Пример HTML-страницы

Жаныбарлардын туугандыгы

https://kyrgyzcha.site/?p=56864&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жаныбарлардын туугандыгы

 

 

Бир күнү дыйкан аялын кандайдыр бир себептер менен таарынтып алат. Ошол бойдон ачуусу тарабай калган аялы эртеси күнү дыйкан талаага кетээрде азык салган баштыгына чийки эт менен ачыбаган камырдан салып, үстүнө майда тууралган пияздан толтура шыкап туруп карматып койот. Али иштин жайын түшүнбөгөн дыйкан болсо баштыкты арабага салып алып кыдыңдаган бойдон талаага жөнөйт. Айтмакчы булардын апсайган кара мышыгы дайыма арабага түшүп алып талаага барып чычкан кармап жеп, курсагын тойгузганды жакшы көрчү экен. Ошол мышык жолдо токойду аралап баратканда «бул сасыган немени эмне салып алган» деп ачууланып баштыкты түрктүлөп түшүрүп таштайт. Аны кыңылдап бараткан дыйкан байкабай кыңылдап ырдаган бойдон кете берет.

Алар бир топ узап кеткенден кийин токойдо шимшилеп тамак издеп жүргөн түлкү жанагы баштыкка туш келет. Ал алгач эки жагын каранып, акырын сактанып отуруп баштыкка жетет. Жанында капкан, же казылган ороо жокпу дегенсип мурду менен акырын түрткүлөп көрөт. Ошентип шимшилеп жыттагылап атканда баягы баштыктагы пияз өз таасирин тийгизип көзүнөн жашы шорголоп, ыйлап баштайт. Биринчи ал эмнеге ыйлап атканын өзү да түшүнбөйт. Бирок көзүнөн жашы да тынбай мончоктоп ага берет. Ошондо ал «Деги мага эмне болду? Үй-бүлөм, бала-чакам тынч болду бекен?» деп сар-санаа боло баштайт. Ошентип отуруп өткөн айда бүркүт илип кеткен бачкиси эсине келет. Эми ого бетер жүрөгү ооруп, жатып алып буркурап боздоп ыйлай баштайт.

Так ушул маалда ошол жерден карышкыр өтүп бараткан болот. Ал түлкүнүн жолдун ортосуна отуруп алып боздоп ыйлап атканын көрүп таң калып жанына келет.

— Э түлкү тууганым, эмне ыйлап атасың? Деги тынчылыкпы? – дейт ал боору ооругансып.

Түлкү көз жашын тыя албай буркурап туруп,

— Баягы жазында чоктой кызыл жүнү бар, оттой жанган көзү бар бачикимди бүркүттүн тырмагына илдирип ийдим эле, ошол баламды эстеп ыйлап атам, — деп арманын айтат. Карышкыр биринчи ага көп деле ишенбейт. «Бу жеткен арамза неме дагы бир куулугун баштаганы турат окшойт» деп ойлойт ал. Бирок, курсагы ачып турган неме түлкүнүн алдында турган баштыкты көрүп, көзү кыйбай жыттай кетет. Ошондо андагы пияз ага да таасирин тийгизет. Бечара карышкырдын көзүнөн өзүнөн-өзү жаш кетет. Бир жактан берки түлкү да боздоп ыйлап муунун бошотот. Акыры кашабаң да чыдай албай улуп-уңшуп ыйлап кирет.

Булардын боздоп ыйлаган үнү токойдун бир далай жерине чейин угулат. Ал тургай жаңы эле уйкусунан туруп, үңкүрүнөн оонап чыккан аюуга да жетет. Мындай шумдукту өмүрү укпаган бечера апсагай кызыгуусун баса албай акырын басып экөөнү аңдып келет. Улам жылып, улам токтоп отуруп жакын келип караса карышкыр менен түлкү жанаша жатып алып боздоп ыйлап атыптыр. Айлананы караса эч кандай деле шектүү нерсе көрүнбөйт. Ого бетер бүйрү кызыган аюу күлтүңдөй басып жакындап келип суроо салат:

— Эй, экөөңө эмне болду? Эмне мынча сыздап атасыңар? – дейт ал.

Жанатан бери ыйлай берип көзү тоодой шишип, өпкөсү көнөктөй көөп чыккан түлкү жооп бере албай өксүп ыйлайт. Карышкыр болсо араңдан зорго өзүн токтотуп иштин жайын түшүндүрөт.

— Мобу түлкү тууганымдын чоктой жанган көзү бар, оттой кызыл жүнү бар баласын өткөн айда бүркүт илип кетиптир ошону эстеп ыйлап атабыз, — дейт. Аюу дагы бир саам түшүнө албай турат да, карышкырдын кулагына акырын шыбырайт.

— Бүркүт илсе го түлкүнүн бачикисин илиптир. А сага эмне болду?

Кашабаң алгач бул суроого эмне деп жооп беришти билбей ойлонуп калат. Анан бир маалда,

— Ал түлкүнүн баласы болсо менин көздөй көргөн жээним болчу, — деп жооп кайтарат да ого бетер ыйлап кирет. Аюу түшүндүм дегенсип экөөнө боору ооруп туруп калат. Бир маалда баягы пияз салынган баштык анын да көзүнө илинет. Алкын тыя албаган неме акырын эңкейип баштыкты жыттайт. Андагы майда тууралган пияз жөн турабы, анын да көзүн ачыштырып, мурдун кычыштыра баштайт. Ошентип акырындан аюунун көзүнөн жаш кетип, бырылдап ыйлап кирет. «Деги мага эмне болуп атат?» деп таң калат ал биринчи. Бирок, канчалык өзүн кармайын десе да кармай албайт. Анан «бу түлкүнүн бачкиси түлкүгө бала, карышкырга жээн болсо, анда мага деле тууган эмеспи. Карышкыр бизге бөлө болот деп атам айтып калчу эле. Кап, туугандарыма жаман болгон экен» деп кейип баштайт. Акыры ал да өзүн кармана албай талпайып отуруп алып өкүрүп ыйлайт.

Ошентип үчөө отуруп алып улуп-уңшуп, боздоп-сыздап, өкүрүп-бакырып ыйлайт. Үчөөнүн сыздаган үнү бүтүндөй жаныбарларга угулуп, токойду ичин дүңгүрөтүп жиберет. Кайдан-жайдан пайда болгон ызы-чууну түшүнө албай токой жаныбарлары акырындап чогула баштайт. Бирок улам бири келген сайын баягы баштыктын таасирине кабылып, мурункуларга кошулуп боздоп ыйлаганга өтөт. Ошону менен түшкө жетпей токой жаныбарлары бүт бойдон жыйналып ыйлап туруп калышат.

Айткандай так ушул убакта бечара дыйкан түшкү тамагын издеп таппай калат. Ансыз да жаны тынбай иштеген неме азык салынган баштыгы жок калганын көрүп, эмне кылаарын билбей шалдырап отуруп калат. Жумушун таштап кетип калайын дейт, талаасы күйүп атат. Ордунан туруп жумушун улантайын дейт, кыбыр этээр дарманы жок. Бечера эмне кылаарын билбей нааразы болуп бактын көлөкөсүндө үңкүйүп отуруп уктап кетет. Жанатан бери бир канча чычкан жеп курсагы тойгон апсагай мышык аны карап отуруп боору ачыйт. Анан «кой жанагы сасыган тамак салынган баштыкты алып келейин» дейт да токойдогу жол менен баштыкты карай жөнөйт.

Ал баягы баштыкты түшүрүп салган жерге жакындап келсе баардык жаныбарлар чогулуп алып буркурап боздоп ыйлап аткан экен. Мышык алгач чочулап жакындай албай бир канча убакытка буйдалып туруп калат. Бирок, тигилердин муну менен кымындай да иши жок экнин байкап, акырын жакындап келет. Ошондо да жапайы жаныбарларга даай албай эң четте турган алаң көз койонду акырын тартып суроо берет.

— Тууганым, силерге эмне болду? Эмне мынча чогулуп алып боздоп ыйлап атасыңар? – дейт ал.

Койон көзүнүн жашын тарта албай, мурдунун суусун арта албай бышактап атып араң жооп кайтарат.

— Тиги түлкү туугандын оттой жанган көзү бар, чоктой кызыл жүнү бар баласын өткөн айда бүркүт илип кетиптир, ошого ыйлап атабыз.

— Аа, ошондой дечи. Бирок, түлкүгө го мейли, а булар эмне ыйлап атат?

— Ал түлкүнүн баласы болгону менен карышкырдын бир тууган жээни экен. А карышкыр болсо аюнун бөлөсү болот. Аюу болсо кашкулак менен уруулаш тууган.

— Түшүнүктүү, түшүнүктүү. Карышкырга да, аюуга да, кашкулакка да түшүндүм. Бирок, айтчы, деги сен эмнеге ыйлап атасың?

— Эмнеге ыйлабай койот элем. Кантип ыйлабайм деги? Мен деле барып-барып буларга тууганмын да…

— Ой, кандайча туугансың сен?

— Аюу менен кашкулак уруулаш болсо, кашкулак менен суусар ага ининин балдары. Суусар болсо суурга куда. Суур менен тыйын чычкан кыйышпас дос. Тыйын чычкан эликтин кошунасы. Элик болсо бугунун абасынын баласы. Бугунун жездеси керик. Керик болсо жолборс менен шеринелеш. Жолборстун жакын досу арстан. Арстандын күйөө баласы чөө. Чөөнүн табакташы күсөн. Мен болсо ошол күсөндүн бажасы болом. Анан мен ыйлабаганда ким ыйлайт, — деп ого бетер муңканат. Кептин жайын түшүнгөн мышык чуулдап ыйлап аткан жаныбарларды бир карап таңдайын шыкылдатат.

— Демек бул жерде жалаң туугандар аза күтүп аткан тура. Кой, силерге жолтоо болбой баштыгымды алайын да жолума түшөйүн, — дейт ал.

Ошентип мышык баштыгын көтөрүп алып ышкырган бойдон жолуна түшөт. Баштык кетип андагы пияздын таасири жоголгондон кийин жаныбарлар акырындап эсине келе баштайт. Биринчи эле эсине келген түлкү маңдайында отурган алаң көз койонго сугун артат. Бирок, жанында турган карышкырдан коркуп «аман-соомдо жоголоюн» деп жылт койот. Андан кийин карышкыр эсине келет. Караса тим эле аюнун оң колуна туштап отуруп алган экен. Жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн бечера, шып этип тура качат. Ошентип жанатан бири-бирине тууган болуп, бири-бирин аяп, ыйлап отурган жаныбарлар бир-бирден эсине келип туш-тарапка чилдей тарап жок болушат.

Мышык болсо курсагы ачып үргүлөп отурган дыйканга жетээр жеткиче эң жакын тууганы, бир тууган бөлөсү, бир жагынан таякеси, бир жагынан жээни, бир жагынан досу, бир жагынан табакташы, бир жагынан агасы, бир жагынан кудасы, деги өмүр бою бир чатырдын алдына күн кечирген бипбир тууган агасы ала дөбөткө кылган кылыктарын эстеп эзиле ыйлап, өзүн-өзү башка койгулап отурат. Кап, ошондо анын жанында ала дөбөттүн өзү болгондо экөө «өмүр бою урушпайбыз» деп ант беришип, кучакташып достошуп калышмак болуш керек… Же булар деле тигил токой жаныбарларындай болуп утурумдук гана туугандаша калат беле. Ай ким билет, ким билет? Деги бу айбанаттар менен мас кишилердин кыял-жоругун түк түшүнүп болбойт тура. Бирде карасаң кучакташып ыйлап аткан болот, бирде карасаң жулмалашып мушташып аткан болот. Деги, кылгылыктын баарын жанагы ачуу немелер кылат окшойт, э достор?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE