Пример HTML-страницы

УУЛАНГАН ЖҮРӨК

https://kyrgyzcha.site/?p=55626&preview=true Кызыктуу окуялар.

УУЛАНГАН ЖҮРӨК

============

Бир кыз турмушка чыгып айылда жалгыз жашаган кайненеси менен биргеликте туруп калышат. Турмушка чыкканына бир жума боло элек жатып келини кайненеси менен бир түндүктүн алдында жашоо мүмкүн эместигин түшүнөт. Анткени экөөнүн мүнөздөрү бири-бирине терс келип, келин кандай иш аткарса да энесинин көңүлүнө толбой: бул нерсе туура эмес, тигини тетири жасаптырсың деп эптеп шылтоо таап кагып-силке берет. Келин күйөөсүн өтө жакшы көргөндүктөн кайненесинин «бөйрөктөн шыйрак чыгарган» кыялына чыдап жүрө берет. Арадан төрт ай убакыт өткөндөн кийин кайненесинин заар тили менен жемесинен тажаган келини айласы кетип, ошол чөлкөмдө дары чөптөрү менен атагы таш жарган табып аялга барат. Апакай кийинип олтурган табыптын бет маңдайына келген келиндин көздөрүнөн жаш тамчылап:

 

— Касиетиңден айланайын эжекебай! Мени бир балээден куткарыңыз. Мен үчүн жашоо токтоду. Кайненем кактабай канымды соруп өлтүрмөк болду. Болду мен чыдай албаймын! Кайненемдин жанын тынчытайын деп чечтим. Ал мастанды билгизбей өлтүрө турган дары бериңизчи, — деп буркурап ыйлайт.

 

Келинди жалооруп караган табып аял жанындагы текчеде турган кичинекей айнек кутудагы көк дарыны колуна алып, бечара болуп олтурган келиндин башынан сылап:

— Кызым… Баары Кудайдан… Бирок мен сенин арманыңды жеңилдетким келди. Сен жапжаш кыз экенсиң. Кайненең болсо өмүрдүн ширин сууларын эчак эле татып койгон экен. Сен жашашың керек. Жалаң уулуу чөптөрдөн жасалган бул дарыны кайненеңдин тамагына күн сайын эки ирет кошуп тур. Бирок дарыны аз-аздан кошушуң керек. Анан кайненеңдин өлүмүнө сенин тийешең бар экенинен эч ким күмөн санабоосу үчүн энеңе 3 ай бою абдан жакшы карагын. Анын айткандарын каяша кылбай аткарып, тилин угуп, жакшы көргөн тамактарын жасап берип, үстү-башына көңүлүңдү буруп карагын. Анан толук 3 ай өткөндөн кийин бул уу таасирин берип кайненең келбес жайга ээк кагып кете берет, — деп батасын берип узатат.

 

Ал күнү келин үйүнө маңдайы жарыла сүйүнүп кубанычтуу келет. Ошол күндөн тартып кайненеси жакшы көргөн тамактарын буркурата жасап уудан тамчылатып кошуп бере баштайт. Кайненесин көрсө кабагын түйүп олтурган мүнөзүн жадыраган күлкүгө айлантып, табып айткандай анын тилинен чыкпай, бардык иштерди майын чыгара жасап, кайненесине өз энесинен артык кам көрүп баштайт. Капталында ажал тооруп турганы менен иши жок кайненеси келининин бир заматта өзгөргөнүнө жетине албай, урушканга да шылтоо таппай келинди өз кызынан артык көрүп мээримин төгө баштайт. Келини да энесинин минтип жакшы жагына өзгөрүп кетерин күтпөгөндүктөн өзүнүн тамакка уу салып берип жүргөн кылыгына катуу өкүнөт. Күндөн-күнгө жылдыздары келишип, өз энесиндей эркелетип кеп-кеңешин айтып олтурган кайненеси аз күндө уу дарынын айынан каза болорун ойлоп эси чыгып коркот… Акыры катуу беймаза болуп жаны жай таппаган келин кайра боздоп ыйлап табыпка келет да:

— Касиетиңизден айланайын эжеке! Мен баарын түшүндүм! Акмак болуптурмун. Кайненемдин өлүмүн каалабаймын! Курган башым жаңылыштык кетириптирмин. Мүмкүн болсо энекемди сактап калыңызчы. Сиз берген уу дарынын таасирин жогото турган дары бериңизчи, — деп жалбарат. Келиндин жоругуна ыраазы болуп жылмайган табып:

— Кызым… Турагой, айланайын. Мындан эки ай мурда сага берген дары уу эмес болчу. Ал жөн гана тамакты жакшы сиңдире турган татымал болчу. Чыныгы уу дарыда эмес, сенин жүрөгүңдө болчу. Көрдүңбү сен энеңе жакшы карап баштаганда, ал дагы сени жакшы көрө баштады. Эгер сен адамдарга жакшы көрүнөм десең, анда сен өзүң биринчи ошол адамдарды жакшы көрүүң керек экендигин эч качан унутпагын. Эми баары жакшы болот. Анткени жүрөгүңдөгү уу тазаланыптыр, — деген экен.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Кимдир бирөөгө гүл сунган кишинин колунда милдеттүү түрдө гүлдүн жыпар жыты калат. Ар бир келин эртең эле кайнене болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE