Пример HTML-страницы

Баш-Булак айыл аймагында таштанды талаага айланган жол жээктери тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айыл аймагында таштанды талаага айланган жол жээктери тазаланды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганд, президенттин ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаев облустук экологиялык, суу чарба жана башка тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Ош облусундагы селден жабыркаган аймактарга барды.

Облус башчысы быйылкы жылы Чоң-Алайда 1, Алай, Кара-Кулжа райондорунда 2, Араван районунда 3, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда төрттөн кем эмес таштанды таштоочу жайларды ачуу милдети коюлганын айтты. Анын алкагында Баш-Булак айыл аймагындагы таштандыга толгон жол жээктери толугу менен тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE