Пример HTML-страницы

Сузакта 32 жаштагы адам каза болуп, жаш келин менен ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-майда саат 14:30 чамасында Сузак районунун Сузак айыл аймагында фура менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочу каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

«Биз Жалал-Абад шаарына келе жатканбыз. Бишкек-Ош унаа жолунун Каркыра-Мисте участкасында, тагырагы Топурак-Бел ашуусунан Базар-Коргон району тарапка түшүп бара жаткан жерде жеңил унаа менен оор жүк ташуучу фура сүзүшүптүр. Жеңил унаада 5 жүргүнчү анын ичинде 6 айлык ымыркай да бар экен. Алардын баары оор абалда болчу. Тез жардам менен бейтапканага жеткирилди», — деди алар.

Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүм кырсык катталганын, бирок толук кандуу маалымат түшө электигин кабарлады.

Ал эми Сузак жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери Акжол Тургунбаев кырсыктан улам 5 адам жеткирилгенин, бирок 32 жаштагы айдоочу каза болуп калганын маалымдады.

«Унаа кырсыктан оор абалдагы 5 бейтап тез жардам менен жеткирилди. Бирок Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылынын 32 жаштагы тургуну (айдоочу) каза болуп калды. Ушул тапта жандандыруу бөлүмүндө 29 жаштагы келин, 6 айлык наристе жатат. Алардын абалы оор. Дагы 2 жүргүнчү аял ар кандай жаракат алып, сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылды. Алардын баары Базар-Коргон районунун тургундары экен», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE