Пример HTML-страницы

МЕНДЕНБИ ЖЕ СЕНДЕНБИ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=55617&preview=true Кызыктуу окуялар.

МЕНДЕНБИ ЖЕ СЕНДЕНБИ?

=============

 

-Аны биринчи жолу курбу кызым Эркинайдын бата тоюнда кордум. Жылмайганы озуно жарашат экен. Узун бою, кара кашы жана башка жигиттерден озгочолонуп курон тустогу костюм кийгени менин конулумду озуно бурду. Достору менен четте кол чаап турушканда бир нерсеге каткырып калышты. Анын каткырганы аябай жакты. Коздору жайнай тушот экен. Анын каткырганын коруп эмне себептен кулгонун билбесем да мен негедир жылмайып алдым. Жанымдагы курбуларым да ага коз кырын салып карап жаткандарын байкадым. Атугул шыбырашып аны соз кылып да улгурушту. Эшиктен уйго киргенибизде ал торго отуп олтурду. Демек досторунун арасында кыйла эле сый-урматка ээ экен. Биз кыздар дастаркондун этегинен орун алдык. Негедир мен аны караганда ал да мени карап калып, коздорубуз чагылыша тушту. Бир эле эмес, бир нече ирет… Анын каректери… Кандай тушундурсом. .. Каректери бир учурда капкара, тунук, жайдары да, ошол эле учурда мундуу, кайгылуу эле. Мындай каректерди мурда корбогом. Балким мынчалык маани бербегендирмин. .. Ал аябай тыкан экен. Мунусун тамак жегенинен байкадым. Бир тизесине кол аарчыны коюп алган. Колу тамака тийген сайын аарчып турат экен. Чайды да кыска ууртайт экен. Башкалар суйлогондо созун болбой кунт коюп угуп, аягында бир соз менен тынчытып койгонун кантейин…

-Жарашыктуу кийинген кыздардын арасынан ал козумо биринчи урунду. Арык чырай, ак жуздуу, чачтары сыйда… Кулкусу укмуш тунук экен. Шандуу той болуп жатса да анын тунук кулкусу мага даана угулду. Атайын бурулуп карап аны кордум. Сулуу эле. Жаш, сулуу, жылдыздуу… Ким эле суктанбасын? ! Коздору молтуройт. Мандайындагы кокулу аны эркелетип, жудотуп турат экен. Кокулу да жарашыктуу. .. Дастарконго олтурганда менин тушума олтуруп калды. Торго отуп олтурушун каалагам, бирок достордун козунчо айтууга бир аз тартындым. Тамактан ооз тийип койгону болбосо, дээрлик эчнерсе жебей олтурду. Назик колдору алдындагы жузумдон кез-кезде акырын жулуп борсойгон эриндерине алып барып тамшана жеп коёт. Койногунун этеги менен тизелерин утуру жаап олтурду. Музыка жанырып сыртка бийлегени чакырып калышты. Жаштар баарыбыз ызылдап сыртка жонодук. Аны менин бир аз кызып алган досторум тийишип жудото башташты. Акырын жанына барып арык, назик колунан аяр кармап озумо тарттым. Шандуу музыканын ыргагында бийлеп жаттык. Ал женил кыймылдап бийлейт экен. Уялынкы жер карап журокту элжиретет…

-Дамир! дедим угуза айтып, анын апакай колун кыса кармап бийлегенче.

-Асель. Ал дагы кулумсуроп жер карады…

 

— Ал бийге тартканда сурдоп кеттим. Укмуш бийлейт экен. Досторунан айырмаланган дагы бир озгочолугу анын спирт ичимдиктерин ичпегендиги эле. Башкалардан ачуу арактын жыты буруксуп келип турса, андан жагымдуу атыр жыттанып жатты… Мага атын айтып, таанышып калдык. Коздору дале жайнайт. Коздору дале мундуу….

 

-Бата тойдо жакшы тил табышып алдык. Той куну да келди. Той куну узун койнок кийиптир. Албетте озунун шынга боюна укмуш жарашыптыр. Аны жетелей озум олтурчу унаага олтургуздум. Башка досторум мага ичтеринен ачуусу келгендир. Анткени кыздардын эн эле сулуусу Асель болчу. Мен бактылуу, мен конулдуу элем ал куну.

 

-Закс келгенде эле бир аз шаан-шокотун, каада-салтын кылып шаар айланганы жонодук. Ал колумдан жетелей озунун унаасына алып барды. Каршылык корсотподум. Озум деле башка жигиттер менен бара турган ниетим жок болчу. Жол ката ал мага кызыктуу суйлоп берип, кулдуруп баратты. Мен анын алдында каткырып кулуудон тартынып аран озумду кармап бараттым…

-Ресторанга барганда досторубуз кыйла кызып калышты. Той аябай кызыктуу отту. Асель менин жанымдан чыккан жок. Жада калса ажатканага да озум шерик болуп алып барып келдим. Чындыгында корктум. Коздору кызарган досторумдун бироо жарымы тийишип капа кылып коёбу деп чочуладым…

-Той кеч бутту. Атам уйго озу алып кете турган болгон. Бирок атам бошобой калганын айтып, такси менен уйго барышымды суранды. Мен кыжаалат болгон жокмун. Анткени Дамир жеткирип коюшуна ишендим…

-Анын уйу жакшы салыныптыр. Шаардын четинде, зангыраган чон болбосо да кооз экен. Албетте сырты. Жеткирип барып, уйуно кирип кеткенче карап турдум. Андан кийин окуусуна жеткирип журдум. Эртелеп уйкудан ойгонуп аны окуусуна жеткируу мен учун бакыт эле. Бара-бара Асель менен мамилебиз терендеп баратты. Мен аны суйуп калганым анык…

-Менин жан сакчым, менин жеке менчик таксим, менин курсагым учун озумдон отуп кыжаалат болчу камкорум… Анын жанында мен эчнерседен коркпойт элем. Ал бар болсо мен бактылуу элем…

-Уйлоноорумду уккан апам бир аз озун жогото мага жалдырай карап олтуруп калды. Ананчы. Тээ торолгогумдон бери байкушум жалгыз остурду мени. Атам 22 жашында улак чабып журуп аттан кулап каза болуп калган экен. Апам байкуш 3 айлык боюнда бар калыптыр. Атама болгон махабаты ушунчалык кучтуу болгондуктан, мени торогондон кийин канчалаган жерлер чыкса так секирип макул болбой койгон тура… Эчнерседен кем кылган жок. Бала экенмин, апамын мени жалгыз бакканын тушунбой эркелеп козумо корунгонду алдырып остум. Апамдын бир жолу «жок, алып бербейм» дегени эсимде жок… Эми мынтип эс тартып «уйлоном» десем менин эрезеге жеткениме ишене албай турат го…

-уйлонуу тууралуу кутуусуз сунуш киргизди. Албетте буга чейин качандыр бир кун келип биз баш кошоорубузду ойлочумун. Бирок мынчалык тез эмес. Суйлошуп, кыз-жигит катары жургонубузго жарым жыл болгондо ал менин колумду сурады. Болгондо да озгочо жол менен. Ал мындайча болду: Ар дайым жолугушчу бактан жолуктук. Колунда бир букет гул. Анын ар дайым мага берген букеттеринен башкача. Чон. Саны коп. Баары кызыл. Ортодо бир ак роза. Гулдордун жыты буркурайт… Ак розанын ортосунда бир жылтыраган нерсени кордум. Кызыга колум менен карап шакекти аап чыктым. Чынын айтсам, тушунбой калдым. Мен ага суроолуу карасам ал кулумсуроп: «жаным, мага турмушка чыгасынбы?» деп калбаспы… Апкаарый туштум. Кантип башымды ийкеп жибергенимди да билбейм. Мен макул элем. Албетте! Мен сизди суйом, Дамир!

-Апам козуно кубанычтуу жаш алып, мени мээримдуу кучактап калды. Эртеси эле анын ата-энесинин алдына бармакчы болду. Аябай толкундандым. Албетте Асельдин ата-энеси мен тууралуу андан угушкан дечи, ошентсе да кыжаалат болуп турдум. Эххх… Биз жакында уйлонобуз!

-ата-энем анын апасы менен копко суйлошуп олтурушту. Чай алып киргенче уурдана болочок кайын энемди карап алам. Мээримдуу аял экен..

-Апам жакшы кабар менен келди. Анын ата-энеси аябай жакшы адамдар экенин, Асельдин сулуу, кичи пейил, назик, жылдыздуу, периштедей кыз экенин айтып апам мактап буто албай олтурду. Ансайын мен батыраак эле жароокерим биздин уйго келинчек болуп келишин чыдамсыздык менен кутуп толкунданып олтурам… Ал куну периштеме жолукпасам болбос эле. Айтканча Асельдин Аруузат деген озуно куюп койгондой окшош синдиси жана Айбек деген иниси бар. Ошол инси Айбек менен мен жакшы суйлошоор элем. Ал дайыма мен барганда Асельди чакырып чыгып берчу, биз сейилдеп жургончо ал менин машинемди айдап шаар айланып келчу. Кайра кирээрде коштошкубуз келбей турган бизди аяп койбостон эжесин уйго ээрчитип кирип кетчу…

-Дамирдин апасы кеткенден кийин апамдар оздорунчо кобурашып кенешип олтурушту. Той кунун да белгилеп улгурушту. Мага берилчу септи, тойго чакырылчу конокторду, кандай тамактар жасалышынан бери тун бир убака чейин олтурушуп чечип коюшту. Ошентип бат эле тойго даярдыктар башталды…

-Биринчи Аселимди ак койнокто коргондо журогум туйлап, эсим ооп кала жаздады. Ал мурдагыдан да сулуу болуп калыптыр. Тим эле чурок, периштедей корунду козумо… Ошончо жардана карап турган элден тартындым. Болбосо которуп айланткым келип турган…

-Озумду кузгудон коргондо кыйлага оозуман созум тушуп жалдырап туруп калдым. Мынакей… Мен коптон-коп кыялданган апакай улпот койногун кийдим. Озум суйгон жигитиме турмушка чыкканы турам. Мен кандай бактылуумун. ..!

-Ресторанда той кызуу отуп жатты. Тордо Аселим экообуз олтурабыз. Биздин бактыбызда чек жок эле………

-Анын уйундо ойгондум. Баарыбир оз уйун болбогон сон, бир аз жатыркап кыйналдым. Ак жоолук салынып болмодон чыга албай копко олтурдум. Жуурканды оронуп алып божоктой болгон куйоомдун уктап жатканын коруп журогум элжиреп кетти. Мен аны канчалык каттуу суйом… Жараткан суйуумду, бактымды кут кыла кор…!

-Козумду ачсам периштем ак жоолугун салынып жатыптыр. Менин ойгонгонумду байкаган жок. Мен ансайын анын кыймыл-аракетин карап ал караганда козумду жумуп уктамыш болуп жата бердим. Берекем, сулуу келин болду. Коз тийбесин….

_Кайын энем аябай жакшы аял эле. Менин колумду сууга салдырбай уй-жумуштарын талашат. Коп отпой окуумду улантышымды талап кылып туруп алды. Ак жоолук салынып окууга барсам баары мени карашкандай сезилди. Курсташтарым баары куттукташып, суктана карашат….

— ал окууга кеткен куну ичимден аябай кыжаалат боло бердим. Кызганычпы же башкабы билбейм, озумдон-озум уйго батпай ары-бери басып тынч олтура албадым. Эрте эле анын окуу жайына барып алдым. Копко куттум. Сабактары бутоору менен уйго алып келдим. Бул нерсе адатка айланып калды. Жумушумдан эрте чыгып аны уйго алып кетем.

-Бактылуу кундор биринен бири шашылып отуп жатты. Окууда журуп конулум айланып кыйнала бергенимден дарыгерге бардым. Кубанычтуу кабар уктум. Биз ата-эне болот экенбиз! Кандай сонун….

-Асельдин мага карап кулмундогонунон бир жакшы соз айтчудай аны тигиле карап калдым. Ал мени кучактап суйунчу сурады. Суйунчусуно жузунон 100 жолу оптум. Периштем бул кубанычтуу кабарды айтканда журогум жарылып кете жаздады. ОО Жараткан! Кандай сонун кабар!!! !

-Ичим билинип калган кезде кайын энем окууга барбай эле коюшумду отунду. Бирок ошол учурда экзамендер башталып калган. Бир куну экзаменден чыгып баратып бироо каттуу туртуп откондо кулап кеттим. Ичим каттуу ооруксунганынан чыдабай Дамирге чалдым. Дамир бат эле жетип келди. Орууканада мени дарыгерим текшерген сон, бала бир аз козголуп калганын айтып ошол эле куну ооруканага жатып калдым…..

 

-Келинчегим ооруканада 1 ай жатып чыкты. Ону кубарып, арыктап келди. Аябай журогум ооруп, жаным ачышып турду… Баарынан да баламдын эсен-аман торолушун тиленип жаттык.

-Ай кунум жетип уул тородум. Албетте кубандык. Бирок… Бирок уулум майып торолду. Буттары буралып калган. … Аябай журогум канап турду. Дамир да уулун колуна алып кубанганы менен коздорунон кайгынын, азаптын учкундарын кордум. Кайын энем да баланы эркелеткени менен санаасы санга болунуп турганын байкабай коюга мумкун эмес эле. Уулубуздун атын бактыбыздан торолгон эле деп Бакыт койдук. Бакытымды ооруканаларга ташып журуп убактыбыз кетет. Айыгып кетээр деген умут узулбойт… Бирок эч кандай массаж, укол-дарылар балама жардам бере албай койду. Дамирим 5 убак намазга да жыгылды, козунон жашын агызып уулунун ден-соолугун тилейт. Мен да намаз окуп, Бакытымдын башка балдардай басып кетишин суранам Жараткандан. .. Бакыт тендуу балдар кочодо ызылдап ойноп журушконун коруп балам коляскада аларды унсуз телмире тиктеп олтура берет. Тили да булдуруктап так эмес. Кайсы куноомо мындай азапка туш болдук билбейм…… Дамир бара-бара чогуп кетти, намазын калтырып эми очун, куйутун арактан чыгарчу болду. Ага канчалык оор экенин билем, тушуном, бирок ал тагдырга сынып берди. Женилди…

-Уулумдун ден-соолугу мени уктатпайт эле. Ойлордон башым чыналып кетчу. Сабыр кылып намаз окуп кордум, бирок Бакытты коргон сайын журогум канайт. Ичим эншерилет. Анын карагаттай коздору мага караганда жашоодон тунулуп кетем. Уулум учун жанымды бергенге даяр элем, бирок бир жолу так «ата» деп суйлоп, ордунан 2 кадам таштап койсо гана…. Акыры арак менен озумду алдаганга оттум. Мас болсом баары унутулгансып бир аз бул кор тиргиликти, жалган дуйнону унуткансып калам. Кайдан… Кайра эле соолукканда ошол койгойлор, ошол азаптар, ошол эле коляскада жалдыраган Бакытым…. Асель кыйла жудоп кетти, байкушумдун жаш туруп жузундо бырыштын издери пайда боло баштады. Озун жоготуп, таптакыр чунчуп кетти. Апам да санаадан арыла албай, тошоко жатып калды. Эми биздин уйдо 2 майып. Апамын ден-соолугу мен учун бир азап, баламдын акыбалы бир азап… Тагдырыма нааразы элем. Ичип келип бар кучумду Асельден чыгарчу болдум. Аны колумун кычуусу канганча сабайм. Баламдын ушундай торолушуно Асель эле куноолуудой. Сабасам бир аз женилдеп калгансыйм. Байкушум чыркырап ыйлап-ыйлап сооронот да кайра эле апам менен Бакыттын туйшугуно алаксып кетет. Керээли кечке экоонун курсагын тойгозот, кийимин жууйт, ажатканага алып барат, ойнотот……. . Жумушумдан да чыгып кеттим. Уйдо мурдагыдай оокат кенири болбой калды. Досторум башында карыз берип журушуп кийин бара-бара алар менден алыстап кача башташты. Баарына кол шилтедим. Асельге алты саным аман туруп мен да туйшугумду артып соо-майып болуп уйдо жатып алдым. Ойгоном арак сурайм. Байкушум безилдеп калган, эптеп арак берип мени уктатат. Балам ыйлайт, анын тамагын ичирип ойнотуп алаксытат. Апам тилден да калган, козунон жашы куюлуп эле жата берет. Жарытып тамак ичпейт. Тамак демекчи, этсиз, эптемей тамактарды кылып Асель байкуш бизди тойгозуунун амалын издейт. Ата-энеси башында элое алып кетип калышкан эле. Асель чырылдап жалынып-жалбарып жатып ата-энесинен келип алды. Бизди таштап кете албайт болчу. Кайын журт жардам берип журушту, кийин алар да чарчашты корунот, кол шилтеп коюшту….

-Дамир таптакыр уйдо ичип жатып калды. Ошол кыйынчылык кундордо бизде дагы бир койгой пайда болду. Синдим жаны эле турмушка чыгып 3 ай жашап ажырашып кеткен эле. Апамдардын алдында озун ынгайсыз сезип, тартынып жашай албай бир аз алаксып журуп кеткени биздикине келген экен. Бакытты ойнотуп, мага кыйла эле жардамы тийип калды. Аруузат келгенден баштап Дамир да тартынып ичпей калган эле. Ошол кундордун биринде кайын энем кайтыш болуп калды… Кайын энемди оз апамдай жакшы корчумун. Бир боорубуз эншерилип эле калгандай болду. Боздоп-сыздап жерге узаттык. Аруузат шылтоо менен биздин уйдо кобуроок журуп калды. Дамир да ичкенин калтырып, оноло тушту. Аруузат кечке Бакытты карагандыктан мен ал ортодо жумушка кирип алдым. Дамир да жумушсуз олтургандыктан тамак-аштан кыйналып кеткен элек. Ата-энем Аруузатты чакыртышып журуп барбаганынан жайына коюшту. Инимди да уйлоп алышкан эле. Келинден да тартынбасын дешти окшойт синдимди. Ошентип уй-жумуш, уй-жумуш болуп журуп кундор ото берди. Негедир кайрадан боюма бутпой журдум…

Бир куну жумуштан эрте чыгып уйго жонодум. Тан калганым ошондо бутум эч эле уйго тартпайт. Журогум бир башкача согуп, кызыктай болуп уйго бардым. Журок кургур туура эле кыжаалат болгон экен. Дамир экообуз уктоочу диванда энеден туума жыланач Аруузат менен Дамир жатыптыр. Коргон козумо ишенбей нес болуп туруп калдым. Жок дегенде эшикти ичинен илип алышпаптыр. Жатканы деле мейли дечи, коляскадагы Бакытымды каратып олтургузуп коюшуптур. Бул эмне деген шумдук?! Балам байкуш коздорун жылтыратып аларды карап унсуз телмиреп олтурат…

Дамир Аруузаттан мурда корду мени. Ордунан атып туруп эле же чыгып кете албай же суйлой албай калтырап туруп калды. Аруузат да уяттан жерге кирип кете албай коздору чакчайып диванда олтурат…

-апам каза болоордо балдызым келген эле биздикине. Андан тартынып иче албай журдум. Ошол убакта апам да о дуйно салып кете берди. Канчалык мага оор болгонун соз менен айтып жеткире албайм… Ичип алгым келип Аруузаттан тартынып аран эле чыдап журдум. Ошол кундору Аруузаттын кыймыл-аракети, жалжылдап караган сулуу каректери, назик уну мени арбап баратты. Асель деле сулуу болчу, бирок баланын туйшугунон байкушум каарып, жудоп кеткендиктен жузундогу нуру очо тушкон. Асельге аял катары кызыкпай калганыма да коп болгон. Оор турмуш экообуздогу жубайларда болчу жылуулукту очуруп, алыстатып салган болчу. Уктап калган журогумду Аруузат кайрадан ойгото баштаганын сездим. Ал атайын деле аракет кылган жок, мен озумдон-озум ага тартылып бараттым… «О кудай, башкасын суйсом мейли, балдызымды суйдуро корбо!» деп коркуп кетем. Кайра эле журок деген баш бербей Аруузатка арбалат… Асел жумушка кирди. Анын мойнунда майып балабыз эле эмес мен дагы бар элем. Аял адамга чулдуруктаган, баспаган баласын багуу канчалык оор. Анан дагы аракеч куйоосун кошуп багыш копчулук аялдардын колунан келе бербешин жакшы тушунуп калганмын. Бирок мен да иштегим келген жок. Даяр тамакты жеп, уйдон чыкпай, жан кыйнабай жылуу тошокто керээлди кечке уктагандан башканы каалабай калдым. Асель жумушта жургон кундордун биринде балдызыма оюм таптакыр бузулду. Эркек катары аны энсеп, каалап турдум. Аруузат Бакытты ойнотуп олтурган. Байкатпастан анын жанына жылып бардым. «жезде?» деп коздору кызарган мени коруп урпойо чоочуп карады. Аны кучактап аймалап жыгылдым. Коздорун алайтып карап олтурган Бакытымды да элес албай, балдызымды уйпалай бердим. Эркектин кучагын сагынып калган белем, Аруузат эч канчалык каршылык корсоткон жок. Кумарга батуу биз учун адатка айланды. Бакытты каратып олтургузуп коюп жыланачтана жыргалга батабыз. Асель жумуштан келээрде кийнип, сыр билдирбей олтуруп калабыз. Мындай кундор копко узаган жок. Бир куну Асель устубуздон чыкты. Анын ошондогу элеси… Жылдызы очкон чарчанкы каректери жашка толуп, ону кагаздай кубарып турган эле. Бир Бакытты карап, бир бизди карап эмне деп айтаарын билбей катып калды. Чон чыр чыгарабы деп чочулагам, жок, тек гана уулубузду судуроп сырткы болмого чыгып кетти. Аруузат ошол эле куну кийимдерин жыйыштырып уйдон чыгып кетти. Аруузат кеткенде апамды жоготкондогудан бетер уйубуз ээнсирей тушту. Журогум чырылдап артынан кетип калышымды буйруду. Бирок Асельди андай акыбалда таштап кете албайт элем. Апасынын унсуз ыйын коруп Бакыт да чулдурап бир нерселерди суйлоп апасын сооротуп жатканын коруп озумдун канчалык наадан, акмак, айбан экенимди андадым. Тизелеп Асельден кечирим сурадым. Иттигимди мойнума алып, мени кечиришин жалбардым. Асель бырыш аралаган жузун арык колдору менен басып опко-опкосуно батпай боздоп ыйлап тура берди.

 

-Дамирдин тизелеп жалдыраганы да мени жибите албай койду. Тескерисинче, ушунча убакыт Дамирдин азабын тартып келгениме куйуп кеттим. Жашагым келбей калды. Кайын энемдин артынан кетип калгым келди. Бирок Бакытымды кыйбадым. Бакыттын коргон куну кантет? деп тутподум… Бирок Дамир менен да бир уйдо жашай албасымды тушундум. Курбуларымдын жардамы менен башка шаарга кетип калдык уулум экообуз. Дамир ошол биз жашаган озунун уйундо калды. Башка шаарга келип башында дагы кыйынчылыктар болбой койгон жок, Бакытты ошол шаардагы ооруканаларга дагы корсоттум. Бирок дале жылыш болбоду. Жумушка орношуп, Бакытты караганга бир эжени суйлошуп ага айлык берип журдум. Квартирада жашап журдук. Жумушка тез конушуп кеттим. Айлык акысы да жакшы эле. Бара-бара озумду карап, «жашара» баштадым десем деле жанылышпайм. Дамир бизди издеп жургонун тааныштарыбыздан угуп калдым. Кантсе да баламын атасы эмеспи, бир жагынан «эмне учун мен эле кыйналышым керек? Баласын багып ал деле туйшугун тартсын» деп ойлодум. Бакытты алып жумушумдан жооп сурап мурдагы уйубузго келдик. Дамир сакал-муруту осуп жудоп жургонун коруп журогум ооруду. Аяп кеттим. Бирок кечире албадым. Бакытты бир аз убакыт карап беруусун сурансам башын ийкеп макул болду. Бакыттын кандай тамактанаарын, кайсы убакытта сейилдоого чыгышын, кайсы убакта укташын бут тушундуруп берип баламды жузунон суйуп коюп жаштуу коздорумду коргозбош учун шашыла чыгып кеттим.

-Асель Бакытты алып келгенде аябай кубандым. Бирок ал кайра эле кетээрин айтканда шаабайым сууп олтуруп калдым. Бакытты мага таштаарын укканда андан бетер айлам тугонду. Кантип карайм мен? Асельдин конулу учун макул болдум. Аргасыздыктан. Асель кеткенден кийин Бакыт аябай ыйлады. Коляскасы менен ары-бери судуройм, болбойт. Ал убакта Бакыт 12 жашта эле. Бакыт тендуулор мектепке барышып, ата-энесине жардам беришип, кочону чанытып ойноп журушот. Уйдо кечке эптеп кардыбызды тойгозобуз балам экообуз. Кочого судуроп чыгып айлантырам. Китептерди окуп берем. Экообуз олтуруп алып сыналгы коробуз. Зээригебиз. .. Апасын кутобуз……. ……

-иштеп журуп Бакытты аябай сагындым. Дамирге ишенип таштаганыма кээде озумо жинденип кетем. Барып Бакытты алып келуу тууралуу ойлоп жургон кундордун биринде кошуна квартирада жашаган Талант менен тааныштым… Ал мурда уйлонуп аялы менен тушунушо албай ажырашкан экен. Эки кызы аялында экен. Талант менен сырдаш болуп кеттик. Жалгыз бой аялга ушундай бир кошунанын болгону деле жакшы экен деп калдым. Талант мага тийишпейт эле, тек гана арманымды угуп кенешин айтып олтура берчу. Экообуз канчалаган тундорду уйкусуз, суйлошуп олтуруп откордук… Ал дагы баламды алып келишимди туура деди. Ошентип кайрадан Дамирдин уйуно бардым. Байкушум онунон азып, аябай кыйналыптыр. Бакыттан бетер коздорун жылтыратып алдымдан тосуп чыкты. Кыйбадым. Кантсе да коз ачып коргон куйоом, баламдын атасы эмеспи… Жумушумду да, баарын таштап Дамир менен кайра жашап калдык. Жаны эле жарашканыбызда анын оорукчан болуп калганын билдик. Дамир рак оорусу менен ооруп калыптыр. Тагдырыбыз бизди неге мынчалык сынады экен?! Жараткан бизди ошончо кыйнаганы учун аядыбы, ьир куну эле Бакытым баса баштады. Тамак кылып жатканмын. Артымдан чулдураган уулумдун так «АПА!» дегени угулду. Аралаштырып жаткан тамагымды таштап артыма карасам коляскасынан жыгылып кетип жормолоп баратыптыр.

Асель келип «жашайбыз» дегенде аябай ыраазы болдум. Бирок коп отпой оорумду билгенде заманам куурулуп кетти го…

Диванда гезит окуп олтурганмын. Асельдин «Дамииир! » деп кубанычтуу чакырыгын укканда ордумдан учуп туруп кухняга кирдим. О кудай! Бакытым жормолоп баратат… Козумо жаш толуп менден бетер апкаарыган Асельге жетип барып кучактап ооп, Бакытты карап туруп калдык. Бакыт «апа»лап жормолоп келип апасынын этегине жармашты. Ошондон тартып Бакытты келекелеп жормолото баштадык. Асель экообуз болмонун эки башына олтуруп «Бакыт кел мага келчи, кел Бакыт!» деп чакырабыз. Балам акырындан жормолоп, бара-бара тай-тайлап кадам шилтегенге отту. Кудай берет деген ушул, баламдын кадам таштаганы эле биз учун кандай чон кубаныч эле…

Бир куну Асельди кошунабыздын Бакыт тендуу баласы чакырып калды. Асель аны ээрчип чыгып кетип эле копко жоголду. Бакытты жетелеп сыртка чыктым. Бир узун бойлуу эркек киши менен Асель суйлошуп туруптур. «Ассолоому алейкум!» деп алардын жанына барып алдык. Тиги киши мени жалт карап:

-Ва алейкум ассалом… деп колун берип калды. Асельди «бул ким?» дегенчелик карап койсом ал шашкалактап эле «уйго киресинби? Сыртта турбайлы…» деп уйго жол баштады Чоочун киши башын чайкап «жо-жок, рахмат. Мейли мен барайын, балан басып калган тура, аябай жакшы болуптур. Силердин тынч экенинерден кабар алайын деп эле келген элем. Жоголуп кеткенинен кыжаалат болуп» деп Бакытты жузунон ооп колуна 500 сом берип, Асельди жылмая карап коюп кетип бат-баттан басып кетип калды. Тообо, менин ал жерде турганымы унутуп калгандай…

-Ким ал? деп уйго кирип эле Асельди акшыя карадым.

-жон эле тааныш…

-кандай тааныш? Тиги колундагы сумкада эмне бар экен? Ал эмнеге силерди сурап келди? Тиякта иштеп жургонундо тапкансынго э? деп кызганычтан калчылдап Асельди демите баштадым.

-Дамир жакшына болчу… Асель мени уккусу келбей ички болмого кирип колундагы сумкасын ачып ичинен Бакытка арналган кийимдерди, таттуу-паттууларды алып чыгып столго кое баштады. Жаным чыгып кете жаздады, жетип барып столго койгондорун чачып жерге ыргыттым. Бакыт «Ата апама тийбе!» деп бакырып ыйлап жиберди. Баламдын бакырыгынан тык токтодум. Ал мынтип бир суйломду так суйлой элек болчу.

 

-Талантты коруп коркуп кеттим. Дамир чыкканда андан бетер айла таппай турдум. Талант бизден кабар алганы келген экен. Ал кеткенден кийин Дамир чыр салып ачууланды. Албетте, кайсы эркек аялы ботон эркек менен турганын корсо ачууланбасын. .. Ошол чырдан Бакыт так суйлоп кетти. Кудуретинден айланайын Кудай! Бакытым так суйлоп, кадам таштап басып калганына жетине албай турдум. Эртеси эле кудайы откоруп тууган-туушкандарды, колу-кошунаны чакырдык. Бакытыма ак бата алдык элден. Кудайы откоргондон кийин Бакыт кадимкисиндей басып баштады, ага мурда китеп окуп берип, тамга уйротуп жургон элек. Бирок баарыбиз озунон кыйла кичинекейлер менен биринчи класска барды. Атасы мектепке алып барып алып келип журду. Дамир коз алдымда арыктагандан арыктап, ооруга баш ийип баратканын коруп мен кыжаалат…. Ошентип убакыт отуп жатты. Бир куну дагы боюмда бар экенин билдим. Кубандык. Озумду аябай этияттап журдум. Бирок менин торотумо жетпей Дамир коз жумуп кете берди… Оорусун жене алган жок. Бакытым да оз алдынча боло элек болчу, баламы мектепке ташып, ичим чоноюп аябай кыйналдым. Ал ортодо атам да каза болду. Апамын жанына кочуп бардык. Келиним менен иним да болунуп башка жака кочуп кетишкен эле. Апам байкуш каарып калган. Торотум оор болду. Бир олуп-тирилгендей эле болдум го… Кыз тородум. Кызымдын атын Айжамал деп апам койду. Кызым чыйрак чыкты. Эрте эле басып алды. Айжамалым 3 жашар болуп, Бакытым 4 класска кочуп калганда апаман айрылдым. Бул дуйнодо эчким туболуктуу эмес тура. Баарыбыз жалган дуйнодон отот экенбиз… Кайдан уккан билбейм, «жалгыз кыйналгандырсын» деп Талант пайда болду. Балдарыма баарыбир атанын да тарбиясы керек болчу. Талант менен бирге тутун булатып калдык… Кийин дагы эгиз уулдуу болдук. Азыр кудайга шугур, бала-бакырабыз чоноюп, эс тартып, Бакытым уйлонуп эки балалуу болгон. Айжамалым алыска турмушка чыкты. Жакында торойт. Талант балпайган абышка болду. Мен болсо откон кундорумду эстеп олтурам…. Радиодон тээ илгери Дамир экообуз суйуп уккан Алтынай Нарбаеванын ыры жанырып жатты…

 

Менденби же сенденби, кимибизден?

Сезимдер өчүп барат дилибизден.

Адашып, атаганат, баратабыз,

Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.

 

 

 

Кайран кез, кандай сонун убак эле,

Сезимде эңсөө туруп турар эле.

Сагынып, самап келсем сапарымдан,

Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

 

 

Башатын махабаттын чандың беле?

Байкабай капа кылып алдың беле?

Болбосо жаш селкиге менден артык,

Бой салып, ашык болуп калдың беле?

 

 

Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,

Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.

Жаркыным, суу куя көр сезимдерге .

Тамыры такыр кургап кала электе.

 

 

Дамирдин тойдогу каткырып кол чаап турганы коз алдыма элестелип кетет ушул ырды укканда эле негедир. Кайраным балдарынын эрезеге жетип, бактылуу уй-булоолордон болгондорун, жайгашкандарын корбой кетти………..

 

Аягы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE