Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда каза болгон айдоочунун аялы дагы өмүр менен коштошту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда орун алган жол-транспорт кырсыгында жүргүнчү катары бара жаткан айдоочунун аялы да бейтапканага жеткирилгенден кийин каза болгон. Мындай маалыматты Сузак райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери Акжол Тургунбаев ырастады.

Анын айтымында, унаада бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Ошондой эле 3-4 жаштардагы небереси да болгон.

«Кырсык орун алган учурда мен өзүм да Бишкек—Ош унаа жолунда болчумун. Окуя болгон жерге барсам, жолдошу ошол замат каза болуптур. Ал эми аялынын эс-учу бар эле. Улам арткы орундукта отурган небересин сурап, онтоп жаткан. Куткаруучулар келип, бекилип калган эшикти бузуп, аларды чыгарганча, ошол жердеги адамдардын көмөгү менен унаанын артында отурган 3-4 жаштагы кызды айнектен чыгарып, өзүмдүн унаам менен бейтапканага алып кеттим. Ал башында шишик пайда болуп, ичи да ооруп жатканын айтып, ыйлап жаткан. Ооруканага алып барып, ага медициналык жардам көрсөтүп, аман алып калдык. Ал эми 60 жаштардагы аял тез жардам менен 10 мүнөт аралыгында келди. Ошол замат аны жандандыруу бөлүмүнө алдык. Бирок көп өтпөй ал да каза болуп калды.

Каза болгон жолдошу менен аялы Ош облусунун тургундары экен. Бирок Чүй облусунун Сокулук районунда жашашат экен. Кечээ кечинде алардын жакын туугандары сөөктөрдү жана жараат алган кызды алып кетишти», — деди башкы дарыгер А.Тургунбаев.

—————

Буга чейин Бишкек—Ош унаа жолунда эки унаанын катышуусунда кырсык катталып, айдоочу мүрт кеткендиги кабарланган.

Кырсык 19-апрель күнү аталган унаа жолдун Сузак айыл аймагындагы тилкесинде орун алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE