Пример HTML-страницы

«Апамчалык болоор»

https://kyrgyzcha.site/?p=55896&preview=true Кызыктуу окуялар.

Энемдин, эркек үйдөн мээрим таппаса деп айткан сөзү эч эсимден кетпейт, апам катык сүйлөгөн аял эмес эле, мээрим төккөн «апамчалык болоор»атама бирдагы жаман сөз айтканын уккан эмес элем, үйдөн мээрим таппай, көчөдөн мээрим издеп кеткен эркектер биринчи үйгө, бала чакасына, мээрим төксө үй бүлөө бекем болуп ыдырап чачылып кетпесе керек, ошентип ымыркай карындашым экөбүздү энем өгөй энеге кор болбосун дедиби өзү менен кошуп айылга алып кетти, атам үйлөнүп балалуу болуп очор бачар, өз тиргиликтерин улантып жатты !

Бизди энем карындашым экөбүздү багып чоңойтту кез-кезде үйгө келип турабыз, арадан жылдар өтүп бойго жеттик, чоң-энемдагы бул дүйнөдөн көзү өттү атама көп келе берчу эмесмин, айылда өз тиргиликтерим бар мал бакттым, бир тууган аваларым бар бирок жеңелериңе батпайт экенсин, баарынан дагы «карындашым» кыйналбасакен деп, менин ойлогонум жалгыз карындашым эле, мен кой багып мал карап жүрсөм, карындашым үй жумуштары менен болчу. «Кыз бала» ушунчалык мээримдүү боорукер болот экен мага жеңемден бекитип нан алып чыгып берет, суу менен нан алма жеп курсагыбызды тойгузуп алчубуз, карындашымды кучактап ыйлап, ыйлап алчумун, «апам апакем» болгондо мындай кордук күндү көрбөйт белек, ата сырткы тон деген туура окшойтко атам кийим кечек, алып келип берип эле бат эле кайтып кетип калчу барыбир эненин ордун баса албайт тура…

«Мээрим төгүп» элжиреп эзилбейт тура, апакем болгондо биз мынчалык кордук көрбөй бактылуу балалык күндөрду көрмөкбүз ! Арадан жылдар өттү, жетимдиктин азабы өттү, убакыт учкан куш сыякттуу бойго жетип, кыйналып- кысталып чоңоюп алдык, кудайга шүгүр , «Чоң-атам» ээнчилеп берген малдарыбыз сатып өзүбүзгө керектедик, чет жака барып иштеп, карындашыма акча жөнөтүп турдум, бир күнү атам жаман оорудан каза болгонун айтышты, алыста жүрүп азыркы кырдалга байланыштту жол жабык, болуп убагында жетип келе албай калдым, убакыт өтүп өз мекениме кайтып келдим, атама куран окутуп бата кылдым, атамдын экинчи турмушунан бир уул, кызы бар, «карындашым» окууну кызыл диплом менен бүтүрдү чоң окуу жайга тапшырып бойго жетип, турмушка чыга турган дагы күн келди, мен өзүмө карындашыма сөз берген болчумун, сени турмушка берем, окутам, анан үйбүлөө курамын деп, «Аллахыма шүгүр «мага апа ордуна апа болгон, жалгыз «карындашымды» бүгүн турмушка узатып жатабыз, «карындашым» ыйлаба алтыным, бактылуу бол, көз жашын аарчып боорума кыстым, жоолук менен нан түйүп белине байлап батамды бердим ! Бүгүн мен

Апамдын кара көзүн көрүп турам

Апамдай мээрим төккөн асыл адам

Алтыным жалгызым карындашым

Бүгүн мен толкунданып ыйлап турам

Алганың ардактап сыйлап алсын,

Күйөө балам мээрим төгүп,

Кайненең келин эмес, өз кызындай күтүп алсын !

 

Буйруса жакынкы күндөрү өзүм дагы үй-бүлөө күтөм, үйлөнөм деген тилектерим бар,» бактыбыз тоодой,» үй бүлөөбүз менен, ырыскыбыз кенен, ыйманыбыз бекем болсун деп жазган жазуумду аяктадым !!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE