Пример HTML-страницы

Баткендеги чек арада кыргыз-тажик делегациялары жолугушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 6-майда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылы менен Тажикстандын Исфара районунун Ляккон айылы чектешкен аймакта Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.

Маалым болгондой, ага эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тийешелүү жетекчилер катышты. Анда чек ара, укуктук тартип, макулдашылбаган аймактарда курулуш иштерин жүргүзбөө, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, суу, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү. Жолугушуу 2 саатка жакын убакытка созулуп, бир топ маселелер талкууланды. Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук-саясий абал тынч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE