Пример HTML-страницы

Лейлекте жазылган арыздан кийин 3 адам кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунда башканы опузалап акча алууга шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 2022-жылдан бери «Б». «У». «М». «Ө». аттуу адамдар «Балдарыңдын келечегин ойлогун. Аларды көрбөй калышың мүмкүн. Өзүң дагы майып болуп калбагын» деп коркутуп, 15 миң долларын опузалап талап кылышкандыктан күйөө баласы айдап жүргөн «Мерседес Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын 1 миллион сомго карызга алып, аларга өткөрүп бергенин билдирген.

Бул арыз Баткен ОИИБде Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иш башталган. Баткен ОИИБдин кызматкерлери иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, жабырлануучуну коркутуп акча талап кылып жүргөн топ ИИМдин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин аныктап, өздүктөрүн тактады. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Ж.У., Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну Б.Б. Бишкек шаарынан, ал эми Лейлек районунун Интернационал айылынын 46 жаштагы тургуну Ш.Ө. Сүлүктү шаарынан кармалды. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, булардын кылмыштуу шериги Г.М.га издөө иштери ачылды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE