Пример HTML-страницы

Нарындык спортчу Сыймык Садырбек уулу грэпплинг боюнча Америкадагы мелдеште чемпион болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын тургуну Сыймык Садырбек уулу кечээ, 4-май күнү грэпплинг боюнча АКШнын Пенсильвания штатынын чемпиону болду. Бул тууралуу Чолок-Кайың айылында грэпплинг боюнча зал ачып, машыктыруучу болуп келе жаткан Камчы Төлөпалды уулу билдирди.

Анын айтымында, Сыймык 87 кг салмактагылар арасында күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду багындырды. Ал буга чейин дагы АКШ да өткөн чемпионатта 2-орунду ээлеген.

«Сыймык Садырбек уулу мага 9-класста окуп жүргөн кезинде же тактап айтканда айылга залды жаңы ачканымда келген. Ошондон бери машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырып келди. 2022-жылы Испания мамлекетинин Понтеведра шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 5-орунду, 2024-жылдын февраль айында АКШнын Питтсбург шаарында өткөн чемпионатта 2-орунду, ушул эле жылдын 4-май күнү Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында өткөн NAGA грепплинг боюнча чемпионатта 1-орунду багындырды» — деди машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE