Пример HTML-страницы

Ош шаарында «Жибек-жолу марафону 2024» жарышы жыйынтыкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата Ош шаарында «Жибек-жолу марафону 2024» массалык чуркоо жарышы өттү.

Маалым болгондой, ага Кыргызстандын бардык аймагынан, Казакстан, Өзбекстандан келген спортчулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, мектеп окуучулары болуп, 1000ден ашуун адам катышты. Жарыштын алкагында катышуучулар 14+, 45+, 55+ жаш курак категориялары боюнча 3 км, 5 км жана 10 км аралыкка чуркашты. Бардык катышуучулар алдын ала каттоодон өтүп, ар бири катар номер алышкан.

«Мындай массалык чуркоону камтыган марафон ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу өтүп жатат. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр менен биргеликте уюштурулууда. Марафонго Кыргызстан боюнча жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте шаар тургундарын, кесипкөй спортчуларды чакырганбыз. Биздин мааракелик иш-чараны колдоп келген жалпы катышуучуларга, жогорку окуу жайдын ректорлору баштаган жамааттарга ыраазычылык билдирем», — деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Жыйынтыгында 55+ курактагылар категориясы боюнча 3 км аралыкта 1-орунду Абазов Турдумамат, 2-орунду Курал Арыкбаев, 3-орунду Жакыпжан Маметов ээледи.

Айымдар арасында 1-орунду Гүлсүн Мусуппаева, 2-орунду Гүлайым Максуталиева, 3-орунду Мейликан Орозова ээледи.

45+ категориясында 3 км аралыкта 1-орунда Асан Абсатаров, 2-орунда Оболбек Осмонбеков, 3-орунда Омаржан Нурдинов келди.

Айымдар арасында 1-орунда Гүланда Тойчубекова, 2-орунда Кулпунай Токторова, 3-орунда Света Бекеева келишти.

5 км аралыкта 35 + категориясында эркектер арасында 1-орунду Алимардан Сабиров, 2-орунду Ахмет Булатов, 3-орунду Талант Эржанов ээледи.

Айымдар арасында 1-орунду Наргиза Наматова, 2-орунду Барчын Давлятова, 3-орунду Айниза Айтиева алды.

14+ категориясында 1-орунду Элсиер Хабибиллаев, 2-орунду Хабибулла Аматов, 3-орунду Нурэл Аскарбаев ээледи.

Кыздар арасында 1-орунду Мадина Абдыкадырова, 2- орунду Мадина Заирова, 3-орунду Бермет Өмүрбакиева ээледи.

Кесипкөй спортчулар арасында 10 км аралыкка жарышта 1-орунда Жусуп Сулайман уулу, 2-орунда Мирбек Адинов, 3-орунда Ибраимов Рахматулла келди.

Ал эми айымдар арасында 1-орунда Алымкан Жамшитбекова, 2-орунда Сон Ренато, 3-орунда Майрамкан Даниярова келди.

Ар бир категория боюнча жеңүүчүлөр медаль, диплом, акчалай сыйлык, баалуу белектер менен сыйланышты. Марафондун катышуучулары үчүн концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE