында көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактар боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 күндүк рейдде талапка жооп бербеген 39 учур катталды. Алардын ээлерине 10 күн аралыгында катаны түзөтүү боюнча эскертүү берилди. 10 күндүн ичинде түзөтүүлөр болбосо айып пул салынары эскертилди. Ошондой эле ооз эки түрүндө да түшүндүрүүлөр болуп, эскилиги жетип, өңү өчкөн жарнактардын ээлерине да жаңылоо же болбосо алып салуу керектиги айтылды. Атайын түзүлгөн комиссия көрнөк-жарнак жана жарыялардын мамлекеттик тилде жазылып, илинүүсү боюнча текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнамадагы маалыматты мамлекеттик тилдеги нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле Баткен шаарындагы сырткы жарнамаларды жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Комиссия Баткен шаардагы И.Раззаков, Т.Садыков, М.Нургазиев, М.Салихов, Сайдыман ажы, С.Сыдыков, И.Жусупов, К.Сабыров көчөлөрүндө рейд өткөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE