Пример HTML-страницы

Таластын тургуну С.Кадыркулова кызы 500 миң сом карыз алып, 8 миллион төлөп бергенин айтып, бийликке кайрылуу жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-май күнү АКИpress-Таласта көчмө маалымат жыйын өттү. Ага Талас районунун тургуну Светлана Кадыркулова менен анын кызы Салтанат Кадыркулованын жактоочусу Агзам Дуйшеналиев катышты.

Светлана Кадыркулованын айтымында, кызы Салтанат Кадыркулова процентке акча алып, үстүнөн мыйзамсыз кылмыш иш козголгонун айтып берди.

«2023-жылдын жаз айларында биздин кызыбыз Кадыркулова Салтанат жеке ишкер болуп, Талас облусунда эмгектенип, К.И. аттуу айымдан жалпысынан 500 миң сом карызга алган. Акчаны алып жаткан учурда Талас шаарындагы жеке нотариуска барып, карызына келишим түзүлгөн (карыз жөнүндө келишим). 20% менен алынган акчанын өлчөмүнөн айына кызыбыз төлөш керек болчу. Кызыбыз ал аял болжолуу 8 миллион сом, төлөп берген болчу. Бирок «төлөгөн акчаны кредитти жаптың» деп кызыбыздан дагы 4 миллион сом талап кылып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, «кызыңарга кылмыш иш козготом» деп коркуткан.

Азыркы учурда Талас облустук ички иштер башкармалыгы кызыбызга К.И.нин арызы боюнча алдамчылык менен кылмыш иш козгоп коюшту.

Тергөөчү нотариалдык түрдө 500 миң сомго түзүлгөн карызга алуу жөнүндө келишимди жана биздин кызыбыз 1,5 жылдын ичинде 8 миллион сом төлөгөн акчаны эске албай жатат. Кызыбыз процентке 500 миң сом карыз алып, кайра 8 миллион сом кайтарып берди.

Кызым К.И.ден алган карызын жабуу максатында Талас шаарында А.З. аттуу айымдан 2024-жылдын мартында кайрадан процентке акча алган. Аны менен да нотариалдык келишим түзүлгөн. Азыркы учурда А.З. менен К.И. бизден, кызыбыздан «прокуратурада жана милицияда тааныштарыбыз бар» деп коркутуп жатат», — деди ал.

Светлана Кадыркулова менен жактоо Агзам Дуйшеналиев Салтанат Кадыркулованын үстүнөн кылмыш иш мыйзамсыз козголгону жөнүндө далилдерди көрсөтүү үчүн өлкө жетекчилигинен аларды кабыл алууну суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE