Пример HTML-страницы

Сузакта мугалим токмоктолду. Окуяны милиция териштирип жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСузак районуна караштуу Ырыс айылындагы №5 Бабур атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалими Айжамал Иманова райондук оорукананын сынык-жаракаттар бөлүмүндө 3 күндөн бери дарыланып жатат.

Ал 17-апрель күнү жумуш учурунда кесиптештеринин жана белгисиз жарандардын ур-токмогуна кабылганын, денеси көкала болгонун, башы ооруп жатканын айтууда. Ал эми аталган мектеп мугалимдери Айжамал Иманова ооруканада жатып калчудай пикир келишпестик болбогонун белгилешүүдө.

Бабур атындагы мектепте Айжамал Иманова жалпы 17 жылдай мугалим болуп иштеген. Былтыркы жылы мектеп директорлугуна талапкерлигин коюп, сынактан өтүп келип, 4 ай иштегенден кийин кызматынан кол жууган. Ур-токмокко чейинки окуянын башаты ал мектеп директорлугуна келгенде башталганын айтып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин да ысымын атап жатат.

«Былтыркы жылы президентибиздин жарлыгына ылайык мектеп директорлугуна сынактар башталды. Мен да ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 2023-жылы директорлук кызматка келдим. Көп жыл мектеп директору болгон Дилшодбек Кадыркулов сыяктуу мугалимдерге директор болгонум жакпай калды. Мектеп мугалимдерин мага каршы коюшту. Мага мугалимдер ачык эле “өзүң билип эле кетип кал, 3 айдан ашык барбайсың” деп ультиматум коюп келишти. Ошентип жүрүп 2024-жылдын 12-январында мени райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев жумуштан алды. Ал да менин кетишиме кызыктар болду. Ар кандай каралоолор менен жумуштан бошодум. Акыры ачык эле коркутууга баралы дешти окшойт. 17-апрель күнү 2-кабатка бир мугалим чакырды. 4-5 мугалим, окуучулардын ата-энелери бар дешти. Мен жакшы тааныбайт экем. Кыйкырык-бакырык болуп, бири башыма чапты, бири бетиме түкүрдү, токмоктоп киришти. Кабинеттен качып, муундарым калчылдаган бойдон жолго чейин чуркап бардым. Милиция чакырдым да өзүм ооруканага кеттим», — деди ал.

Мектеп директорлугунан бошогону боюнча мугалим сотко кайрылган. Азыр сот иши жүрүп жатат.

Сузак райондук ооруканасынын сынык жаракат бөлүмүнүн дарыгери Мирлан Ажыбековдун айтымында, мугалимдин абалы орто деп саналууда. Эки колу көкала абалда келген, баш мээси чайкалганы боюнча диагноз коюлган.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин айтымында, ысымы аталган мугалим Бабур атындагы мектептин мугалимдери менен келишип, иштеше алган эмес. Анан да каржылык бузуу фактысы анын жумуштан кетүүсүнө себеп болгонун тушүндүрдү.

«Мектеп жамаатынан жакшы пикир жарата алган жок. Кечээги интернетте тарап жаткан ызы-чууга Айжамал Иманованын ал балдарды тергөөгө жөнөткөнү себеп болгон. 10-класстын 3 окуучусун директор болуп тургандагы иши боюнча РИИБге жөнөткөн, ата-энелери билген эмес. Ошого ачууланган ата-энелер мектепке келишкен. Мугалим менен беттешкен, мугалимдер да болушкан. Бир эне катуурак айткан. Ал мугалим токмок жегидей деңгээлде уруш болгон эмес. Бул мугалим мурун да мектеп директору болуп, Усенов мезгилинде иштен бошогон экен. Мен келгенден кийин кайра директорлук кызматка сынактан утуп келген үчүн койгонбуз. Август айында дагы каржылык мыйзам бузууга жол бергени аныкталып, иштен алынып, катардагы мугалим катары иштеп жаткан. Кызматтан түшкөндөн бери мага өчөшүп жүрөт. Мен андан акча алган эмесмин. Ошентип айткан үчүн анын үстүнөн сотко кайрылат окшойм», — деди ал.

Бабур атындагы мектептин директору Азиз Касымов январь айынан бери директордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жатат. Ал да мугалим көкала болгудай жанжал болбогонун, мектеп мугалимин кесиптештери көрүү үчүн барып, жолуга албай келишкенин айтты.

«Менден да тергөөгө барган окуучулардын ата-энелери эмнеге алардан сурабай алып барышканын сурап, нааразы болуп келишти. Биз да балдардын тергөөгө барганын билген эмеспиз. Анан Айжамал мугалимибизди издеп калдык. Менин орун басарым 3-4 мугалим жана ата-энелер болуп кабинетте өз ара сүйлөшүшүптүр. Айжамал окуучуларды жөнөтпөгөнүн айтып эле кабинеттен чыгып кетиптир. Ата-энелер кыйкырган бойдон калган экен. Мугалимдер менен сүйлөшүп, андай пикир келишпестиктерге жол бербей, ынтымакта иштөөнү талап кылдым. Биз да интернеттен сүрөттөрүн көрүп, таң калып отурабыз», — деди ал.

№5 мектептин кесиптик кошуундун төрагасы Дилшодбек Кадыркулов ага карата айтылган айыптарды четке кагып, бул келишпестик мектеп директору болуп турганда 5 адамга сабак өтпөгөндөрүнө карабастан табель толтурган иши ачыкка чыгып калгандыгы үчүн айрым мугалимдерге нааразычылыгы бардыгын айтууда.

Мугалимден токмоктолушу боюнча окуяны милиция териштирүүнү баштады. Милициядан маалым болгондой, Сузак райондук ооруканадан 102 номуруна денесинен жарат алган жаран жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ал денеге залал келтирүү фактысы боюнча катталып, тергөө жүрүп жатат. Соттук-медциналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE