Пример HTML-страницы

Алар кантип алданышканын айтып беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 6-май күнү АКИpress-Таласта көчмө маалымат жыйын өттү. Ага Талас шаарынын тургундары Индира Көөдөкова менен Залина Алымкулова катышты.

Индира Көдөкованын айтымында, анын Кадыркулова Салтанат аттуу таанышы ири суммадагы акчасын алып, кайтарып бербей жатат. Анын апасынын маалымат жыйын уюштуруп, кызынан миллиондогон акчаларды төлөтүп алды деп айтканы чындыкка дал келбейт.

«Бүгүн маалымат жыйынга Салтанат Кадыркулова аттуу кыздын жактоочусу Агзам Дуйшеналиев менен анын апасы Светлана Кадыркулова чыгышты. Алар мени кызына пайыз менен 500 миң сом берип, 1 жыл аралыгында 8 млн сом өндүрүп алды деп жатышат. Булар элге туура эмес, жалган маалымат берип жатышат. Бизде болгон бардык далилдер менен Талас облустук ички иштер башкармалыгына Кадыркулова Салтанаттын үстүнөн арыз жазганбыз. Учурда алдамчылык фактысы менен иш козголгон. Бул иштин чоо-жайына токтолуп кетейин.

Мен өзүм 3 баланын апасымын. Жолдошум 2016-жылы каза болгон. Өзүм ата-энем менен бирге, базарда соода-сатык кылып, балдарымды багам. Ата-энем улгайган адамдарю. Ошондуктан базардагы соода түйүндө иним экөөбүз иштейбиз. Бул Кадыркулова Салтанат өзү 28 жашта, 1 кыздын апасы. Аны менен тааныш болуп, чай ичишип, эже-сиңдидей болуп катташып жүрчүбүз. Аябай мамилебиз жакшы болуп, эжелеп турчу. Сырдашып, улам таттууларды алып келип, белектерди берип, балдарыбыздын көңүлүн алып, элпек эле.

Соодада акча айланып турат. Карызга 20 миң сурады, айткан күнү алып келди. Өзү жоолук салынган, жакшы үй-бүлөнүн кызы деп ишенип бергем. Андан кийин дагы бир нече жолу алып, убагында берип жүрдү. Мен ошол учурда чай ичип бир жолугуп отурганда, атамдын үйүн сатканын айткам. Атам жер тамын сатып, «жакшы жерден контейнер чыкса алып, оокат кылгыла» деген эле. Анан Салтанат «Эже мен чек жактан товар киргизип баштадым. Аябай ийгиликтүү болуп жатат. Жардам бериңиз» деп алгач ири суммадагы акча сурады. «Жакшы болсо, сизге дагы жакшы пайда чыгарып берем, иштеп алыңыз» деп унаасынан долларларды көрсөттү. Мен атамдын акчасы контейнер тапканча жөн эле тура бербесин, иштете берейин деп, аларга айтпастан берип койдум. Анан рахмат деп, шоколадын көтөрүп, үстүнө 5 миң сом кошуп, 2 күндөн кийин эле алып келди. Анан ошентип улам алып кетип отуруп, ири суммаларды нотариалдык ишеним менен бердим.

Жактоочусу айтып жаткан 8 млн сом дегени мындайча болду. Мисалы менден 50 миң сом алып кетип, 1 аптадан кийин кайра 52-53 миң сом кылып банк аркылуу салышат да кайра 2-3 күндөн кийин 70 миң сом кылып колдон алып кетчү. Аны кайра банк аркылуу которуп берет. Эч кандай 500 миң сом үчүн үстөк жана башка деп чоң сумма төлөгөн эмес. Ал болгону баягы эле сумманын үстүнө коштуруп, улам банктын тиркемеси аркылуу которуп, бирок колдон алып кетип жүргөн. Анын жазышып, акчаны алдым деген далилдери бар.

Андан кийин «Жалгыз мен эле эмес, инилерим ишкерлик баштады. Мал менен иштеп жатат, телефон менен иштеп жатат» деп бир нече адамга дагы өзү кепилдик болуп алып акча берип жүргөн болот. Ошону менен учурда менден 4 млн сомдон ашык акча алып алдап кетти.

Мен алданып калганымды ушул жылдын 8-мартында билдим. Базарда жакшы орун табылып, ошону сатып алалы дегенде «акчаны кайтарып берсең» деп айттым. Акчаны кайтара албай ар кандай шылтоо айта баштады. Көрсө жалгыз эле менден эмес, менден тышкары 11 аялды алдаган экен. Үйүндө мага кепилдик катары «эже ата-энем сизден акча алып жатканымды билет» деп жер тилкелеринин кагаздарын берип «Сизге ыраазымын, иштерим жакшы жүрүп жатат. Сиз дагы жалгыз бойсуз, иш жакшы болуп жатканда иштеп алыңыз» дечү эле. Азыр мени алдап кетти. Кантип алданып, ушунча сумманы берип салганымды түшүнбөй калдым. Атамдын үйүнүн, унаасынын акчасын баарын алдатып отурам. Болбосо ал акчаны атам өмүр боюу ак эмгеги менен тапкан эле. Бул кыз өтө акылдуулук менен тааныш күтүп, ишенимге кирип, торуна биздей жалгыз бой аялдар түшүптүр.

Сиздерден (бийликтен) ушул иштин аягына чыгып, мыйзамдуу жол менен тергөө болуп, жазасын алып, биздин акчабызды кайрып берсе деп суранат элем», — деди ал.

Ал эми Залина Алымкулова да К.С.га акчасын алдатканын айтып берди.

«Биз Индира Көөдөкова экөөбүз ушул иште тергөө башталганда таанышып, сүйлөшүп калдык. Мен дагы жабырлануучумун. Индиранын окуясы менен менин окуям аябай окшош экен. Мен 6 баланы баккан жалгыз бой энемин. 3 жумушта иштеп (тойлорго идиш жууп, чач тарачта иштеп), ата-энемдин арты менен балама деп каражат чогулткам. Баламдын көрүүсү начар.

Бул Кадыркулова Салтанат менен салондо иштегенден улам тааныш болчубуз. Аябай жакшы мамиледе, чай ичишип, катташып жүрчүбүз. Келген сайын балдарыма ар нерсе алып келип, өзү мындай тамак жеп жатам, сизге дагы салып жибердим деп такси менен тамак салып жиберчү. Өзүмдүн сиңдимдей эле көрчүмүн. Менден дагы башында 5 миң 10 миң карызга алып, кайра убагында эле берип жүрчү. Менин чогултуп жүргөн акчам бар экенин билчү. «Эже салон ачканы жатам, ошого акча жетпей жатат» деп 300 миң, 200 миң сом сурады. Жогоруда айткандай менин баламдын көрүүсү начар, операцияга муктаждык бар. Ал «Агам Б.М. ушундай иш кылат. Элге жардам берет. Сиз дагы көп бала менен жалгыз бойсуз, айтып жардам бергизем» деп улам видеолорун көрсөтчү. «Иштеп алыңыз, мага дагы пайда, сизге дагы пайда» дегенинен ишенип эле бердим. Улам «ишим жакшы болуп жатат» деп үстүнө 5 миң, 10 миң сом кошуп, рахматын айтып берип жатты.

Талас деген кичинекей эле. Ушундай иш болуп жатыптыр, ушундай кыз алдап кетиптир көптөрдү деп уктум. Анан башка аялдарды дагы таап калдым. Бул кыздын үй-бүлөсү билбептир, 9-март күнү ачыкка чыгып, карыздары тытып баштаганына карабай менин билбестигимден пайдаланып, 12-март күнү 345 миң сом, 13-март күнү 730 миң сом алып кеткен. Анын баарын нотариалдык түрдө которуп, алып кетти. «Апамдын жүрөгү ооруп жатат, аябай керек» деди да. Көрсө алдагандар көп экен. Азыр кайра бет тырмалык кылып, акчаны кайрып бербей коюнун амалын таап, 250 миң сомго жактоочу жалдап, бизге доо коюп жатат. «Индирадан алып, анан анын акчаларын Залинадан алып жаап жүргөн» деп айткан экен. Негизи тергөөдөн маалым болду. Менден биринчи алып, андан кийин 1 айдан соң, Индирадан карызга акча алган экен.

Бул кыз башында өзү үчүн эле сурап, «иштерим жакшы жүрүп жатат» деп, кийин «Инилерим дагы иш баштады. Телефон менен, мал менен иштеп жатат. Жакшы пайда чыгарып жатышат» деп аларга дагы алып кеткен эле. «Ишенбесеңиз мына видеого түшүп берем» деп такай акча алганда видеого түшүп кетчү. Бактагы счетун сүрөткө тартып жөнөтчү. Ал жакта 1 айда 5 млн сом, 1 млн 200 миң сом деген суммалар турат. Ал акчаны бул кыз кайдан алган элестетиңиз. Ушул ишти мыйзам чегинде карап, биздин акчабызды, маңдай тер оокатыбызды кайтарып берүүңүздөрдү суранабыз», — деди Залина Алымкулова.

Окуя тууралуу:

Буга чейин АКИpress-Таласта Талас районунун тургуну Светлана Кадыркулова менен анын кызы Салтанат Кадыркулованын жактоочусу Агзам Дуйшеналиев катышкан көчмө маалымат жыйын өткөн. Анда Светлана Кадыркулова кызы Салтанат Кадыркулова процентке акча алып, үстүнөн мыйзамсыз кылмыш иш козголгонун айтып чыккан. Алар кызы акча алган айымдар аларды коркутуп жатканын билдирип, Салтанат Кадыркулованын үстүнөн кылмыш иш мыйзамсыз козголгону жөнүндө далилдерди көрсөтүү үчүн өлкө жетекчилигинен аларды кабыл алууну суранган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE