Пример HTML-страницы

Аксынын Жерге-Тал айыл аймагында 1,5 миңден ашык адам акысыз медициналык кароодон өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushАксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында 1500ден ашык адам акысыз медициналык кароодон өтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасына «Дени сак эл» ассоциациясынын жетекчиси Максатбек Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, алыскы аймакта жетишсиз болгон дарыгерлер жашоочулардын саламаттыгын текшерип, кеңеш беришти.

«Биздин дарыгерлер 7 жылдан бери ыктыярдуу түрдө өз каражатыбыздан алыскы, шарты катаал аймактарды кыдырып, калктын саламаттыгына кам көрүп, акысыз медициналык кароодон өткөрүп келебиз. Көпчүлүк аймактарда дарыгерлер, тажрыйбалуу адистер жетишсиз. Мындан улам Аксы районунун Жерге-Тал айылына келип 2 күн катары менен элге акысыз кызмат көрсөттүк. Биз менен бирге балдар дарыгери, инфекционист, гепатолог, гинеколог, акулист, лор, невролог, травматолог жана дерматолог адистери кошо келишти. Ал арада жалпы 1500дөн ашык киши кайрылды.

Мындан сырткары биздин ак халатчандар үйлөрүндө жатып калган 5 бейтапка барып, алардын дартын аныктап, кеңештерин беришти», — деди Жумабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE