Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мыйзам бузган Тоңдун тургуну кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көлдө мыйзамсыз аңчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, апрель айынын аягында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине Тоң районунун Сырт өрөөнүндө жергиликтүү тургун мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт облустук милициянын КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталды. Ал Тоң районунун Арчалы айылынын 46 жаштагы тургуну Б.А. болуп чыкты.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда далил зат катары мыйзамсыз сакталган 40 даана 7,62х39 калибрдеги ок-даарылар, 40 даана 7,62х54 калибрдеги ок-даарылар, 50 даана 5,6 калибрдеги ок-даарылар табылып алынган. Мындан тышкары, чет элдик ок атуучу курал жана шифонерде катылган белгисиз жаныбардын эти алынды.

Малдын этинин, ошондой эле ок-дарылардын жана ок атуучу куралдардын келип чыгышын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE