Пример HTML-страницы

Жашылча- жемиштерди узакка сактоонун 9 ыкмасы

https://kyrgyzcha.site/?p=57442&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Пайдалуу кеңештер: Жашылча- жемиштерди узакка сактоонун 9 ыкмасы

 

 

1. Чийки жашылчаларды ным сүлгүгө ороп койсо, көпкө жаңы бойдон турат.

 

 

2. Бадыраң, помидор, баклажанды муздаткычтын ылдыйкы текчесинде аякка, же терең эмес, капкагы жок кастрюлга салып сактаңыз. Бул жашылчаларды полиэтилен баштыгында сактоого болбойт.

 

 

3. Редисканы нымдуу чүпүрөккө ороп, же полиэтилен баштыгына салып муздаткычка койсо, бир нече күн жаңы бойдон турат. Убак-убагы менен сабагын суулап туруу керек.

 

 

4. Пиязды торчо баштыктарга салып, аба кирип турган жерге илип койсо узакка чирибейт.

 

 

5. Көк пиязды бул ыкма менен эки – үч жума жаңы бойдон сактоо мүмкүн. Тамырын суулап, а сабагын кургак калтыруу керек. Ал үчүн тамырына ным чүпүрөк, андан кийин кагаз менен ороп, полиэтилен баштыгына салып, муздаткычтын ылдыйкы текчесине жайгаштырыңыз.

 

 

6. Ашкөк жана укропту муздак сууга сууланган пергамент кагазына ороп, муздаткычка салып койсо, жашыл бойдон турат.

 

 

7. Салат жалбырагын сактоого аргасыздык жаралса, кастрюлга муздак суу куюп, салат жалбырагын салып коюңуз. Сууну убак-убагы менен алмаштырып туруу керек. Канчалык муздак суу куйсаңыз, жалбырак ошончолук катуу бойдон калат.

 

 

8. Сарымсакты эт майдалагычтан өткөрүп, капкагы бекем жабылган айнек идишке салып, муздаткычка койсо, ал бардык пайдалуу курамын өзгөртүүсүз сактайт.

 

 

9. Клюкваны суусу бар идишке салып, салкын жерде кармаса, узакка жаңы бойдон калат

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE