Пример HTML-страницы

Тоо этегиндеги Бала-Айылчы айылында 65 миң сомго эстелик коюлду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата 65 миң сомго эстелик коюлду. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Дарманбек Акназаров билдирди.

Ак-Суу айыл аймагында баары кыргызча аталыштагы Ак-Торпок, Мураке, Чоң- Арык, Кепер-Арык, Төмөн-Суу, Ак-Башат жана Бала-Айылчы айылдары жайгашкан.

«Ак-Суу айыл аймагы 7 айылдан турат. Учурда 6 айыл ата-бабалардын эрдиктерин эскерүүчү эстеликтер менен камсыз болду. Ошолордун бири Бала-Айылчы айылында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын аттары ташка чегилип жазылган эстелик коюлду. Ага демөөрчүлөр тарабынан 65 миң сом жумшалды. Келечекте Ак-Торпок айылында да эстелик коюлат. Мындай эстеликтердин тарбиялык мааниси чоң», — деди айыл өкмөтүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE