Пример HTML-страницы

Оштун мэри жаңы асфальтталган көчөдөгү кемчилик боюнча комментарий берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын Ленин көчөсүндөгү 1,7 чакырымды түзгөн жолдогу кемчиликтер жоюлат. Бул тууралуу шаар мэри Бактыбек Жетигенов билдирди.

Анын айтымында, асфальт өткөн жылы ноябрь айынын аягында, кыш келип калганда төшөлгөн.

«Лотокторун да туура эмес койгон. Кышы менен суу каптаган. Булардын баарын оңдотком. Бул жол өткөн жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын карамагында эле. Эми шаарга өттү. Ал жерде подрядчылар ишти начар жасаган. Биринчи катмарын салганда начар жасашкан. Бир топ жери эзилип түшүп калган. Азыр тротуарларын жасап жатышат. Жакын арада бүтүрөт. Бүгүн дагы дал ушул жолду өзүм көрүп келип, кемчиликтерин айттым», — деди мэр.

Жетигенов жолдор башкармалыгы жоюла турганын белгиледи.

«Ош шаардык жолдор башкармалыгын жоюп салайын деп жатам. Анткени жолдор башкармалыгын илгертен бери майлуу-сүттүү жер деп талашкандар көп», — деди ал.

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы В.И.Ленин көчөсүндөгү асфальтталган жол бузулуп баштаганын жазган.

2023-жылы октябрь айында Ош шаардык мэриясы Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки 1,7 чакырым аралыгын капиталдык ондоп-түзөө иштери башталганын билдирген. Оңдоо иштерине байланыштуу «Тешик-Таш» базары көчүрүлгөн.

Ленин көчөсүнүн 1,7 км тилкеси «Спутник Строй» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оңдолуп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Спутник Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү катары Ажиматов Канатбек Маматуралиевич көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE