Пример HTML-страницы

«Суйуу сейил бакчасы»

https://kyrgyzcha.site/?p=56915&preview=true Кызыктуу окуялар.

Мен Чыгыш университетинин журналистика факултетинде учунчу курста окуйм. Жаш кезимден бери эле журналист болом деп максат кылчуумун.

Максатым ишке ашып азыркы убакта эртеден тушко чейин окуп ,туштон кийин «Ак куш» газета редаксиясында иштейм. Ал жакта мен акчага иштебейм,озум учун ,озумо тажырыйба топтогону иштейм. Ошон учунда алар мени бекер иштетип журушотда. Окуу ,окуудан чыгып жумуш. Кечинде жатаканага барам,эки бала жашайбыз. Ал биринчи курс,башка факултетте окуйт. Бир куну башчыбыз мага келип:

-Абдурашид мындай балам, биздин гезитке ото трагедиялуу ,ото таза сезимдерди чагылырган суйуу жонундо баян керек болуп жатат. Сен жаза аласынбы?

-ойдон чыгарыпбы? Эми колдон келишинче жазамда.

-жок ойдон чыгарып эмес болгон окуяны жазыш керек. Биз башка гезиттерден да озгочо нерсе чыгарсак окурмандарыбыз дагыда кобойот. Ак кушубуз дагыда бийиктерге коколоп учат.

-агай мен кантип табам болгон окуяны?

-мен сага эки жума убакыт берем,жунрналист болуп туруп сен бул ишти аткара албасан анда караанынды корбойун.

Анын ачуу созу кекиртегимден мыжыга кармагандай болуп,озумчо демим кысылып кетти. Мен андайын кайдан жазам деп интернеттен издей баштадым. Бирок ал жактан тапканым менен аларды элдер окуп коюшканда. Эми айлам кетип досторумдан сурай баштадым. Бир нече суйуу баяндары чыкканы менен озгочо эчнерсеси жок. Карап корсон бири-бирине окшош жетпей калган же таштап кеткен. Же конулдору калып кеткен. Эмне болсода мейли бир экоону жазып директорго алып кирсем бир эки суйломун окуп туруп эле бетиме каратып чачып жиберди. Анын буйругу менен мага башка жумуш берилбей бир гана суйуу жонундо баяндоо жумушу тапшырылды. Кызык ал эмнеге мынча мага жабышып алды . Менденда суйуу баянанына. Озу карып калганы менен журогу жаш эме тура. Жумушумдан коп нерсени уйронгонум менен дагыда уйрончу нерселерим бар. Ошого жумуштан кетпестиктин айласын кылып тыным албай китептерге чейин барактадым. Мына бугун эки жумам аяктап директор мени болушунча урушуп,жумуштан кетирди. Кесиптештеримдин алдында аябай уят болдум. Анткени мен алардан калышпаган кучтуу журналист болчумунда. Жумушумдан айрылганыма аябай окунуп жакын арадагы сейил бакка барып отуруп калдым. Ачуум келсе ,тынчсыздансам тамеки чегип озумду басып алчуу элем. Бирок бугун тамекида чекким келбеди. Саат 16:30дар чамасында асманды ала булут каптап,кун куркуроп жаан себелей баштады. Уйго кетип калайын десем жанымда такыр акчам калбаптыр. Тыйыным да уч эле сом. Бугун мага эмне болгон деп жакын арадагы дуконго барып бир даана тамеки алы паны чегип сейил бакты узунан басып жогоруу чыктым. Жатаканамада баргым келбеди. Айылга чалып апамдарга акча салгыла дейин деп телефонумду алсам кубаты очуп калды. /Ушунчалык бактысызмынбы деп озумду озум жаман коруп кеттим. Жамгыр ношорлоп того баштады. Мен атайлап жамгырга отуруп алдым. Элдердин баары чуркап жамгырдан качышат . Башымды жерге салып отуруп бир убакта козумо бир нерсе урунат. Маани бербей кайгырып отура бердим. Коп отпой дагы козумо чагылышып кетти. Ушул эле жетишпей турду эле деп анын жанына барсам кок тустогу чупурок экен. Тышында мончоктор тигилген. Ошол мончоктор козумо чагылышканго. Алайын десем эски эме. Бир тептимда жатакананы коздой басып кеттим. Жолдо баратып бир нерсемди унуткандай эле болом. Жанакы чупурок эске тушуп озумчо ичинде алтын же баалуу нерсе болуп калсачы деп ойлонуп кеттим. Убакытты текке кетирбей кайра чупурокту коргон жериме бардым. Кашайып кайжака тапканымдыда билбейм. Эми ушул эле жетишпей турду эле издешке оттум. Акыры аны издеп таап отургуч суу болгонуна карабай отурдум.Анткени озумда кол шал болуп калган болчум. Туйунчоктун оозу батинке тикчуу жип менен байланыптыр. Катуу жип экен. Чечсем чечилбейт такыр. Же айрып алайын десем агада болбойт. Кармаласам ичинде кандайдыр бир нерсе бар. Бирок мен анын эмне экенин таба албай чонтогумо салып уйго бардым. Кийимдеримди алмаштырдым шеригим жасаган тамактан жеп уйкум келип керебетиме жаттым. Эми эле уктайын десем баягы чупурок эске келип калды.. Кайра ордумдан туру паны алып ,кайчы менен оозундагы жибин ачтым.

 

Мына кызыктын баары эми башталды.

Чупурок толук жайылганда ичинен салфеткага оролгон буктолгон ак барак жана дагы бир чупурок чыкты. Ал чупуроктун тусуда кок. Аны жайсам саймаланган « Бердибек» деген жазуу турду. Укмуш сайма сайып жазыптыр.

Негедир башкача боло тушуп бир ушкурун алы пак баракты ачтым. Андагы жазуу аз болгону менен менин дене боюмду дуркуротуп, катуу бир ,бир нерселерге чырмап алган ондуу. Терезени карап-карап коём. Андагы жазуу томондогучо болчу:

 

-Саламатсызбы Бердибек. Мен сиздин суйгонунуз Акылкарачачмын. Мен бугун сизди ардайым биз жолукчуу бактан куттум. Сиз мени башкага башкошуп кетти деп ойлоп жаткандырсыз. Мен жыйырмада сиз жыйырма учто. Биз таанышканыбызга аз болсода ортобузда ыйык сезимди жандыра алдык. Бирок ата-энем ал ыйык сезимдин отун очуром деп мени башкага узатышкан болчу. Сиз мени алардан тартып ала албаганыныз менен ,менин журогумду бутундой тартып алыптырсыз. Мен такыр каршы чыгып ,сиз учун олумго да барам деп аракеттендим. Менин бул аракетимден той токтоду. Эми биз элге корунбой Таласка эски уйубузго кочуп кетмекчи болуп жатабыз. Мен сизди созсуз кутом. Балким сиз башканын жолдошу болоттурсуз. Бирок мен сизди кутом. Мен сизден башка эч бир жанды суйо албайм. Эсинизде болсо таэжем Дилдардын уйуно келип мен жонундо билсениз болот. Дареги Фрунзе \ Белинка биринчи уй,биринчи кабат.

Урматым менен Акылкарачач.

 

Бул катты окуп бутуп кайра аны ордундай кылып ороп салып керебетиме жатып ойлоно баштадым.

-азыр 2017-жыл болсо ал катты жазган Акылкарачач 1997-жылдары жазган беле. Ал кат ошондон бери эчнерсе болбой менин колума тийдиби? Азыр Акылкарачач кыркка чыгып калдыбы? Хм ,мунун мага не кызыгы бар. Бир байкуштун суйуусу тура деп жаздыгымды ондоп эми эле жатсам шеригим сырттан кирип келип калды. Ал экообуз учурашып мен жумуштан кеткендгим туурасында айттым. Ал эчнерсе дебей стол устундо турган жанакы чупурокту алып:

-Абдурашид байке бул эмне?

Мен аны дароо колунан жулуп алдымда :

-башын жетпеген нерсеге мурдунду тыкпачы.

-э неге кеттиниз озу жумушан?

-тиги бироонун суйуусун… ушул жерден оюма алдагы чупуроктогу кат эске келди. ордумдан ыргып туруп шеригимди которо кучактап:

-ээ сен деген генийсин! Сен менин жумушумду кайрып бердин азаматсын иним.

Ал тушунбой эле:

-байке эмне болду озу?

-эчтеке мага акча берип турчу.

-беш жуз эле барда.

-бер-бер мен сага эртен берем.

-макул…

Инимдин акчасын алып дароо жумушка бардым. Кубанычым койнума батпай чупурокту кайра-кайра ооп, эшиктен эми эле кирсем ичкерки эшиктер тарс жабылып бекитилди. Тээ туш тарапта директор мени жаман коздору менен карап турду. Ачуум келип менда кетип калдым. Кайра уйго барып эртеси кундогудой сабака бардым. Сабактан сон жатаканаг барып кийимиди алмаштырып Фрунзе менен Белинка (азыркы Чынгыз Айтматов)кочосуно барып биринчи кабатка чыктым. Конгуроону бассам бир эже чыкты.

-эже кечирес ушул жерде Дилбар деген эже жашайбы?

-Дилбар?

-ии.

-жок эй адашып калдын. Мен башымды тырмап тушуп баратсам тиги эже токтотуп:

-Дилбар сага неге керек эле?

-эже жумушум бар болчу.

-эмне жумуш?

-кыскасын айтканда мага керек болуп жатат.

-Дилбар эжелер бул жерден кочуп кетишкен.

-Кайжака ?

-тиги Арча-Бешике.

-уйу кайсы кочодо билбейсизби?

-мм уйу кайсы жерде экен билбеймго бирок тиги жаны тушкон Газпром спорт залынын жанына барып Дилбар Жетигенова дегендин уйу каерде десен айтып беришет.

-Дилбар Жетигенова ээ,чоон рахмат эже.

-ай тынчылыкбы озу?

-омей ой тынч,тынчылык.

Ошентип Газпром залынын айланасындагы жашоочуларынан сурай баштадым. Коруп ,билген адам жок. Акыры бир эшикти такырдатсам ал жерден татынакай бетинде сепкили бар кыз башын чыгарып:

-эмне керек?

-тиги Дилбар дегендин уйун билбейсинерби?

-ким?

-Дилбар… Дилбар фамилясы кандай эле кашайгыр унутуп калбадымбы.

-Жетигенова эмесби?

-ии дал ,дал озуда.

Тиги кыздын маанайы суз боло тушуп:

-эмнеге сурадыныз?

-мага керек болуп жаткан.

-мен анын кызы болом. Ал дарбазадан сырткары чыкты,мен суйунуп:

-аа так эле таап келгемго ээ. Кызы болсонор таанышып алалы менин атым Абдурашид.

-кандай?

-Аб-ду-ра-шид.

-бир кызыктай ысымго.

-ээ озундукун билип алчы.

-меникин билесизби?

-ой жоок озумдан чыгып кетти кечирес. Атыныз ким.

-Сауле.

-охоо сонунго бирок бир кызыктай экен хаха.

-ээй десе.

Биз экообуз жаныдан танышсакда тамашалаша кеттик.

-апанды чакырып койчу.

-апам,апам жок.

-кайда?

-билбегениниз онго.

-сураныч Сауле сенден.Ой жалан с тамгасынан суйлоп койдумго. сураныч Сауле сенден деп ахахах. Ал негедир кулгон жок.. Тээ Тоо тараптарды карап:

-апам мындан уч жыл мурун каза таап кеткен.

-а.а.а? кандайча?

-эмне кандайча?

Башымды тырмап ынгайсыз болуп:

-жаткан жери жайлуу болсун. Негизи мен бир эле нерсени сурайын дегем.

-рахмат ,эмнени?

-тиги Акылкарачач деген тууганынар барбы?

-ммм бар .

-журсо керек дагы деле эр албай.

-эр албай?

-э конул бурбай эле коюнуз мен суйлой берем.

-Сауле мага ошол эже керек.

-ал Таласта.

-мага дарегин бере аласынбы?

-жок билбейм.

-Сауле сураныч сенден.

-амей билбесем кайдан? Биз алар менен жакын деле болбой калганбыз.

Акыры мен чупурокту корсоттум.

-бул эмне?

-бул чупурокту кече таап алгам.

-анан? Эмне озгочолугу бар экен?

-бул ошол Акылкарачачтын бир байлыгы.

-байлыгы?

-ичин ачсан озун билесин.

Ал ичин ачып катты окуп туруп калды. Мунайынкы мени карап:

-муну ким берди?

-таап алдым дейм.

-кайжерден?

-сейил бактан.

-мм… неге керек болуп калды бул?

-болгону катты оз ээсине тапшырып коёюн дегем.

-балким жардамым тер. Бугун иним экообуз Таласка бармакбыз сизда биз менен барыныз анда. Мен сизге Акылкарачач эженин уйун корсотуп коём. Бирок мен жонундо эчтеке айтпаныз.

-эмнеге?

-эми ээрчитип келиптир деп соз кылышпасын.

-макул качан жонойбуз?

-сиз автобекетке бара бериниз биз артыныздан барабыз.

-анда мага номеринди калтырып койчу,дагы тапбай журбойун.

-макул жазыныз…

 

 

 

Номерин алып алып, жолдо баратып апама чалдым. Уч мин керек болуп жатат десем макул болуп салып жиберди. Мен аны банктан дароо алып апамдарга рахмат айтып жатаканадагы балага чалдым. Акча берем кел десем акчам бар дейт. Анда кийин берем деп автовокзалга жетип келдим. Коп отпой Сауле иниси экоо келди. Инисинин козунчо эчтеке суйлободу. Мени короору менен башын онго-солго бурап маршрутту корсотту. Мен дароо ага чыгып арт жагына отуп кеттим. Алар да менин жаныма келип отуршту.. оюмда иниси 12-13жаштар чамасында. Сауле жаныма отуруп эчтеке суйлобой кетти. Кийин орто жолдо иниси уктагандан сон,мага шыбырап:

-эй капа болгон жоксузбу?

-жок неге?

-болгону иним апамдарга айтып койсо урушат уйдогулор. Айрыкча байкем урушат.

-а тушуном,тушуном. Мен деле ошондой кылмакмын. Сауле мага Акылкарачач жонундо айтып бере аласынбы?

Биз шыбырашып бараттык.

-мм ал азыр мектепте мугалим болуп иштесе керек .

-аа кой?

-чын,анан аны эр албай койгон дешет. Корсо озу тийбей койгон турбайбы .Анын айылдагы аты эр албас. Ал кыркка чыкса да бирда куйоого тийген эмес. Ошол Бердибегин кутуп жургон окшойт.

-аа эми мага баары тушунуктуу. А эгер сенин Акылкарачачтын ордунда болсон эмне кылмаксын?

-Кудай сактасын андан.

Сауле экообуз жолдо суйлошуп баратып кийин бири-бирибизге жолонуп уктап да кеттик.

Убакыт жылып отуруп Таласкада келип ,экинчи унаага отуруп Сауле жашаган аймакка бардык. Унаадан тушкон сон ал инисин жетелеп басып кетти. Мен алардын артынан ээрчип бараттым. Алар бурулушка жетип бурулуп жатканда Сауле инисине суйлоп,магада угуза суйлоду:

-эй тээтиги ак дарбаза Акылкарачач эженин уйу беле!?

-ооба ошол ,инисида жооп берип койду. Сауле инисине суроо берген болуп мага Акылкарачачтын уйун корсотуп коюп оздору бак аралап кетип калышты. Алардын артынан копко карап туруп ,Сауле корсоткон ак дарбазага бардым. Тыкылдатсам эчким чыкпайт. Кетейин десем дагы болбосо. Уйдун чет жеринде отургуч бар экен. Ошого жолонуп отуруп козум илинип кетиптир. Бир убакта бироо келип:

-ай жигит тур,тур уйуно барып укта. Козумду ачсам алдымда коздору бажырайган, татынакай эже мени жылмайып карап турду.

-эже мен деген…

-оой уйуно барып укта ,сен озу каяктан келдин? Кайсы айылдан болосун? Сени башта коргон эмес экенмин кимдин уйуно келдин? Же адашып кеттинби? Курсагын токбу деги?

Мен озумду журналист суроо бергич деп журсом бул эженин чанында каламго. Ордумдан туруп:

-эже сиз Акылкарачачты тааныбайсызбы?

Ал тан калып:

-сен ким болосун?

-мен деген бир жигитмин.

— Акылкарачач неге?

-эже мен аны Бишкектен бери издеп келдим.

-тынчылыкбы деги?

-ооба…

-кой жур уйго кирчи,кененирээк суйлошолу. Ал эже экообуз анын уйуно кирдик. Эже тефалга чай кайнатып демдей калып,алдыма кумшекер,токоч коюп отурдуда:

-кел ич .

-рахмат эже мен шашып жаттым эле. Мага Акылкарачач деген эже керек.

Ал мага тигиле карап кайра пиаланы тегеренте карап:

— Акылкарачач бул менмин балам.

Ох журогум лак эте тушту.

-сизби?

-ооба тынчылыкбы?

-тынчылык эже. Сиз кыркка чыктынызбы?

-ооба.

-эже мен сизге отоо баалуу болгон бир нерсени таап алгам. Эгер куйоонуз келип калбаса корсотойун.

-эххх кайдагы куйоо дейсин? Мен жалгыз жашайм эмнени таап алдын айтабер.

-эже бул эсиниздеби?

Мен чупурокту анын алдына койдум. Ал аны короору менен ушунчалык тан калып бажырайган коздоруно жаш тегеренип:

-бул,бул менин …

-ооба эже мен атайын сизге жеткирууго келдим.

Эже ичиндеги катты бир сыйра окуп чыдабай ыйлап-ыйлап алдыда,.кайра жашын арчып:

-бул кат оз ээсине жетпей кайтып келген тура. Байкуш десе мен бул катты таза сезимдер менен жазганмын.

-эже эмне болду эле озу?

-биз окуу жайдан танышканбыз ал менин журогумду арбап алган жигит эле. Ал бешинчи курс,мен экинчи курс элем. Биз танышканыбызга коп болбосода башкаларга окшоп тартынып отурбай сезимдерибизди ачык билдиргенбиз. Ал биринчи болуп кат жазып журогумо кирип келген. Мен аны журогумо киргизип кайра чыгарган жокмун. Ошол бойдон журок аныкы балам. Бул катты кайрадан таап бергенине чоон рахмат сага.

-эчтеке эмес эже эми мен кичине иштерим бар ошону айтсам болобу?

-эмне иш?

Мен баарын тушундурдум. Ал мага нурдана карап:

-балам балким кеч болуп калгандыр. Бердибек башка аял алып балауу болуп калышкандыр.

-билбейм эже бирок мен билишим керек. Биздин гезитке дал сиздердикиндей таза ,ыйык суйуу керек.

-ммм… Биз Бердике экообуз суйлошуп журуп кийин ата-энем мени башкага кудалышып коюшту. Чын Бердибек экообуз акыркы ирээт жолукганбыз. Ал менден айрылганына ушунчалык капаланып,журогу жараланып турганы жузунон даана билинип турду. Мен аябай ыйлаганмын. Сен бул катты тапкан сейил бак илгээри жонокой эле бир бак болчу. Мен бул катты ошол жердеги дарактын бир бурч жагына салып кеткем. Бердике ал жерде билчуу. Анткени биз кат жазышмай ойноп ошол жерге кат калтырып,кийин окуп кубанып калар элек. Азыркы силерге окшоп интернеттен эмес кат менен жазышат болчубуз. Кызык Бердике бул катты такыр корбоптурбу? Же ал жерди унутуптурбу? Деги жаны аман болду бекен? Аман болсо эле болду.

-эже сиз ага жолуккунуз келеби?

-келет бирок ал уйлонсо анын уй-булоосун бузгум жок балам.

-анын кайжерде экенин билбейсизби?

-билбейм бирок болжолдоп айтып беришим мумкун.

-айтынызчы сураныч.

-ал туугун байкеси экоо базарда соода кылышчуу эле.

Ал эже мага базардагы ордун тактап айтып берди. Мен аны жазып алып дагы суроо узаттым:

-сиз аны сагынасызбы?

-ээх балам сагынбагандачы? Биз эки кыз элек. Синдим азыр Жалал-Абадда. Ошол жака турмушка чыккан. Ата-энем алар асманда. Б

-ммм…

-бул сыр канча жылдан бери жашырылып журот. Мени баары шылдындап Эр албас деп алышкан. Кочодон чон-кичуу дебей эр албас дешет. Мага кобу колумду сурап келишти. Бирок мен таза суйууну сактайын деп эчкимге турмушка чыккан жокмун. Анткени мен табиятымдан ушундаймын. Ушунчалык улуу суйууго кабылган экенсмин ал суйуу мени озуно байлап алды.

 

Демек мен эми баарын тушундум. Ошентип Акылкарачач эже менен коштошуп кайрадан Бишкек сапар алдым. Сабака барган жокмун. Жатаканага кирип кичине уктап алып базарга жонодум. Базар таптакыр озгоруптур. Мен алжерди башкарып карап жургон байкеге жолугуп:

-байке ушул жерлерде илгери ага-инилер иштоочу экен билбейсизби?

-хахаха ага-ини? Илгээрин отту-кетти. Башын иштейби сенин?

-Бердибек деген балдар иштеген экен.

-ээ башка чыккан битке окшобой бар жоголчу.

-жакшына эле суйлобойсузбу?

-жогол энендурайын кантужин!

Менин ачуум келип кетип колумдагы кундолугум менен бир чаптым. Ал ордунан атып туруп тилденип ,ун колдору менен мени жакалап жулкуй баштады. Мен дагы бош келбей карщылык корсоттум. Ангыча «токтоткула! » деген ун жанырды. Тиги байкенин козу чекчейе тушуп дароо койберди. Мен артыма карасам кара костюмчан ,кара коз айнек тагынган байке турду.

-ээй эмне жакалашып экоон?

-байке сиздин ишинин эмне? Мен атырыла суйлодум. Тиги киши мени турто коюп:

-бул биздин башчыбыз болот,оозуна карап суйло! Кечирим сура тез!

-ха ! башчынар болсо силерге башчыда. Башчы болгонго жараша колунда иштегендерге кардар менен кантип малиле тузгонду уйротуп койбойбу! ?

-ээ энендурайын эмне?

 

-Токтот Жалил! Бар жумушунду жаса. Артымдагы бай киши менин жаныма келип колун сунду. Мен анын колдоруна карап туруп:

-жумушка келгенде нике шакегинизди алып коёсузбу?

-атын ким балакаай?

-мен балакай эмесмин.

Ал жылмайып дыгада колун сунуп:

-таанышып алалы менин атым Бердибек а сеникичи?

Журогум оозума ккелип кала жаздап:

-Бе.бе.бер…

-Бердибек,Бердибек. Эмне жузун кубара тушту. Озум коркунучтуу болбосомда атым корунучтуубу?

Мен бир сыйра жутунуп:

-Бердибек?

-эй Бердике эле дечи айталбай жатсан.

-байке менин атым Абдурашид.

Мен соз бар деп экообуз четирээк чыктык. Эми эле чыксак телефону шынгырап калды . Ал суйлошуп бутуп офистен суйлошобуз жур деп мени эрчитип жоноду. Унаада дагы бир киши бизнес жаатында суйлошуп кетишти. Чын эле бул Бердибекби? Же башка Бердибеке туш келдимби? Бирок мунун колунда нике шакеги жок болуп чыкпады беле?

Ошентип ал офиске барып инвесторлор менен жолугуп бир сааттан сон аларды узатып чыкты. Мен менеджер айымдын жанында кутуп отургам. Ал кирээринде :

-бул карточкада 2000мин доллар. Сен биздин тизмекке кирген балдар уйлоруно бирдей кылып болуштуруп которуп кой макулбу? Отчетту анан бересин. Жур Абдурашид.

Менин атымды бир айтканда эле жаттап калганын карачы.

Экообуз суйлошо баштадык.

-ии Абдурашид эмне кызмат?

-сиз чын эле Бердибексизби?

-ооба айланайын Бердибек Тургуновичмин.

-байке кечиресизго бирок мен бир чындыкты айтканы келдим.

-аа тиги жардамчым турасындабы?

-жоок байке сиз жонундо.

-эмне?

-бул чупурокту тааный аласызбы?

-эмне экен бул. Ал чупурокту оодарып,эчтеке жокго мунунда.

-ай атаа,эссиз жаным десе. Эми иш буткону калганда ай аттин десе.

-эмне болду?

-ёё, чупурокту алып катты калтырып кеткенимди каранызчы.

-эй кичине тушундуруп суйлосончу.

Мен башымды чайкап отуруп калдым. Ал чупурокту кайра мага берип:

-жигит жумуш издеп келсен жумуш берейин. Сен мынтип менин убактымды алба. Саат алтыда жыйналыщым бар.

-байке мага жумушунуздун кереги жок.

-ке анда убактымды албай кетебер. Ал жиндене баштады. Мен эмне болсо ошол болсун дедимда ,бирда токтобой:

-мен сейил бактан бул чупурокту таап алдым,уйг апарып ачсам ичинде кат бар экен. Катта бир кыздын арманы айтылат. Ал кызды издеп журуп акыры Таласка уйуно барып таап ага жолуктум. Ал суйгоунун кутуп дагы деле турмушка чыга элек. Ал аны катуу суйот. Айылдагылар эр албас деп шылдындашат. Бирок ошол кыз азыр кырк жаштагы эже. Болгондо дагы сиздин Акылкарачачыныз.

Бердибек кашын бириктирип мага карап:

— Акылкарачач?

-ооба байке ,мен болгону ошону айтып коёюн дегем.

-ал каерде Абдурашид?

-оой байке Таласта дебедимби?

-Талас? Мени алып барчы ал жака.

-байке сиз ишинизди кылыныз андан коро. Кечинде жыйналышыныз бар ,анан уйдо аялынызда кутуп жаткандыр.

Бердибек башын кайра-кайра ийип:

-балким бул Акылкарачачты суйгонумдондур. Мен ага болгон таза сезимимди булгабаш учун керек болсо аркы дуйнодо тартуулайм деп эчкимге уйлонгон эмесмин.

 

Ой,ой ,ой ордумда турган жерден тээ алыска жылып кеткендей болуп кеттим. Козумо жаш тегеренип:

-байке эмне деп жатканынызды озунуз билесизби?

-билем иним ,билем.

-ушундайда суйуу болобу? ал сизди кутуп,сиз аны кутуп. Экоон бири-биринди кутуп олуп кетмей болдунарбы?

Бердибектинда козуно жаш тегеренип:

-мени ал жака апарсынбы?

Ангыча сырттан бир секелек кыз ата деп чуркап кире калды. Бердибек аны ооп – жыттап кучактап:

-кызым сабактан чыктынбы? Ай-айланайын айым ,кунум десе. Эмнеге уйго барган жоксун?

-ата сизди коргум келди. Мага момпосуй алып беринизчи.

-момпосуй ? а мэ кызым,атайын сага деп алып койгом. Ал кокурок чонтогунон шоколад алып берип кызын кароолчусуна тапшырып узатып коюп кайра келди.

-байке уйлонбогом, таза суйуу учун дейсиз. Жалганыныз чыгып калдыбы? Акылкарачач эмнеге сизге жолукпайт билесизби? Сиздин уй-булоонузду бузуп албайын дейт. Чынында мере задам экенсиз. Мен жинденип сыртты коздой жонодум. Бердибек :

-токто!

Мен токтоп ага карадым. Ал коз айнегин чечип:

-деги сен кандай баласын? Бирдекени билбей эле суйлой бересинби?

-эмнени билбей суйлоптурмун.

-мен уйлонбой журуп карып баратып кийин кыз багып алгам. Кызым он тортко чыгып калды. эмне анын козунчо сага бул менин бакма кызым деп айтайынбы?

-байке кечирип коюнузчу мени.

——————— ———————- ——————-

Экообуз унаада Таласка баратабыз. Бердибек байке жаш кезин эстеп дагыда коп нерсе айтып берди.

 

— Акылкарачач эн эле сулуу кыз болчу. Аны балдардан талашып канча токмок жегем. Акыры бизди бир байдын баласы айрыды . Ата-энесин анын тагдырын чечип Акылкарачач сабака келбей калды.. Биз дайым сабактан кийин бактан жолукчубуз. Биздин кат жазышмай оюнубуз кийин башкаларгада отуп дарактардын кычыгына кат толчуу болду. Менин колумда байлыгым болбосо же шартым болбосо кантип аны талашам. Акылкарачач экообуз коштоштук. Коштошоордо ал аябай ыйлаган болчу. Менден ажырып ,журогу жараланып турганы мага дааны билинип турду. Менинда ыйлагым келди бирок коздон эмес,журоктон ыйлап турдум. Кийин алар куйоосу менен Таласка кетиптир деген кеп тарады. Мен алардын уй-булоосун бузуп албоо учун Акылкарачачка такыр жолукканы барбадым. Базарда иштеп кун откоруп кийин-кийин которолуп ал жердин башкаруучусу болдум. Ххехе Акылкарачачты эр албас десе ,мени кээбири катын тийбес деп шылдын кылышат. Демек биз окшош экенбизда. Мен аны аябай сагындым. Бир жолу коруп олсомда арманым жок. Мен анын амандагын кудайдан тилеп келдим,кудайдаан иним. Мына ушундай…

 

Ощентип биз Акылкарачач эженин уйуно шамдардан отуп жетип келдик. Эшиги ачык экен. Бердибек байке бир сурдонот,бир сурдонот. Унаанын кузгусуно улам-улам каранып коёт. Акыры ху деп алып артымдан ээрчип жоноду. Мен туз эле уй тарапка багыт алып кутулбогон белек кылам деген ойдо,эшикт ачып кирдим. Артымдан Бердибек байкеда кирди. Улам-улам галстугун туурулап коёт. Акылкарачач эже корунбойт. Акыры ордумда туруп:

-Акылкарачач эже мен келдим. Ал ашкана тараптан бир колуна казан чомучун,бир колуна табакта эт которуп чыга келди. Мени коруп:

-иий Абдурашид келдинби? Акылкарачач Бердибектида коруп тык токтоду. Колундагы чомучу таранк этип тушуп,тууралаган эти жерге жайнап тогулду. Акылкарачач турган жеринде Бердибектен козун албай катып калды. Артыма секин карсам Бердибекта катып турат. Ангыча ашкана тараптан майдын часыр-часыр эткен дабышы угулат. Мен май куйуп кетти окшойт деп чуркап кирип газды очуруп эле кайра чыксам Бердибек ордунда жок. Алдымда Акылкарачач экоо кучакташып турушту. Акылкарачач ушунчалык ыйлап жатты. Бердибекта аны бекем кучактап козунон жашы сызып турду. Мен ал экооно карап менинда ыйлагым келип сыртка чыгып кеттим. Козумо толгон жашты аарчып жатсам телефонум шынгырайт алсам Сауеле экен:

-Аб.Аб.Абдур кандай эле атыныз?

-Абдурашид э.

-дуйнодогу эн татаал ысымбы не балээ.

-ээ сен озу окуугансынбы?

-ой окуугам .

-азыр каерде окуйсун университетин начарбы дейм.

-начар эмес Чыгыш университетинде окуйм.

-амей сен дагыбы?

-ооба сизчи?

-мен дагы ээ. Эмне жон эле чалдынбы?

-сиз каяктасыз? Мен азыр кетип жаткам кайрадан Бишкеке.

-аа мен кийининерек барамго. Ининда жанындабы?

-жоок озум эле ал уйдо калды.

-охо ээ менин иштеримда даана бутту да. Ээ Коётур мен азыр барып калам макулбу?

-макул кутом.

Мен уйго кирип коштоюн деп кайра аларга тоскоол болбоюн деп такси кармап автовокзалга бардым. Сауле экообуз артка отуруп алып жетер жеткенче кызуу суйлошуп бардык. Ал мага аябай жакты. Мен да ага жактым деп ойлойм. Мен бул уйдо отуруп Акылкарачач менен Бердибек аруу махабатын болгонун болгондой жазып мурдакы ишканама алып бардым. Эшиктер адаттагыдай жыбалды. Мен суранып отуруп жазган баянымды кесиптеш дос баламдан бердирип жибердим. Он-он беш мунот отпой иш канадагыларда, директорда козуно жаш алып чыгып калды . Эмне болуп кетти экен деп танкалып калдым. Балдар кыздар чуркап келип мени асманга коколотуп кайра-кайра ыргытышты. Директорум кучактап кечирим сурап ,эм имени бекер иштетпей айлыка иштээримди айтты. Мен аябай суйундум. Бул суйууну гезиттин бир бурчуна эмес башкы бетке чыгарттырдык. Элдин баары талап-тоноп кетти. Биздин эле гезитте эмес башка гезиттер арасында да эн коп сатылышы боюнча рекорду кайра –кайра жанылап койду. Директор эмки жуманыкында гезитине жарыялап жанылыктарын жанылатып дагы чыгартты. Биздин гезит баягы озу койгон рекордду дагы бир жолу жанылап отту. Биз жылдын мыкты гезити наамын даароо эле утуп кеттик. Мага коп жерден жумушка сунуштар тушо баштады. Бирок мен кеткен жокмун. Анткени мен бул жерден когордум. Дарак бир жерден когорот.

Бул атагымды уккан Сауле да куттуктап мени чайга чакырды. Жигит болуп чайга барсам болбой деп мен аны чакырдым. Мен ошол куну ага суйуумду арнадым. Ал да мага суйуусун арнады. Аат-энемда мени менен аябай сыймыктанышты . Бир окуяны жаза калам деп эле жаркырап жылдыз боло чыксан бул ушунчалык чон бакыт экенин соз менен жеткизе албайсын. Бугун Сауле экообуз илгери Акылкарачач менен Бердибек барган бакка бардык. Мен чупурокту тапкан жериме барып анын жанындагы даракты карсам бир торт бурчтек нерсе турат. Сауле экообуз алсак тышында эки ак куунун суроту бар « Чакыруу кагазы» деп турат. Ичин ачсак :

 

-Урматтуу Сауле жана Абдурашид. Сиздерди 20.05.2017 ж. боло турган Акылкарачач менен Бердибектин уйлонуу улпот тоюна чакырабыз.

 

Дареги башталышы жазылыптыр. Сауле экообуз бир суйунуп ,кыткылыктап кулобуз. Анан экообуз сейил бакка отуруп суйуу дуйносуно калкып кирдик.

 

Биз отурган сейил бак азыркы «Суйуу сейил бакчасы»

 

 

Аягы…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE