Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада ата-энеси менен жайлоого бара жаткан эки өспүрүм адашып кеткен. Алар түн ичинде табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда адашып кеткен эки өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 20-апрелинде саат 22:50 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ылай-Талаа айыл аймагынан эки өспүрүм Кызыл-Таш жайлоосуна бара жатып, катуу жааган жаандан улам адашып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери аталган жайлоого жөнөп кетишкен.

Кызматкерлер жайлоого түнкү саат 00:00 чамасында жетип, эки жаш өспүрүмдү издеп табышкан. Өспүрүмдөр ата-энеси менен жайлоого кой айдап көчүп бара жатышып, ата-энеси узап кеткендигин, алар жүк артылган эшектерди минип баратып артта калып, күн кеч болуп, жаан катуу жаап киргендиктен жолдон адашып кетишкендигин билдирген.

Алар Ылай-Талаа айыл аймагынын тургундары — 2015-жылы туулган А.А. жана 2017-жылы туулган Р.Б. экендиги аныкталган.

«Өспүрүмдөр сел аккан сайга туш болуу коркунучу жогору болгон. Аларга тамак-аш берилип, кийимдери кургатылып, сак-саламатта туугандарына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Turmush 2024-жылдын 20-21-апрелинде Ош облусунун аймактарында, анын ичинде Кара-Кулжа районунда сел жүргөнүн жазган.

Мырзаке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында жеңил унааны сел суусу агызып кеткен. Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон. Эки аял менен жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE