Пример HTML-страницы

Жаратылышка чыкканда кенеден кантип коргонуу керек?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы районунда 2024-жылы апрель айында кене чаккан эки адамдын канынан вирустук кене энцефалити, боррелиоз, Конго-Крым лихорадкасынын антителалары табылган. Мындан улам кара тумоого каршы бөлүмүнүн эпидемиологунун жардамчысы Каныбек Асаналиев кене чаккандан сак болуу жана кене чаккан учурда токтоосуз дарыгерге кайрылууну эскертти.

Кене чаккандан сактаналы

Күн жылып, жаздын келиши менен адамдар таза абага чыгып, сейилдөөнү көбөйтөт. Бул мезгилде курт-кумурскалар да көп чыга баштайт. Алардын бири — кене. Облус боюнча жылына жүздөн ашуун адам кенеден жабыркап, дарылоо мекемесине кайрылышат. Энцефалит оорусу кенеден жугат. Вирустук кене энцефалити — айрыкча борбордук нерв системаны жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, республикада вирустук кене энцефалитинин табигий байырлаган жерлери бардык климаттык аймактарда аныкталган жана адам үчүн коркунуч туудуруу даражасы белгиленген.

Вирустук кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга кене чаккан учурда анын шилекейи аркылуу жугат. Кенелер көбүнчө адамдар токойлорго барган учурда чагат. Кээде токой, талаалардан үй жаныбарларына жабышып келген кенелер да оорунун булагы болуп саналат. Мындан тышкары тамак-аш аркылуу, көп учурда эчкинин, кээде уйдун чийки сүтүн пайдаланууда жугушу мүмкүн. Кене массалык түрдө каптаган учурда вирус сүттө дагы болушу ыктымал. Ошол себептен сүт азыктарын кайнаткандан кийин ичүү керек.

Вирустук кене энцефалитине бардык адамдар жаш курагына жана жынысына карабастан кабылат. Көбүнчө жугузуп алуу тобуна жумушу токой, талаа менен байланыштуу болгон адамдар кирет. Ал эми айыл тургундары чарбалык иштер убагында, балык уулаганда, мергенчиликке же болбосо эс алууга чыккан учурда кенелер жабышат.

Оорунун белгилери: көп учурда 7-14 күнгө, кээде 1-60 күнгө чейин созулат. Оору кескин кармап, калчылдоо, баштын катуу оорусу, дене таптын 38-39 градуска чейин кескин жогорулашы, көңүлдүн айланышы, кусуу менен башталат. Андан тышкары ийни, көкүрөк жана арканын бел тарабы, колу-бутта орун алган булчуңдардын оорушу оорулуунун тынчын алат. Оорулуунун жүзү кызарып чыгат. Кээ бир учурда денеге дагы жайылат. Эгерде жогорудагы саналып өткөн белгилер пайда болсо, анда өз учурунда айылдык ФАПтарга же ооруканага кайрылуу зарыл.

Вирустук кене энцефалитинен кантип коргонууга болот?

Кене энцефалити менен ооруп калууга спецификалуу эмес жана спецификалык алдын алуунун жардамы менен бөгөт коюуга болот:

— Спецификалык эмес алдын алууда атайын коргоочу костюмдарды (кооптуу топтор үчүн) же ыңгайлаштырылган кийимди колдонууну камтыйт;

— Спецификалуу алдын алуу чаралары: вирустук кене энцефалитине каршы жаратылыш менен байланыштуу болгон тобокел топторго эмдөө жүргүзүлөт.

Кенени кантип чыгарабыз?

Жабышып калган кенени ага канды көпкө сорууга жол бербестен мүмкүн болушунча тезирээк чыгаруу абдан маанилүү. Муну ҮДТнын медициналык кызматкерлери менен же сынык-жаракат пунктунда жасаган жакшы. Ал эми үй шартында же табият кучагында адамдын денесине кирген кененин тумшугун үзүп албаш үчүн учу ийри пинцет менен мүмкүн болушунча тумшугуна жакын жерден кыпчып, кылдаттык менен тартып, андан кийин өз огунда ыңгайлуу тарапка айландырганда кене тумшугу менен бүтүн чыгат. Жаракатты 70% спирт же 5% йод менен тазалайт. Чыгарылган кенени айнек идишке салып, жакын аралыктагы ФАПка же ооруканага жеткирүү керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE