Пример HTML-страницы

Базар-Коргондун Чкалов айылында жер көчкү түштү. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы Чкалов айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жерине ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, райондук жарандык коргонуу кызматтары тартылып, тактоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада аталган аймакта 7000 куб метр жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.

Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 см жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарга кооптуулук жараткан жайыт жерлерге мал бакпоо, эгин экпөө (жерди айдообого), тоют жыйнабоо боюнча эскертүү берилди.

Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын ичинен 9 үй-бүлө аталган айылда күн кечирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE