Пример HTML-страницы

ОшТУга Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин делегациясы келди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын профессордук-окутуучулук курамы окуу жайлар ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош технологиялык университетине атайын иш сапар менен келди.

Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын директору Мухтаров Фаррух Мухаммадович баштаган топ ОшТУнун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, алдыдагыкызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу жана илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаевге, окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытовго, маалыматтар технологиялары жана башкаруу кафедрасынын башчысы А.Ж.Сатыбаевге «Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Иш сапардын алкагында келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE