Пример HTML-страницы

Табышбек Сарбагышев 11 гектар жерди балык чарба кылып иштеткени жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Көпүрө-Базар айылынын 31 жаштагы тургуну Табышбек Сарбагышев балык чарбасын иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча юрист жана тарыхчы мугалим.

«2015-жылдан баштап пластик айнек чыгаруу, алып сатуу сыяктуу ар кандай кичи бизнестер менен алектене баштагам. Андан тышкары дыйкан чарба жана мал чарба менен алектенип келем. 2021-жылы жаз айынан баштап, балык багуу боюнча иш баштаганбыз. Биринчиден балык багууда суу, жер, климат эң негизги ролду ойнойт. Көпүрө-Базар айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кара-Суу деген айылдын башынан баштап аккан суу бар. Ошол сууну лабораториялардан өткөрүп, атайын текшертип, бакса болот же болбойт деген маалымат алдык. Аягында август айында «балык багууга жарайт» деген маалыматты алган соң айыл өкмөтүбүз менен сүйлөшүп, бош жерди тандап, 2021-жылдын ноябрь айында казуу иштери башталып, эң биринчиден текшерүү үчүн 5 бассейн каздырып, декабрь айында 50 миң даана «радужный» форель таштаганбыз.

Талас облусу боюнча айтып кете турган болсок акыркы 4-5 жылдан бери балыкчылардын саны көбөйүп келе жатат. Азыр балыкчылар кимде кандай маселе болуп жатат, кимде кандай жетишкендиктер болуп жатат деп байма-бай байланышып турабыз. Чогулуштар өтүп турат. Балык багууда материалдык жактан чоң маселе жараткан — бул балыктын жеми болду. 1 кг 160 сомдон жогору. Биз Италиянын жемин алабыз. 2021-жылы Италияга барып, компания менен келишим түзүп, түздөн түз алабыз. Жогорку сапаттагы жем берип бакса балык дагы жакшы чоңоюп, даамдуу болот. Ал эми арзан жем берсе, ал балык чоңойгону кеч болот. Балыктын эң биринчи душманы — бул норка. Андан балыктарды сактоо үчүн атайын ит багабыз. Капкан жасап коебуз. Анан ит-куш бар. Аны атууга болбойт. Кызыл китептеги куштарды үркүтүп кетиребиз.

2024-жылы бизге 11 гектар жер бөлүп берди. Оол жерлердин баарына бассейн салып, балыктын санын көбөйтөбүз деп турабыз», — деди ал.

Табышбек Сарбагышев жубайы Бакыт кызы Ширин экөө 1 уулду чоңойтуп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE